КӨГАРТ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨГАРТ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Сузак районунда, Жалал-Абад ш-нан 8 км түн.-чыгыш тарапта, Көгарт суусунун кашатын­да, деңиз деңг. 900 м бийикте жайгашкан. 1967– 68-ж. Түн. Кыргыз экспедициясы чалгындаган. Аймагы антропоген мезгилинде пайда болгон ал­лювий чөкмөлөрүнөн турат. Алар кургак сайда кум-шагылдуу, кой таштуу тектирди, кашат­чаларды түзөт. Петрогр. ж-а гранулометриялык курамы ар түрдүү. Катуу, бекем кварцтуу кум­дуктар м-н кремнийлер (80%), жеңил талкала­нуучу сланецтер м-н алевролиттер (4%) ж-а аки­таш, доломит ж. б. (25%ке чейин) кезигет. Шагыл (40 ммден кесеги) 45%, кум 15,8%ке чейин, чаң 12%, орг. калдык м-н слюда жокко эсе. Кум ири бүртүктүү, чоңдук модулу 2,5–3,1. Запасы А+В категориясы б-ча 6559 миң м3, С – 7970 миң м3. Кенди пайдалануу үчүн аны тал­калап, шагылга, кумга айландыруу талап кы­лынат. Жуулган кум жөнөкөй бетондорго, ал эми шагыл «300», «400» маркасындагы бетон даярдоого жарамдуу. Кен Жалал-Абад ш-ндагы бетон з-дунда пайдаланылат.