ГАВАНА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГАВА́НА ''' (La Hаbаnа) – Куба Респ-нын борбор шаары; өлкөнүн экон., ил. ж-а маданий борбору. Өз алдынча адм. бирдикти – провинцияны түзөт. Куба а-нын түн.-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 2,1 млн (2017). Шаар аркылуу Альмендарес, Луяно ж-а Кохимар д. агып өтөт. Өлкөнүн башкы порту (океан кемелери кире алат; контейнер терминалы). Хосе Марти эл аралык аэропорту бар. Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Металлургия комбинаты, машина куруу (КамАЗ, темир жолу үчүн техникаларды), вагон ж-а кеме ремонттоо, нефть ажыратуу, хим., фармацевтика, тамак-аш–татымал (ром), текстиль, булгаары-бут кийим, полигр. өнөр жай ишканалары иштейт. Бал камыш ж-а цитрус өсүмдүктөрү иштетилет. Ун-т, ил.-из. ин-ттары (а. и. тропика медицинасы, гигиена, эпидемиология ж-а микробиология, кибернетика ж. б.), ИА, дүйнөлүк экономиканы, демографияны ж-а деӊизди изилдөө борборлору бар. 1515-ж. аралдын түш. жээгинде негизделип, 1519-ж. азыркы ордуна көчүрүлгөн. 16-к-дын
'''ГАВА&#769;НА ''' (La Hаbаnа) – Куба Республикасынын борбор шаары; өлкөнүн экономикалык, илимий жана маданий борбору. Өз алдынча административдик бирдикти – провинцияны түзөт. Куба аралынын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 2,4 млн (2022). Шаар аркылуу Альмендарес, Луяно жана Кохимар дарыялары агып өтөт. Өлкөнүн башкы порту (океан кемелери кире алат; контейнер терминалы). Хосе Марти эл аралык аэропорту бар. Темир жана автомобиль жолдор тоому. Металлургия комбинаты, машина куруу (КамАЗ, темир жолу үчүн техникаларды), вагон жана кеме ремонттоо, нефть ажыратуу, химия, фармацевтика, тамак-аш–татымал (ром), текстиль, булгаары-бут кийим, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Бал камыш жана цитрус өсүмдүктөрү иштетилет. Университет, илимий-изилдөө институттары (анын ичинен тропика медицинасы, гигиена, эпидемиология жана микробиология, кибернетика ж. б.), илимдер академиясы, дүйнөлүк экономиканы, демографияны жана деӊизди изилдөө борборлору бар. 1515-жылы аралдын түштүк жээгинде негизделип, 1519-жылы азыркы ордуна көчүрүлгөн. 16-кылымдын <br/>
<br/>
[[File:ГАВАНА11.png | thumb | Шаардын борбордук бөлүгү.]]
[[File:ГАВАНА11.png | thumb | Шаардын борбордук бөлүгү.]]
аягынан Куба а-ндагы Испания ээлигинин адм. борбору. 1762–63-ж. Улуу Британия тарабынан, 1898-ж. Испания – Америка согушунда АКШ тарабынан басып алынган. 1902-жылдан Куба Респ-нын борбору. Г. – индей-сибондордун тилинде «чоӊ жаа» дегенди түшүндүрөт. Батыш жарым шардагы эӊ кооз шаарлардын бири. Шаардын тарыхый борб. бөлүгү ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. Улуттук музей, Э. Хемингуэйдин үй-музейи, театрлар, чиркөөлөр, монастырлар, 16–18-к-дын арх-ралык курулуштары, а. и. кафедралуу аянт собору м-н (18-к.) сакталган. Эл аралык кино (1979-жылдан жыл сайын), балет (1960), жаз музыка фестивалдары, карнавалдар (жыл сайын январда) өткөрүлүп турат. Ботан. бак, улуттук зоология багы, Экспо-Куба көргөзмө комплекси уюштурулган. 2002-ж. Куба спортунун 1-олимпиадасы өткөрүлгөн. Туризм өнүккөн (75ке жакын мейманкана бар). ЖЭС иштейт.
аягынан Куба аралындагы Испания ээлигинин административдик борбору. 1762–63-жылдары Улуу Британия тарабынан, 1898-жылы Испания – Америка согушунда АКШ тарабынан басып алынган. 1902-жылдан Куба Республикасынын борбору. Гавана – индей-сибондордун тилинде «чоӊ жаа» дегенди түшүндүрөт. Батыш жарым шардагы эӊ кооз шаарлардын бири. Шаардын тарыхый борбордук бөлүгү ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. Улуттук музей, Э. Хемингуэйдин үй-музейи, театрлар, чиркөөлөр, монастырлар, 16–18-кылымдардын архитектуралык курулуштары, анын ичинде кафедралуу аянт собору менен (18-кылым) сакталган. Эл аралык кино (1979-жылдан жыл сайын), балет (1960), жаз музыка фестивалдары, карнавалдар (жыл сайын январда) өткөрүлүп турат. Ботаникалык бак, улуттук зоология багы, Экспо-Куба көргөзмө комплекси уюштурулган. 2002-жылы Куба спортунун 1-олимпиадасы өткөрүлгөн. Туризм өнүккөн (75ке жакын мейманкана бар). ЖЭС иштейт.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:34, 28 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ГАВА́НА (La Hаbаnа) – Куба Республикасынын борбор шаары; өлкөнүн экономикалык, илимий жана маданий борбору. Өз алдынча административдик бирдикти – провинцияны түзөт. Куба аралынын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 2,4 млн (2022). Шаар аркылуу Альмендарес, Луяно жана Кохимар дарыялары агып өтөт. Өлкөнүн башкы порту (океан кемелери кире алат; контейнер терминалы). Хосе Марти эл аралык аэропорту бар. Темир жана автомобиль жолдор тоому. Металлургия комбинаты, машина куруу (КамАЗ, темир жолу үчүн техникаларды), вагон жана кеме ремонттоо, нефть ажыратуу, химия, фармацевтика, тамак-аш–татымал (ром), текстиль, булгаары-бут кийим, полиграфия өнөр жай ишканалары иштейт. Бал камыш жана цитрус өсүмдүктөрү иштетилет. Университет, илимий-изилдөө институттары (анын ичинен тропика медицинасы, гигиена, эпидемиология жана микробиология, кибернетика ж. б.), илимдер академиясы, дүйнөлүк экономиканы, демографияны жана деӊизди изилдөө борборлору бар. 1515-жылы аралдын түштүк жээгинде негизделип, 1519-жылы азыркы ордуна көчүрүлгөн. 16-кылымдын

Шаардын борбордук бөлүгү.

аягынан Куба аралындагы Испания ээлигинин административдик борбору. 1762–63-жылдары Улуу Британия тарабынан, 1898-жылы Испания – Америка согушунда АКШ тарабынан басып алынган. 1902-жылдан Куба Республикасынын борбору. Гавана – индей-сибондордун тилинде «чоӊ жаа» дегенди түшүндүрөт. Батыш жарым шардагы эӊ кооз шаарлардын бири. Шаардын тарыхый борбордук бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Улуттук музей, Э. Хемингуэйдин үй-музейи, театрлар, чиркөөлөр, монастырлар, 16–18-кылымдардын архитектуралык курулуштары, анын ичинде кафедралуу аянт собору менен (18-кылым) сакталган. Эл аралык кино (1979-жылдан жыл сайын), балет (1960), жаз музыка фестивалдары, карнавалдар (жыл сайын январда) өткөрүлүп турат. Ботаникалык бак, улуттук зоология багы, Экспо-Куба көргөзмө комплекси уюштурулган. 2002-жылы Куба спортунун 1-олимпиадасы өткөрүлгөн. Туризм өнүккөн (75ке жакын мейманкана бар). ЖЭС иштейт.