«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
мNo edit summary
мNo edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ»</b> – кыргыз лексикасындагы сөздөрдүн маа&shy;нилерин ачып, аларды чечмелеп түшүндүргөн лексикогр. эмгек. 1969-жылы Ж. <i>Шүкүровдун</i> же&shy;текчилиги астында бир том болуп жарык көргөн. Орточо эсеп менен 25 миң сөз жана сөз ай&shy;каштары камтылган. Кийин 1984-жылы сөздүктүн
<b type='title'>«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ»</b> – кыргыз лексикасындагы сөздөрдүн маа&shy;нилерин ачып, аларды чечмелеп түшүндүргөн лексикографиялык эмгек. 1969-жылы Ж. <i>Шүкүровдун</i> же&shy;текчилиги астында бир том болуп жарык көргөн. Орточо эсеп менен 25 миң сөз жана сөз ай&shy;каштары камтылган. Кийин 1984-жылы сөздүктүн
1-тому
1-тому
(<b>А</b>дан – <b>күрө</b>гө чейин) чыгып, 2-тому ар
(<b>А</b>дан – <b>күрө</b>гө чейин) чыгып, 2-тому ар

03:35, 20 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ» – кыргыз лексикасындагы сөздөрдүн маа­нилерин ачып, аларды чечмелеп түшүндүргөн лексикографиялык эмгек. 1969-жылы Ж. Шүкүровдун же­текчилиги астында бир том болуп жарык көргөн. Орточо эсеп менен 25 миң сөз жана сөз ай­каштары камтылган. Кийин 1984-жылы сөздүктүн 1-тому (Адан – күрөгө чейин) чыгып, 2-тому ар кандай себептер менен чыкпай калган. Редактор­лору: Э. Абдулдаев жана Д. Исаев болгон. Сөздүккө негизинен кыргыз адабий тилинин ошол кезде активдүү колдонулган лексикасы кирген. Эскир­ген сөздөр менен диалектилик, кесиптик лексика­нын фактылары бар. Сөздөр алфавит тартиби боюнча жайгаштырылып, кайсы сөз түркүмүнө кирээри грамматикалык белгилер аркылуу көрсөтүлүп, ал сөздөрдүн лексикалык маанилери чечмеле­нип түшүндүрүлүп, тиешелүү мисалдар берилген. Сөздүн өтмө маанилерин, архаизмдер менен исто­ризмдерди, диалектилик лексика фактыларын стилистикалык жактан ажыратууда атайын белгилер колдонулган. 2010-жылы бир том (Адан –Яга чейин), 2011-жылы академик А. Акматалиев­дин жалпы редакциясы астында кайрадан «Кыр­гыз тилинин сөздүгү» деген ат менен 2 томдугу жаңыланып басылып чыккан. Сөздүктө 50 миң­ден ашык сөз жана сөз айкаштары камтылган.