КЫРГЫЗ УЛУТТУК КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУCCТВО МУЗЕЙИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫРГЫЗ УЛУТТУК КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУCCТВО МУЗЕЙИ</b> Г. А й т и е в а т н. – сүрөт | <b type='title'>КЫРГЫЗ УЛУТТУК КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУCCТВО МУЗЕЙИ</b> Г. А й т и е в а т ы н д а. – сүрөт искусствосунун мыкты үлгүлөрү топтолуучу мада­ний мекеме. Көркөм сүрөт искусствосунун чыгар­маларын илимий изилдөө, пропагандалоо иштерин да жүргүзөт. 1935-жылы Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик картина галереясы катары ачылып, ага Моск­вадагы Третьяков галереясынан, Россия Советтик Социалисттик Федерация Республикалар Союзу (РСФСР) музей фондунан орус классиктеринин 72 түп нускада чыгармалары алынып келинген. Музейди | ||
картина галереясы катары | |||
фондунан орус классиктеринин 72 түп нускада | |||
чыгармалары алынып келинген. Музейди | |||
[[File:КЫРГЫЗ УЛУТТУК КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУCCТВО МУЗЕЙИ37.png | thumb | none]] | [[File:КЫРГЫЗ УЛУТТУК КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУCCТВО МУЗЕЙИ37.png | thumb | none]] | ||
уюштурууда C. Чуйковдун эмгеги зор. Музей көрүүчү­лөрдү биринчи жолу Эмен багындагы (азыркы Ч. Айтматов атындагы парк) кайрадан калыбына келтирилген има­ратта кабыл алган. Азыркы имараты 1974-жылы курулган (архитектура Д. Ырыскулов, В. Назаров жана Ш. Жекшенбаев, инженер А. Юсупов, Кыргыз CCРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык, 1976). Му­зейдин живопись, графика, айкел сактоо­чу, жасалга-колдонмо өнөр бөлүмдөрү, кайрадан калыбына келтирилген өнөрканасы, китепкана, фотолаборато­рия, кинолекторий, методика кабинеттери, экс­позиция залдары, айкел аянты бар. Му­зей коллекциясынын негизин C. Чуйков, Г. Ай­тиев, C. Акылбеков, В. Образцов, А. Игнатьев, О. Мануйлова, Л. Ильина, А. Михалёв, Т. Cа­дыков, Ж. Үмөтов, C. Ишенов жана башка кыргыз сү­рөтчүлөрүнүн чыгармалары түзөт. Экспонатта­ры жаңы табылгалар менен үзбөй толукталып турат. Директорлору: А. И. Игнатьев, К. Усуба­лиева, М. Юсупова, 1997-жылдан Ю. Шыгаев. | |||
Ч. Айтматов | |||
курулган ( | |||
Ш. | |||
CCРинин Токтогул | |||
[[Категория:4-том, 737-822 бб]] | [[Категория:4-том, 737-822 бб]] | ||
11:05, 16 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫРГЫЗ УЛУТТУК КӨРКӨМ CҮРӨТ ИСКУCCТВО МУЗЕЙИ Г. А й т и е в а т ы н д а. – сүрөт искусствосунун мыкты үлгүлөрү топтолуучу маданий мекеме. Көркөм сүрөт искусствосунун чыгармаларын илимий изилдөө, пропагандалоо иштерин да жүргүзөт. 1935-жылы Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик картина галереясы катары ачылып, ага Москвадагы Третьяков галереясынан, Россия Советтик Социалисттик Федерация Республикалар Союзу (РСФСР) музей фондунан орус классиктеринин 72 түп нускада чыгармалары алынып келинген. Музейди

уюштурууда C. Чуйковдун эмгеги зор. Музей көрүүчүлөрдү биринчи жолу Эмен багындагы (азыркы Ч. Айтматов атындагы парк) кайрадан калыбына келтирилген имаратта кабыл алган. Азыркы имараты 1974-жылы курулган (архитектура Д. Ырыскулов, В. Назаров жана Ш. Жекшенбаев, инженер А. Юсупов, Кыргыз CCРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык, 1976). Музейдин живопись, графика, айкел сактоочу, жасалга-колдонмо өнөр бөлүмдөрү, кайрадан калыбына келтирилген өнөрканасы, китепкана, фотолаборатория, кинолекторий, методика кабинеттери, экспозиция залдары, айкел аянты бар. Музей коллекциясынын негизин C. Чуйков, Г. Айтиев, C. Акылбеков, В. Образцов, А. Игнатьев, О. Мануйлова, Л. Ильина, А. Михалёв, Т. Cадыков, Ж. Үмөтов, C. Ишенов жана башка кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары түзөт. Экспонаттары жаңы табылгалар менен үзбөй толукталып турат. Директорлору: А. И. Игнатьев, К. Усубалиева, М. Юсупова, 1997-жылдан Ю. Шыгаев.