«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ОРФОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮГҮ»: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
мNo edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ОРФОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮГҮ» – </b>азыркы кыргыз тилиндеги сөздөр­дү бирдиктүү кабыл алынган нормада туура жазуу үчүн иштелип чыккан | <b type='title'>«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ОРФОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮГҮ» – </b>азыркы кыргыз тилиндеги сөздөр­дү бирдиктүү кабыл алынган нормада туура жазуу үчүн иштелип чыккан жана кыргыз лек­сикасындагы сөздөрдү камтыган сөздүк. «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү» коллективдүү эмгек катары 1-жолу ла­тын тамгасында (5 миң сөздөн турган) 1938-жылы басылып чыккан. 1942-жылы орус графикасына өт­көндүгүнө байланыштуу 7 миң сөздү камтыган 2-басылышы жарык көргөн (түзүүчү М. И. Бог­данова). 1956-жылы Х. Карасаев, Ю. Яншансин тарабынан кайрадан иштелип чыккан жана ал сөздүктөгү сөздөрдүн саны 11 миңге жеткен. 1966-жылы Х. Карасаев 60 миң сөздү камтыган орфографиялык сөздүктү түзүүнү ишке ашырган жана 1983-жылы ал кайрадан (С. Давлетов, Р. Бекжанова­нын редакциясында) басылган.<br> | ||
Кыргыз тилинин жазуу эрежелериндеги та­лаш-тартыш маселелерине байланыштуу анын жаңы редакциясы КРдин Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы 567-токтому | Кыргыз тилинин жазуу эрежелериндеги та­лаш-тартыш маселелерине байланыштуу анын жаңы редакциясы КРдин Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы 567-токтому менен атайы бекитилген. Мына ушул эреженин неги­зинде Х. Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгүн» (1983) негиз кылып алуу менген 80 миң сөздү кам­тыган «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздү­гү» Н. Абдесов, Д. Андашев, А. Биялиев, С. Иб­раимов, А. Ибраимов, Т. Мамбетжунушов, Ж. Ма­мытов, Т. Маразыков тарабынан азыркы кыр­гыз тилинин лексикасы мүмкүн болушунча то­лук эске алынуу менген толукталып, кошумчала­нып, 2009-жылы кайрадан Х. Карасаевдин автор­лугунда басылып чыкты. Мурда кирбей калган сөздөр, сөз формалары, адабий тилибиздин лек­сикасын байытууга өбөлгө түзө алат деген диа­лектилик сөздөр менен диалектизмдер, жалпы элдик тилдин негизинде адабий тилдин лекси­касына кабыл алынган туруктуу сөз айкашта­ры – фразеологизмдер (эркин сөз айкаштары­нан башкасы), азыркы учурда илим-билим, тех­ника, экономика, искусство, маданият тармактары боюнча кеңири тараган жана түрдүү кесипчиликте колдонулган терминдер камтылды. Негизги «ал­фавит, графика, орфография» деген түшүнүктөр­гө басым коюлуу менен, негизинен дүйнөлүк ор­фографияда орун алган 4 принцип (фонетикалык, мор­фологиялык, салттык, дифференциация) сакталды. Ошондой эле КРдин саясий-админстративдик бөлүнүшү, Кыргыз Өк­мөтүнүн структурасына кирген мекемелердин аталыштары, дүйнөдөгү мамлекеттердин жана ээликтердин, алардын борбор шаарларынын, акча бирдиктеринин аталыштары менген толук­талды. | ||
<p align='right'><i type='author'>Д. Андашев.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Д. Андашев.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 737-822 бб]] | [[Категория:4-том, 737-822 бб]] | ||
08:49, 13 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ОРФОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮГҮ» – азыркы кыргыз тилиндеги сөздөрдү бирдиктүү кабыл алынган нормада туура жазуу үчүн иштелип чыккан жана кыргыз лексикасындагы сөздөрдү камтыган сөздүк. «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү» коллективдүү эмгек катары 1-жолу латын тамгасында (5 миң сөздөн турган) 1938-жылы басылып чыккан. 1942-жылы орус графикасына өткөндүгүнө байланыштуу 7 миң сөздү камтыган 2-басылышы жарык көргөн (түзүүчү М. И. Богданова). 1956-жылы Х. Карасаев, Ю. Яншансин тарабынан кайрадан иштелип чыккан жана ал сөздүктөгү сөздөрдүн саны 11 миңге жеткен. 1966-жылы Х. Карасаев 60 миң сөздү камтыган орфографиялык сөздүктү түзүүнү ишке ашырган жана 1983-жылы ал кайрадан (С. Давлетов, Р. Бекжанованын редакциясында) басылган.
Кыргыз тилинин жазуу эрежелериндеги талаш-тартыш маселелерине байланыштуу анын жаңы редакциясы КРдин Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы 567-токтому менен атайы бекитилген. Мына ушул эреженин негизинде Х. Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгүн» (1983) негиз кылып алуу менген 80 миң сөздү камтыган «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү» Н. Абдесов, Д. Андашев, А. Биялиев, С. Ибраимов, А. Ибраимов, Т. Мамбетжунушов, Ж. Мамытов, Т. Маразыков тарабынан азыркы кыргыз тилинин лексикасы мүмкүн болушунча толук эске алынуу менген толукталып, кошумчаланып, 2009-жылы кайрадан Х. Карасаевдин авторлугунда басылып чыкты. Мурда кирбей калган сөздөр, сөз формалары, адабий тилибиздин лексикасын байытууга өбөлгө түзө алат деген диалектилик сөздөр менен диалектизмдер, жалпы элдик тилдин негизинде адабий тилдин лексикасына кабыл алынган туруктуу сөз айкаштары – фразеологизмдер (эркин сөз айкаштарынан башкасы), азыркы учурда илим-билим, техника, экономика, искусство, маданият тармактары боюнча кеңири тараган жана түрдүү кесипчиликте колдонулган терминдер камтылды. Негизги «алфавит, графика, орфография» деген түшүнүктөргө басым коюлуу менен, негизинен дүйнөлүк орфографияда орун алган 4 принцип (фонетикалык, морфологиялык, салттык, дифференциация) сакталды. Ошондой эле КРдин саясий-админстративдик бөлүнүшү, Кыргыз Өкмөтүнүн структурасына кирген мекемелердин аталыштары, дүйнөдөгү мамлекеттердин жана ээликтердин, алардын борбор шаарларынын, акча бирдиктеринин аталыштары менген толукталды.
Д. Андашев.