КӨК-ДӨБӨ 1: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨК-ДӨБӨ – Талас обл-нун Манас районундагы кыштак. Кыргызстан айыл округуна караштуу. Кызыл-Адыр тоосунун этегинде, деңиз деңг. 700 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Покровка кыш-нан 20 км батыш тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен (Казакстан) 30 км. Кыштак 1939-ж. негизделген. Калкы 1001 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, медпункт бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.