«КОШЧУ» СОЮЗУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
«КОШЧУ» СОЮЗУ – О. Азия аймагындагы кедей-дыйкан, жарды-жалчыларды тапка айландыруу (к. Марксизм, Коммунизм, Кыргызстанда тап күрөшүнүн жүрүшү) ж-а айыл жерлериндеги Совет бийлигин чыңоо максатында уюшулган уюм. Ал эмгекчи дыйкандардын мүдөөсүн коргоо керек деген чечим м-н Түркстан КПнын 5-съездинде (1920, сентябрь) кабыл алынган. Анын негизинде 1921-ж. декабрда Ташкент ш-нда «К.» с-нун Бүткүл түркстандык 1-съезди өтүп, анда анын БКсы шайланган ж-а союздун милдети, уставы аныкталган. Бирок Совет бийлиги аларга анча ишеним арткан эмес, кез-кез тазалоодон өткөрүлүп турган. Мис., 1925-ж. Кырг-нда бул союзга киргендердин жалпы саны 55–60 миңге жетсе, 1926-ж. 36 миң мүчөсү калган. «К.» с-н түзүү м-н Совет өкмөтү аны иш жүзүндө кооперативтештирүү, жаңы экон. саясат, а. ч. салыгын жыйноо, жер-суу реформасын, өзгөчө бай-манаптарды кулакка тартуу, ж. б. саясий иштеринде пайдаланган. Кыргыз обл. ВКП(б)нин 3-(1927, март) ж-а 5-(1929, январь) конф-яларынын чечимине ылайык ал өз ролун аткарып бүттү деген шылтоо м-н таратылып, анын милдети «жарды-жалчы» уюмуна жүктөлгөн.