«КОШЧУ» СОЮЗУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КОШЧУ» СОЮЗУ – О. Азия аймагындагы ке­дей-дыйкан, жарды-жалчыларды тапка айлан­дыруу (к. Марксизм, Коммунизм, Кыргызстан­да тап күрөшүнүн жүрүшү) ж-а айыл жерлерин­деги Совет бийлигин чыңоо максатында уюшул­ган уюм. Ал эмгекчи дыйкандардын мүдөөсүн коргоо керек деген чечим м-н Түркстан КПнын 5-съездинде (1920, сентябрь) кабыл алынган. Анын негизинде 1921-ж. декабрда Ташкент ш-нда «К.» с-нун Бүткүл түркстандык 1-съезди өтүп, анда анын БКсы шайланган ж-а союздун милдети, уставы аныкталган. Бирок Совет бий­лиги аларга анча ишеним арткан эмес, кез-кез тазалоодон өткөрүлүп турган. Мис., 1925-ж. Кырг-нда бул союзга киргендердин жалпы саны 55–60 миңге жетсе, 1926-ж. 36 миң мүчөсү кал­ган. «К.» с-н түзүү м-н Совет өкмөтү аны иш жүзүндө кооперативтештирүү, жаңы экон. сая­сат, а. ч. салыгын жыйноо, жер-суу реформа­сын, өзгөчө бай-манаптарды кулакка тартуу, ж. б. саясий иштеринде пайдаланган. Кыргыз обл. ВКП(б)нин 3-(1927, март) ж-а 5-(1929, январь) конф-яларынын чечимине ылайык ал өз ролун аткарып бүттү деген шылтоо м-н тараты­лып, анын милдети «жарды-жалчы» уюмуна жүктөлгөн.