КӨК ТАШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨК ТАШ – жез сульфатынын кристаллгидра­ты, СuSО .5Н О, ачык көк түстүү кристалл. Суу­да жакшы эрийт. Тыгыздыгы 2,29 г/см3, 105°Сден жогору темп-рада суусун бир аз жого­туп, СuSО .3Н Ого (көгүш) өтөт. 258°Сде толук кургагандан кийин ак түстөгү кристаллга айла­нат. Табиятта халькантит минералы түрүндө кез­дешет. Өнөр жайда К. т. абаны үйлөтүү м-н жезди суюлтулган ысык күкүрт к-тасында эритүүдөн алынат. К. т. жездин маанилүү тех. тузу. Чирүү­дөн сактоо максатында К. т. эритмеси жыгачтар­га сиңирилет; боёк алууда, өсүмдүк илдеттери­не ж-а зыянкечтерине каршы үрөн дарылоодо, медицинада, тери ийлөөдө ж. б-да колдонулат.