КӨК-ДӨБӨ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-ДӨБӨ – Талас обл-нун Манас районундагы кыштак. Кыргызстан айыл округуна караштуу. Кызыл-Адыр тоосунун этегинде, деңиз деңг. 700 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Покровка кыш-нан 20 км батыш тарапта. Жам­был т. ж. бекетинен (Казакстан) 30 км. Кыш­так 1939-ж. негизделген. Калкы 1001 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, медпункт бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор­го эстелик тургузулган.