КӨГАРТ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ
КӨГАРТ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Сузак районунда, Жалал-Абад ш-нан 8 км түн.-чыгыш тарапта, Көгарт суусунун кашатында, деңиз деңг. 900 м бийикте жайгашкан. 1967– 68-ж. Түн. Кыргыз экспедициясы чалгындаган. Аймагы антропоген мезгилинде пайда болгон аллювий чөкмөлөрүнөн турат. Алар кургак сайда кум-шагылдуу, кой таштуу тектирди, кашатчаларды түзөт. Петрогр. ж-а гранулометриялык курамы ар түрдүү. Катуу, бекем кварцтуу кумдуктар м-н кремнийлер (80%), жеңил талкалануучу сланецтер м-н алевролиттер (4%) ж-а акиташ, доломит ж. б. (25%ке чейин) кезигет. Шагыл (40 ммден кесеги) 45%, кум 15,8%ке чейин, чаң 12%, орг. калдык м-н слюда жокко эсе. Кум ири бүртүктүү, чоңдук модулу 2,5–3,1. Запасы А+В категориясы б-ча 6559 миң м3, С – 7970 миң м3. Кенди пайдалануу үчүн аны талкалап, шагылга, кумга айландыруу талап кылынат. Жуулган кум жөнөкөй бетондорго, ал эми шагыл «300», «400» маркасындагы бетон даярдоого жарамдуу. Кен Жалал-Абад ш-ндагы бетон з-дунда пайдаланылат.