КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ</b> М. К ү р ө ң к ө е в а т н. – | <b type='title'>КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ</b> М. К ү р ө ң к ө е в а т ы н д а. – республикадагы орто билим берүүчү музыкалык окуу жайы. 1939-жыл­дын 23-октябрында Кыргыз ССР эл агартуу ко­миссариатынын музыкалык-хореографиялык окуу жайын ачуу жөнүндө токтому менен уюшулган. 1945-жылы <i>Муратаа­лы</i> Күрөңкөевдин ысмы берилген. Алгач ачыл­ган вокал, оркестр, фортепьяно бөлүмдөрүндө окуу 1940-жылы 5-февралында башталып, 26 бала кабыл алынып, окуу жайынын алдында жети жылдык музыкалык мектеп ачылган. 1940-жылдын 1-сентябрынан тартып окуу жайы толук кан­дуу иштей баштаган. Ага негизинен балдар музыкалык мектептерин бүтүргөндөр жана музыкага жөн­дөмдүү, жалпыга милдеттүү сегиз жылдык би­лим алгандар, вокалдык бөлүмүнө орто мектеп­ти бүтүргөндөр кабыл алынган. 1943-жылы кыр­гыз эл аспаптары, хореография бөлүмдөрү ачыл­ган. Окуу жайда 9 бөлүм бар: фортепьяно, му­зыка теориясы, оркестрдик (үйлөмө, урма, кыл­дуу аспаптар), вокалдык, хор дирижёру, эстра­далык, кыргыз эл аспаптары, орус эл аспап­тары. Хореография бөлүмү 1980-жылы атайын окуу жа­йы катары өзүнчө бөлүнгөн). Окуу жайдын күн­дүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү бар. Муратаа­лы Күрөңкөев атындагы стипендия белгиленген. Ди­ректорлору: Ф. Поляков, А. Малдыбаев, А. Ко­ханов, Г. Коган, И. Рябов, А. Керимбаев, А. Аса­кеев, Ж. Момункулов, 1986-жылдан Т. Мурата­лиев иштеген. | ||
орто билим берүүчү | |||
[[Категория:4-том, 737-822 бб]] | [[Категория:4-том, 737-822 бб]] | ||
11:30, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ М. К ү р ө ң к ө е в а т ы н д а. – республикадагы орто билим берүүчү музыкалык окуу жайы. 1939-жылдын 23-октябрында Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатынын музыкалык-хореографиялык окуу жайын ачуу жөнүндө токтому менен уюшулган. 1945-жылы Муратаалы Күрөңкөевдин ысмы берилген. Алгач ачылган вокал, оркестр, фортепьяно бөлүмдөрүндө окуу 1940-жылы 5-февралында башталып, 26 бала кабыл алынып, окуу жайынын алдында жети жылдык музыкалык мектеп ачылган. 1940-жылдын 1-сентябрынан тартып окуу жайы толук кандуу иштей баштаган. Ага негизинен балдар музыкалык мектептерин бүтүргөндөр жана музыкага жөндөмдүү, жалпыга милдеттүү сегиз жылдык билим алгандар, вокалдык бөлүмүнө орто мектепти бүтүргөндөр кабыл алынган. 1943-жылы кыргыз эл аспаптары, хореография бөлүмдөрү ачылган. Окуу жайда 9 бөлүм бар: фортепьяно, музыка теориясы, оркестрдик (үйлөмө, урма, кылдуу аспаптар), вокалдык, хор дирижёру, эстрадалык, кыргыз эл аспаптары, орус эл аспаптары. Хореография бөлүмү 1980-жылы атайын окуу жайы катары өзүнчө бөлүнгөн). Окуу жайдын күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү бар. Муратаалы Күрөңкөев атындагы стипендия белгиленген. Директорлору: Ф. Поляков, А. Малдыбаев, А. Коханов, Г. Коган, И. Рябов, А. Керимбаев, А. Асакеев, Ж. Момункулов, 1986-жылдан Т. Мураталиев иштеген.