КӨЙНӨК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КӨЙНӨК</b> – күрмө, кемсел сыяктуу сырт ки&shy;йимдердин ичинен кийилүүчү жалаңкат кийим. К. байыркы замандарда адам денесин ысык&shy;сууктан коргоо максатында пайда болуп, бара&shy;бара гигиеналык ж-а эстетикалык мааниге ээ болгон. Адамдын жашы ж-а коомдук дөөлөтү
<b type='title'>КӨЙНӨК</b> – күрмө, кемсел сыяктуу сырт ки&shy;йимдердин ичинен кийилүүчү жалаңкат кийим. Көйнөк байыркы замандарда адам денесин ысык&shy;-сууктан коргоо максатында пайда болуп, бара-&shy;бара гигиеналык жана эстетикалык мааниге ээ болгон. Адамдын жашы жана коомдук дөөлөтү өзгөргөн сайын кийинүү каадасы да жаңыла&shy;нып, жакшырып, татаалдаша баштаган. Илге&shy;ри кыргызда эркектики да, аялдыкы да, бала&shy;ныкы да жалпы жонунан көйнөк деп аталып, көчмөн турмуш шартына ылайык кең тигилген жана көбүнчө жылаңач этке эле кийилген.<span style="letter-spacing:2px;"> Э р к е к </span>көйнөктүн кеңири таралган түрү ачык көйнөк же жегде деп аталган. Ал бөздөн, матадан өңүрү, учасы, жеңи менен кошо кенен бычылып, капталдарына кыйык салынган. Түштүктө жашагандар ачык, түндүктөгүлөр кайырма жакалуу көйнөктөрдү ки&shy;йишкен. Узундугу тизеден төмөнүрөөк келип, жеңи манжаларга жеткен. Жакасы эшилген боолор, топчулар менн бүчүлөнгөн. Көйнөктүн этегин шымга салбастан, жай коюп, белбоо курчаныш&shy;кан. <span style="letter-spacing:2px;"> А я л </span> көйнөк кенен, этеги узун тигилип, кап&shy;талына кыйык салынып, жеңдери ийинге тик бириктирилген. Жакалары эки түрдө бычылган. Эң эски көйнөктөрдүн жакасы ийинден ийинге че&shy;йин узатасынан бычылганы туура жака көйнөк дел&shy;ген. Ал эки ийинден шоона же топчу менен бү&shy;чүлөнгөн. Жаканын бул байыркы түрү балдар&shy;дын кийимдеринде сакталып калган. Көйнөктүн экин&shy;чи түрүнүн жакасы узатасынан жана көкүрөктөн ылдый бычылып, узун жакалуу көйнөк деп аталып, Кыргызстандын бардык аймактарында кеңири тара&shy;ган. Анын көкүрөгүнөн сайма менен өңүр чыга&shy;рышкан. XIX кылымдын аягында көкүрөктөн ылдый бычылган тик жакалуу, топчу менен бүчүлөнгөн, этегине бир же эки кош этек салынган көйнөктүн пайда болушу менен өңүр биротоло жоюлган. Ки&shy;йинчерээк, Кыргызстандын түндүк тарабында көкүрөк жагы менен этек жагы эки бөлөк бычылып, бели, жеңинин учу, этеги (эки-үч ирет) бүйрүлүп ти&shy;гилген көйнөк кийиле баштаган. XX кылымдын башынан ийни кыйгач бычылып, жакасы кайырма, эте&shy;ги кыска, көкүрөгү бүйүрмөлөнүп, жеңи ийнине ашталып тигилген көйнөктөр тарала баштаган. Кыз-&shy;келиндерге кызыл-тазыл, улгайгандарга күңүрт же ак түстүү мүнөздүү болгон. Улгайган аялдар&shy;дын эскиче бычылып тигилген көйнөктөрү айыл&shy;-кыштакта азыр деле кийилет. Азыр көбүнчө дүйнөлүк модага багытталган заманбап форма&shy;дагы көйнөктөрдү кийишет.
өзгөргөн сайын кийинүү каадасы да жаңыла&shy;нып, жакшырып, татаалдаша баштаган. Илге&shy;ри кыргызда эркектики да, аялдыкы да, бала&shy;ныкы да жалпы жонунан К. деп аталып, көчмөн турмуш шартына ылайык кең тигилген ж-а көбүнчө жылаңач этке эле кийилген.<span style="letter-spacing:2px;"> Э р к е к </span>К-түн кеңири таралган түрү ачык К. же жегде деп аталган. Ал бөздөн, матадан өңүрү, учасы, жеңи м-н кошо кенен бычылып, капталдарына кыйык салынган. Түштүктө жашагандар ачык, түндүктөгүлөр кайырма жакалуу К-төрдү ки&shy;йишкен. Узундугу тизеден төмөнүрөөк келип, жеңи манжаларга жеткен. Жакасы эшилген боолор, топчулар м-н бүчүлөнгөн. К-түн этегин шымга салбастан, жай коюп, белбоо курчаныш&shy;кан. <span style="letter-spacing:2px;"> А я л </span> К. кенен, этеги узун тигилип, кап&shy;талына кыйык салынып, жеңдери ийинге тик бириктирилген. Жакалары эки түрдө бычылган. Эң эски К-төрдүн жакасы ийинден ийинге че&shy;йин узатасынан бычылганы туура жака К. дел&shy;ген. Ал эки ийинден шоона же топчу м-н бү&shy;чүлөнгөн. Жаканын бул байыркы түрү балдар&shy;дын кийимдеринде сакталып калган. К-түн экин&shy;чи түрүнүн жакасы узатасынан ж-а көкүрөктөн ылдый бычылып, узун жакалуу К. деп аталып, Кырг-ндын бардык аймактарында кеңири тара&shy;ган. Анын көкүрөгүнөн сайма м-н өңүр чыга&shy;рышкан. 19-к-дын аягында көкүрөктөн ылдый бычылган тик жакалуу, топчу м-н бүчүлөнгөн, этегине бир же эки кош этек салынган К-түн пайда болушу м-н өңүр биротоло жоюлган. Ки&shy;йинчерээк, Кырг-ндын түн. тарабында көкүрөк жагы м-н этек жагы эки бөлөк бычылып, бели, жеңинин учу, этеги (эки-үч ирет) бүйрүлүп ти&shy;гилген К. кийиле баштаган. 20-к-дын башынан ийни кыйгач бычылып, жакасы кайырма, эте&shy;ги кыска, көкүрөгү бүйүрмөлөнүп, жеңи ийнине ашталып тигилген К-төр тарала баштаган. Кыз&shy;келиндерге кызыл-тазыл, улгайгандарга күңүрт же ак түстүү мүнөздүү болгон. Улгайган аялдар&shy;дын эскиче бычылып тигилген К-төрү айыл&shy;кыштакта азыр деле кийилет. Азыр көбүнчө дүйнөлүк модага багытталган заманбап форма&shy;дагы көйнөктөрдү кийишет.
[[Категория:4-том, 497-546 бб]]
[[Категория:4-том, 497-546 бб]]

12:06, 13 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨЙНӨК – күрмө, кемсел сыяктуу сырт ки­йимдердин ичинен кийилүүчү жалаңкат кийим. Көйнөк байыркы замандарда адам денесин ысык­-сууктан коргоо максатында пайда болуп, бара-­бара гигиеналык жана эстетикалык мааниге ээ болгон. Адамдын жашы жана коомдук дөөлөтү өзгөргөн сайын кийинүү каадасы да жаңыла­нып, жакшырып, татаалдаша баштаган. Илге­ри кыргызда эркектики да, аялдыкы да, бала­ныкы да жалпы жонунан көйнөк деп аталып, көчмөн турмуш шартына ылайык кең тигилген жана көбүнчө жылаңач этке эле кийилген. Э р к е к көйнөктүн кеңири таралган түрү ачык көйнөк же жегде деп аталган. Ал бөздөн, матадан өңүрү, учасы, жеңи менен кошо кенен бычылып, капталдарына кыйык салынган. Түштүктө жашагандар ачык, түндүктөгүлөр кайырма жакалуу көйнөктөрдү ки­йишкен. Узундугу тизеден төмөнүрөөк келип, жеңи манжаларга жеткен. Жакасы эшилген боолор, топчулар менн бүчүлөнгөн. Көйнөктүн этегин шымга салбастан, жай коюп, белбоо курчаныш­кан. А я л көйнөк кенен, этеги узун тигилип, кап­талына кыйык салынып, жеңдери ийинге тик бириктирилген. Жакалары эки түрдө бычылган. Эң эски көйнөктөрдүн жакасы ийинден ийинге че­йин узатасынан бычылганы туура жака көйнөк дел­ген. Ал эки ийинден шоона же топчу менен бү­чүлөнгөн. Жаканын бул байыркы түрү балдар­дын кийимдеринде сакталып калган. Көйнөктүн экин­чи түрүнүн жакасы узатасынан жана көкүрөктөн ылдый бычылып, узун жакалуу көйнөк деп аталып, Кыргызстандын бардык аймактарында кеңири тара­ган. Анын көкүрөгүнөн сайма менен өңүр чыга­рышкан. XIX кылымдын аягында көкүрөктөн ылдый бычылган тик жакалуу, топчу менен бүчүлөнгөн, этегине бир же эки кош этек салынган көйнөктүн пайда болушу менен өңүр биротоло жоюлган. Ки­йинчерээк, Кыргызстандын түндүк тарабында көкүрөк жагы менен этек жагы эки бөлөк бычылып, бели, жеңинин учу, этеги (эки-үч ирет) бүйрүлүп ти­гилген көйнөк кийиле баштаган. XX кылымдын башынан ийни кыйгач бычылып, жакасы кайырма, эте­ги кыска, көкүрөгү бүйүрмөлөнүп, жеңи ийнине ашталып тигилген көйнөктөр тарала баштаган. Кыз-­келиндерге кызыл-тазыл, улгайгандарга күңүрт же ак түстүү мүнөздүү болгон. Улгайган аялдар­дын эскиче бычылып тигилген көйнөктөрү айыл­-кыштакта азыр деле кийилет. Азыр көбүнчө дүйнөлүк модага багытталган заманбап форма­дагы көйнөктөрдү кийишет.