КОРЕЯ КЭДР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
169 сап: 169 сап:
өнүккөн (Пак А Жи, Ли Чон Гу, Ли Чон Суль). 20-к-дын 2-жарымында партияны үгүттөө ка­ражаты каралган ад-тта чучхе идеясы өнүккөн (Ли Пён Су, Ли Тон Жун, Пён Хи Гын). Корей Респ-ндагы капитализм сынга алынган (Ом Хын Соп). Авторлор коллективи жараткан ж-а япон баскынчыларына каршы рев-ялык күрөштө жу­мушчу табынын ролун баяндаган «Гүл сатуучу аял», «Кандуу деңиз» романдары кеңири белгилүү.
өнүккөн (Пак А Жи, Ли Чон Гу, Ли Чон Суль). 20-к-дын 2-жарымында партияны үгүттөө ка­ражаты каралган ад-тта чучхе идеясы өнүккөн (Ли Пён Су, Ли Тон Жун, Пён Хи Гын). Корей Респ-ндагы капитализм сынга алынган (Ом Хын Соп). Авторлор коллективи жараткан ж-а япон баскынчыларына каршы рев-ялык күрөштө жу­мушчу табынын ролун баяндаган «Гүл сатуучу аял», «Кандуу деңиз» романдары кеңири белгилүү.


==Архитектурасы жана көркөм сүрөт искусств==
==Архитектурасы жана көркөм сүрөт искусствосу==
о­су. 1950–53-жылдардагы Корея согушу бүткөндөн
1950–1953-жылдардагы Корея согушу бүткөндөн кийин архитектуранын өнүгүшү жапа чеккен шаар­лар менен кыштактарды калыбына келтирүүгө багытталган. Согуш жылдарында көркөм иск­усстводо агитациялык формадагы сатиралык пла­каттар жана баракчалар чыгарылган. Согуштан кийин кайрадан корей салтындагы тушь жана суу боёк живописи: пейзаж ,«гүл-чымчык» (сүрөтчүлөр Чха Де До, Ли Сок Хо), тарыхый жана турмуштук жанрлар (Ким Ён Чжун, Ли Пхан Чхан) жандана баштаган. Турмуштук жанрда­гы чыгармалар, Май живописи техникасында иштеген сүрөтчүлөрдүн, ошондой эле графика, айкел жаатындагы чыгармалар социалисттик реализмге жакындашкан. Жасалма-колдонмо өнөрүндө карапа жана фарфор буюм жасоодо, жыгачка жана сөөккө оюу салууда, бамбук, буласынан буюм согууда байыртадан сакталган ыкмалар жаңы техникалык деңгээл менен айкалыштырылган.
кийин арх-ранын өнүгүшү жапа чеккен шаар­лар м-н кыштактарды калыбына келтирүүгө багытталган. Согуш жылдарында көркөм иск­водо агитациялык формадагы сатиралык пла­каттар ж-а баракчалар чыгарылган. Согуштан кийин кайрадан корей салтындагы тушь ж-а суу боёк живописи: пейзаж ,«гүл-чымчык» (сүрөтчүлөр Чха Де До, Ли Сок Хо), тарыхый ж-а турмуштук жанрлар (Ким Ён Чжун, Ли Пхан
Чхан) жандана баштаган. Турмуштук жанрда­гы чыгармалар, Май живописи техникасында иштеген сүрөтчүлөрдүн о. эле графика, скульп­тура жаатындагы чыгармалар соц. реализмге жакындашкан. Жасалма-колдонмо өнөрүндө карапа ж-а фарфор буюм жасоодо, жыгачка ж-а сөөккө оюу салууда, бамбук, буласынан буюм согууда байыртадан сакталган ыкмалар жаңы тех. деңгээл м-н айкалыштырылган.


==Музыкасы==
==Музыкасы==
. Мамлекет түзүлүшүнүн алгачкы жылдарында муз. мад-т элдик ж-а массалык ыр­лардан турган. Муз. театрда негизги жанр –
. Мамлекет түзүлүшүнүн алгачкы жылдарында музыка маданият элдик жана массалык ыр­лардан турган. Музыкалык театрда негизги жанр – чхангык (классикалык музыкалык драма) жана кагык (улуттук салт менен орус жана европалык театрдын таж­рыйбасынын негизинде жаралган заманбап опе­ра; композиторлор Ли Мён Сан, Хван Хак Хын). 1945-жыл Пхеньянда Чоң симфониялык оркестр (азыр мамлекеттик симфониялык оркестр) түзүлгөн. 1948-жылы Мамлекеттик көркөм театр ачылып, биринчи жолу Ли Мён Сандын «Чхунхян кыз жөнүндө баян» операсы коюлган. 1949-жылы Пхеньянда консерватория ачылган, 1953-жылы Корея Элдик Демократия Республикасы композиторлор союзу түзүлгөн. 1950–1953-жылдары Корея согушу убагында Моран­бон тоосундагы жер астындагы залда Ю. С. Мей­тустун «Жаш гвардия» (1952), Ли Гон Унун «Менин бийиктигим», Пак Тон Силдин «Флот­чу» опералары коюлган. 1955-жылы Мамлекеттик көркөм театрдын жаңы имараты ачылып, Корея Элдик Демократия Республикасынын башкы музыкалык борбору болуп калды. Анда жаңы опералар, чхангык драмалары жана орус класси­калык опералары коюлган. 1955-жылы Мамлекеттик фи­лармония уюшулган, өлкөнүн музыкалык турмушун­да Корей элдик армиясынын ыр-бий, Пхеньян «Мансуде» ыр-бий, Корея эл аспаптар ансамбл­дери зор роль ойногон. Пхеньянда салттык иск­вонун Апрель фестивалы өтүп турат. 1980-жыл­дарда батыш музыкасынын элементтери кире баштаган. 2008-жылы Корея Элдик Демократия Республикасынын тарыхында бирин­чи жолу Америка Кошмо Штаттарынын симфониялык коллективи Нью-Йорк филармониялык оркестринин концерти болгон.
чхангык (классикалык муз. драма) ж-а кагык (улуттук салт м-н орус ж-а европ. театрдын таж­рыйбасынын негизинде жаралган заманбап опе­ра; композиторлор Ли Мён Сан, Хван Хак Хын). 1945-ж. Пхеньянда Чоң симф. оркестр (азыр мамл. симфон. оркестр) түзүлгөн. 1948-ж. Мамл. көркөм театр ачылып, биринчи жолу Ли Мён Сандын «Чхунхян кыз жөнүндө баян» операсы коюлган. 1949-ж. Пхеньянда консерватория ачылган, 1953-ж. КЭДР композиторлор союзу
түзүлгөн. 1950–53-ж. К. согушу убагында Моран­бон тоосундагы жер астындагы залда Ю. С. Мей­тустун «Жаш гвардия» (1952), Ли Гон Унун
«Менин бийиктигим», Пак Тон Силдин «Флот­чу» опералары коюлган. 1955-ж. Мамл. көркөм театрдын жаңы имараты ачылып, КЭДРдин башкы муз. борбору болуп калды. Анда жаңы опералар, чхангык драмалары ж-а орус класси­калык опералары коюлган. 1955-ж. Мамл. фи­лармония уюшулган, өлкөнүн муз. турмушун­да Корей элдик армиясынын ыр-бий, Пхеньян
«Мансуде» ыр-бий, Корея эл аспаптар ансамбл­дери зор роль ойногон. Пхеньянда салттык иск­вонун Апрель фестивалы өтүп турат. 1980-жыл­дарда батыш музыкасынын элементтери кире баштаган. 2008-ж. КЭДРдин тарыхында бирин­чи жолу АКШнын симф. коллективи Нью-Йорк филармониялык оркестринин концерти болгон.


==Театры жана бий өнөрү==
==Театры жана бий өнөрү==
.
[[File:КОРЕЯ КЭДР10.png | thumb | Спорттук майрамдын ачылышы.
[[File:КОРЕЯ КЭДР10.png | thumb | Спорттук майрамдын ачылышы.
]]1947-ж. Пхеньянда Мамл. ыкчам (кийинчерээк Мамл. драма театр) ж-а анын алдында окуу жайы, 1948-ж. Пхеньян шаардык театры, Мамл. куурчак театры, 1949-ж. Жаштар театры, Жумушчу театры ж. б.
]]1947-жылы Пхеньянда Мамлекеттик ыкчам (кийинчерээк Мамлекеттик драма театр) жана анын алдында окуу жайы, 1948-жылы Пхеньян шаардык театры, Мамлекеттик куурчак театры, 1949-жылы Жаштар театры, Жумушчу театры жана башкалар түзүлгөн.
 


Театр коллективдери башка провин­цияларда да пайда боло баштаган. 1950–1953-жылдары Корея согушунун убагында аскер бөлүктөрү­нө бригадалар оюн көрсөтүшкөн


Согуштан ки­йин Пхеньянда «Моранбон» театры курулган, 1960-жылы Чоң театр ачылган. 1946-жылы Пхеньянда бий студиясы, 1952-жылы Цой Сын Хинин жетек­чилиги менен Мамл. балет студиясы түзүлгөн.
1949-жылы тарыхый темадагы Чхве Ок Саманын «Паняволь чебинин баяны» балети жаралган. 1948-жылы Пхеньянда Мамлекеттик көркөм театр уюшу­луп, анда корей композиторлорунун балеттери коюлган (Хван Хак Кын, Ким Ён Гю, Им Гын Мён). Провинцияларда улуттук жана европалык салт­тарды бириктирген туруктуу музыкалык-хореографиялык кол­лективдер түзүлгөн. Пхеньянда музыка жана драма театрлары иштейт: «Мансудэ» көркөм театры, Чыгыш-пхеньян Чоң театры, «Чхолима» мамлекеттик драма театры, «Понхва» мамлекеттик көркөм театры жана башкалар. Театр жана бий искусствосуна Ким Ван У, Ю Ын Ген, Ван Сен Хва, Цой Ен Ай, Тен Дек Вон, Ким Дях Ын, У Голь Сон жана башкалар зор салым ко­шушкан.


[[File:КОРЕЯ КЭДР11.png | thumb | Театрлаштырылган «Ариран» майрамы­нан көрүнүш.
[[File:КОРЕЯ КЭДР11.png | thumb | Театрлаштырылган «Ариран» майрамы­нан көрүнүш.
]]түзүлгөн. Театр коллективдери башка провин­цияларда да пайда боло баштаган. 1950–53-ж.
]]
Корея согушунун убагында аскер бөлүктөрү­нө бригадалар оюн көрсөтүшкөн. Согуштан ки­йин Пхеньянда «Моранбон» театры курулган, 1960-ж. Чоң театр ачылган. 1946-ж. Пхеньянда бий студиясы, 1952-ж. Цой Сын Хинин жетек­чилиги м-н Мамл. балет студиясы түзүлгөн.
1949-ж. тарыхый темадагы Чхве Ок Саманын
«Паняволь чебинин баяны» балети жаралган. 1948-ж. Пхеньянда Мамл. көркөм театр уюшу­луп, анда корей композиторлорунун балеттери коюлган (Хван Хак Кын, Ким Ён Гю, Им Гын Мён). Провинцияларда улуттук ж-а европ. салт­тарды бириктирген туруктуу муз.-хореогр. кол­лективдер түзүлгөн. Пхеньянда муз. ж-а драма театрлары иштейт: «Мансудэ» көркөм театры,
Чыгыш-пхеньян Чоң театры, «Чхолима» мамл. драма театры, «Понхва» мамл. көркөм театры ж. б. Театр ж-а бий иск-восуна Ким Ван У, Ю Ын Ген, Ван Сен Хва, Цой Ен Ай, Тен Дек Вон, Ким Дях Ын, У Голь Сон ж. б. зор салым ко­шушкан.
 
==Киносу==
==Киносу==
. 1947-ж. Пхеньянда киностудия түзүл­гөн (1948-ж. мамл.; 1958-ж. Көркөм ж-а даректүү фильмдердин корей киностудиясы). КЭДРде тар­тылган биринчи толук метраждуу фильм «Ме­нин Мекеним» (1949). 1950–60-жылдарда кино
1947-жылы Пхеньянда киностудия түзүл­гөн (1948-жылы мамлекеттик; 1958-жылы Көркөм жана даректүү тасмалардын корей киностудиясы). Корея Элдик Демократия Республикасында тар­тылган биринчи толук метраждуу тасма «Ме­нин Мекеним» (1949). 1950–1960-жылдарда кино искусствонун негизги жанры тарыхый-революция­лык тасмалар болгон. 1959-жылы Корея Элдик Демократия Республикасында бирин­чи экрандаштыруу жүзөгө ашырылган («Чхун­хян жөнүндө баян», режиссёру Юн Ён Гю). 1970–1980-жылдары Ким Ир Сендин чыгармалары экран­даштырылган («Гүл салгыч», режиссёру Чхве Ик Кю жана Пак Хак), дидактикалык комедиялар, көп сериялуу кино эпопеялар («Белгисиз баатырлар», режиссёру Ю Хо Сон жана Чхве Нам Сон) бөлүнүп кал­ган үй-бүлөлөрдүн азаптарын көрсөткөн тасмалар тартылган. 1980-жылдарда аскердик өнөрдүн
иск-вонун негизги жанры тарыхый-революция­лык фильмдер болгон. 1959-ж. КЭДРдеги бирин­чи экрандаштыруу жүзөгө ашырылган («Чхун­хян жөнүндө баян», реж. Юн Ён Гю). 1970–80-
жылдары Ким Ир Сендин чыгармалары экран­даштырылган («Гүл салгыч», реж. Чхве Ик Кю ж-а Пак Хак), дидактикалык комедиялар, көп сериялуу киноэпопеялар («Белгисиз баатырлар», реж. Ю Хо Сон ж-а Чхве Нам Сон) бөлүнүп кал­ган үй-бүлөлөрдүн азаптарын көрсөткөн фильм­дер тартылган. 1980-жылдарда аскердик өнөрдүн


[[File:КОРЕЯ КЭДР12.png | thumb | «Чхунхян жөнүндө баян» ф ильм ине н кадр. Юн Ён Г ю. 1959.
[[File:КОРЕЯ КЭДР12.png | thumb | «Чхунхян жөнүндө баян» тасмасынан кадр. Юн Ён Г ю. 1959.
]]элементтери колдонулган («Хон Гиль Дон», реж. Ким Гиль Ын, 1986), спорт ж-дөгү фильмдер чы­гарылган. Түн. кореялык кинематографиянын
]]элементтери колдонулган («Хон Гиль Дон», режиссёру Ким Гиль Ын, 1986), спорт жөнүндөгү тасмалар чы­гарылган. Түндүк кореялык кинематографиянын
өнүгүшүнө түш. кореялык реж. Син Сан Ок зор салым кошкон. («О, менин сүйүүм», 1985; «Туз», 1985, Москва ЭКФтин сыйл.;) КЭДРде биринчи фантастикалык жомок («Пульгасар» фильми, 1985). 1990-жылдары 56 сериялуу «Улут жана тагдыр» киноэпопеясын тартуу жүзөгө ашырыл­ган. 1990–2000-жылдары «Стадиондун жашыл
өнүгүшүнө түштүк кореялык режиссёр Син Сан Ок зор салым кошкон. («О, менин сүйүүм», 1985; «Туз», 1985, Москва Эл аралык кино фестивалынын (ЭКФ) сыйлыгы); Корея Элдик Демократия Республикасында биринчи фантастикалык жомок («Пульгасар» тасмасы, 1985). 1990-жылдары 56 сериялуу «Улут жана тагдыр» кино эпопеясын тартуу жүзөгө ашырыл­ган. 1990–2000-жылдары «Стадиондун жашыл талаасында» (2001, режиссёру Рим Чхан Бом), «Мектеп окуучусунун күндөлүгү», (2006, режиссёру Чан Ин Хак) анимациялык «Император айым Чун» (2005) жана башка тасмалары чыккан.
талаасында» (2001, реж. Рим Чхан Бом), «Мектеп окуучусунун күндөлүгү», (2006, реж. Чан Ин Хак) анимациялык «Император айым Чун» (2005) ж. б. фильмдери чыккан.




210 сап: 198 сап:
// Советская архитектура. 1952. Сб. 2; <i>Прокофьев</i> О. С. Современное искусство социалистических стран Востока. М., 1961; Страны и народы Зарубежной Азии. Восточная и Центральная Азия. М., 1982; <i>Большов И. Г., Толорая Г. Д.</i> Корейская Народно- Демократическая Республика. М., 1987; Корейская Народно-Демократическая Республика. Справочник. М., 1988; <i>Бажанова Н. Е.</i> Внешнеэкономические связи КНДР. В поисках выхода из тупика. М., 1993; <i>Алексеева Н. Н.</i> Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Корея: Карманная энциклопедия. М., 2000; Корейская литература с древнейших времен до начала XX в.: Краткий очерк. М., 2000; История Кореи (Новое прочтение). М., 2003; <i>Пак Чжон Чжу</i>. Влияние русской литературы и театра на развитие театра Северной и Южной Кореи // Театр. Живопись. Кино. Музыка. М., 2005. Вып. 2; <i>Жебин А. З.</i> Эволюция политической системы КНДР в условиях глобальных перемен. М., 2006; Большая Российская энциклопе&shy;дия. Т. 15. М., 2010.
// Советская архитектура. 1952. Сб. 2; <i>Прокофьев</i> О. С. Современное искусство социалистических стран Востока. М., 1961; Страны и народы Зарубежной Азии. Восточная и Центральная Азия. М., 1982; <i>Большов И. Г., Толорая Г. Д.</i> Корейская Народно- Демократическая Республика. М., 1987; Корейская Народно-Демократическая Республика. Справочник. М., 1988; <i>Бажанова Н. Е.</i> Внешнеэкономические связи КНДР. В поисках выхода из тупика. М., 1993; <i>Алексеева Н. Н.</i> Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Корея: Карманная энциклопедия. М., 2000; Корейская литература с древнейших времен до начала XX в.: Краткий очерк. М., 2000; История Кореи (Новое прочтение). М., 2003; <i>Пак Чжон Чжу</i>. Влияние русской литературы и театра на развитие театра Северной и Южной Кореи // Театр. Живопись. Кино. Музыка. М., 2005. Вып. 2; <i>Жебин А. З.</i> Эволюция политической системы КНДР в условиях глобальных перемен. М., 2006; Большая Российская энциклопе&shy;дия. Т. 15. М., 2010.
[[Категория:4-том,_453-496_бб]]
[[Категория:4-том,_453-496_бб]]

08:01, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОРЕ́Я КЭДР , К о р е й Э л д и к Д е м о к р а т и я Р е с п у б л и к а с ы, КЭДР (Чосон Минжу­жуый инмин конгхвагук) – Чыгыш Азиядагы мамлекет, Корей ж. а-нын түн. бөлүгүн ж-а ма­териктин бир аз чет-жакасын ээлейт. Батышы­нан Сары деңиз, чыгышынан Япон деңизи м-н чулганат (жээк сызыгынын жалпы уз. 2495 км). Түндүгүнөн Кытай, Россия (Туманган д. аркы

луу), түштүгүнөн Корей Респ. м-н чектешет. Аянты 122,8 миң км2. Калкы 23,9 млн (2009).
Борбору – Пхеньян. Расмий тили – корей тили. Акча бирдиги – вона. КЭДР адм.-айм. жактан 9 провинциядан, 1 шаардан, 1 борборго баш ий­ген райондон турат (к. таблицаны). Кэсон (Түш. Хванхэ провинциясы) ж-а Кымган (Канвондо провинциясы) атайын экон. зоналары, о. эле өзгөчө баш ийүүдөгү – Нампхо ш. (Түш. Пхёнан провинциясы) өзүнчө адм. статуска ээ. КЭДР – БУУнун (1991), Бейтарап уюмдары­нын (1975) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. КЭДР – унитардык мамлекет. Конституциясы 1972-ж. 27-декабрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – соц. рес­публика. Мамл. бийликтин жогорку органы – бир палаталуу Жогорку элдик чогулуш (ЖЭЧ), 5 жылга шайланат. ЖЭЧ Коргоо к-тинин төра­гасын ж-а анын орун басарларын дайындайт же кызматтан алат; мамл. бюджетти ж-а эл чар­басын өнүктүрүүнүн мамл. планын бекитет; эл аралык келишимдерди ратификациялайт ж-а денонсациялайт ; мыйзамдарды кабыл алат; конституциянын аткарылышын көзөмөлдөйт

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009)

ж. б. ЖЭЧти анын президиуму жетектейт. Пре­зидиумдун төрагасы ички ж-а тышкы саясатта мамлекеттин кызыкчылыгын коргойт; дипл.

өкүлдөр м-н элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алат ж-а тапшырат ж. б.; КЭДРдин Мамл. коргоо к-ти мамл. бийликтин жогорку аскер жетекчиси ж-а мамл. коргоо башкармалыгынын органы болуп эсептелип, аны төрага жетектейт. Мамл. бийликтин жогорку адм.-аткаруучу орга­ны – өкмөт. Кабинет төрага, төраганын орун басарлары, министрлерден турат. ЖЭЧке жооп­туу. Негизги партиясы: К. эмгек партиясы (КЭП).

Табияты

. Япон деңизинин жээги тоолуу, не­гизинен абразия-аккумуляциялык ж-а абразия­бухта тибинде, Сары деңиздин жээги түн.-ба­тышында – түзөң, кумдуу, Нампхо ш-нан түш­түктү карай – риас тибинде. Өлкөнүн аймагы- нын 4/ бөлүгүн тоолор ээлейт. Түндүгүндө кок- ту-колот, терең капчыгайлуу орто бийиктикте­ги Түндүк Корей тоолору байыркы тайпаң жон­дорду түзгөн бөксө тоолор м-н кезектешип жа­тат. Түн.-чыгышында Кытай м-н чек арага жа­кын базальттуу Чанбайшань бөксө тоосу жа­тат, анда өлкөнүн эң бийик чокусу – Пэктусан жанартоосу (2750 м) жайгашкан. Корей ж. а­нын чыгышында Чыгыш Корей тоолору созу­луп жатат. Жапыз дөбө-дөңсөөлөр м-н токол тоолордун айрым бөлүктөрү Сары деңиздин жээктерине чейин жетет. Ири түздүктөрү (Пхе­ньян, Хамхын ж. б.) негизинен деңиз жээктей жайгашкан. Өлкөнүн басымдуу бөлүгү байыр­кы Кытай-Корей платформасынын түн.-чыгыш чет-жакасында жайгашкан. КЭДРдин маанилүү кен байлыктары: жез (өлкөнүн түндүгүндө), ал­тын (Түн. Хванхэ, Түш. Пхёнан, Түш. Хамгён провинцияларында), коргошун, цинк (өлкөнүн түн., түн.-чыгыш, борб. бөлүктөрүндө), вольф­рам (Маннён), молибден (Пусон), темир (ириле­ри өлкөнүн түн.-чыгышында ж-а батышында), көмүр, магнезит, графит, пирит, флюорит ж. б. Мелүүн муссондук климат мүнөздүү. Түн. бө­лүгүндө континенттик климат даана байкалат: кышында түн. ж-а түн.-батыштан азия анти­циклонунун абасы (континенттик муссон) ки­рип, муздак, ачык ж-а кургак аба ырайын пай­да кылат. Чыгыш жээги батышына караганда жылуураак, анткени Чыгыш Корей тоолору аны муздак континенттик муссондон тосуп турат.
Январдын орт. темп-расы түндүгүндө –21°Сден тоолордо –40°Сге чейин төмөндөшү ыктымал), түштүгүндө –7°Сге чейин. Түн. Корей тоолорунда кышында туруктуу кар катмары пайда болот. Эң жылуу айынын (август, айрым жерлеринде июль же июнь) орт. темп-расы түндүгүндө 22°С, түштүгүндө 24°С. Жайкы деңиздик муссон июн­дан октябрга чейин жаан-чачынды мол алып келет. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү түздүктөрдө түндүктөн түштүктү (600–1400 мм), тоолордо бийиктеген сайын (900–1000 мм) өсөт.
Жайдын аягында ж-а күзүндө аймактын кый­ла бөлүгү тайфундун таасиринде болот.
Дарыя тармактары жыш. Аймагынын басым­дуу бөлүгү Сары деңиздин алабына кирет. Негиз­ги дарыялары: Амнокан (Ялунцзян; уз. 790 км), Тэдонган (400 км). Япон деңизине негизинен тоолордон башталган кыска дарыялар, о. эле өлкөдөгү эң ири дарыялардын бири – Туманган куюп, КЭДРдин түн.-чыгыш чек арасы аркы­луу агат (уз. 520 кмден ашык). Ири дарыя­ларынын кыйла бөлүгү кеме каттоого ыңгай­луу. Дарыяларынын көбү жамгыр же кар-жам­гыр сууларынан куралат; түндүгүндө көп дарыя­лары тоңуп калат. Дарыялары кышында тар­тылып, жайында ташкындайт. Аймак гидро­энергия ресурстарына бай. Дарыя агымын жөнгө салуу, ирригациялык, суу м-н камсыз кылуу максатында гидротех. курулмалар арбын салын­ган. Эң ири суу сактагычы – Супхунхо (толук көлөмү 12 км3) Амноккан д-нда курулган. Ай­доо жеринин 73%и сугарылат. Жыл сайын ка­лыбына келип туруучу суу ресурстары 77 км3ди түзөт. Өлкөнүн ар бир тургунуна жылына 3,4 миң м3 суу туура келет.
Флорасы татаал өсүмдүктөрдүн 3 миңге жа­кын түрүнөн турат; анын 10%и – эндемиктер.
Мурда аймагынын басымдуу бөлүгүн каптаган токой 20-к-да толугу м-н кыйылып жок бол­гон. Азыркы токойлуулук 68%ти түзөт (көчөт отургузуунун эсебинен); жерг. токой негизинен тоолуу аймактарда гана сакталган. Калк жыш отурукташкан ж-а жери ургаалдуу пайдаланыл­ган түздүктөрдө маданий өсүмдүктөр басымдуу. Токойду кыюудан эрозия ж-а суу ташкыны күчө­гөн. Түн. Корей тоолорунун этек бөлүгүндө (500–

Тоонун ийне жалбырактуу токою.

800 м бийиктикте) жазы жалбырактуу, негизи­нен эмен токою таралган. Анын астында коңур (бурозём) топурак өөрчүгөн. Андан жогору кы­зыл карагай, корей кедри аралаш ийне-жазы жалбырактуу токой үстөмдүк кылат; ийне жал­бырактуу токойдун (карагай, көк карагай, кара карагай) ири массивдери кездешет; бул тилке­нин астында тоонун иллювий-темирлүү күл топурактары өөрчүгөн. Кэма бөксө тоосунда баа­луу кызыл карагай, корей кедри ж-а көк кара­гай өскөн кедр-көк карагайлуу токой массивде­ри бар. Токой 2000 м бийиктикке чейин өсөт. Эң бийик кырка тоолордун капталдарын ээле­ген ийри-буйру өскөн таш кайың, жапалак кедр­дин бадалдарынан, рододендрондон турган то­кой 2500 мден жогору мамык чөп-эңилчектүү тундрага ж-а альп шалбаасына өтөт. Чыгыш Корей тоолорунун жазы жалбырактуу токою түргө өтө байлыгы м-н өзгөчөлөнөт; анда эмен, жөкө дарак, ак чечек ж. б. породалардын бир

нече түрү бар. 1500–2000 м бийиктиктен жогору карагай-көк карагайлуу токой үстөмдүк кылат. Ири сүт эмүүчүлөрдөн (100дөн ашык түрү бар, анын 12си жоголуу алдында турат) жетүүгө та­таал токойлуу аймактарда ТКЭСтин Кызыл китебине кирген амур жолборсу, кабылан, ак төш аюу, туяктуулардан – уссури чаар бугусу, горал, кабарга кездешет. Түлкү, карышкыр, кундуз ж. б. кеңири таралган. Уялоочу куш­тардын 138 түрү бар, алардын 25и жоголуу ал­дында турат. Жээк зонасы орнитофаунага (кы­тан, даур турнасы, куназ, каз, өрдөк, ак чар­дак, кара каз, баклан ж. б.) өтө бай. Сойлоочу­лардын 20, жерде-сууда жашоочулардын 17 түрү бар. Жээк суусу биол. ресурстарга (балык, краб, креветка, деңиз кирписи, моллюска ж. б.) бай.
Өлкөнүн жалпы аянтынын 2,6%ин 30дан ашык корголуучу табигый аймак ээлейт. Эки коруктун аймагы (Пэктусан ж-а Кувольсан тоо­лору) ЮНЕСКОнун биосфералык резерватына киргизилген. Түн. кеңдиктин 38°ун бойлой кет­кен демилитаризация зонасында жазылыгы 4 км болгон тилкеде жапайы жандыктардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн.

Калкы

. Өлкөнүн калкынын басымдуу бөлүгү (99,7 %и) – корейлер; о. эле кытайлар (0,2%и), филиппиндер, моңгол, орус, вьетнам ж. б. улут­тар да бар. Төрөлүүнүн төмөндөөсүнөн калктын санынын өсүү темпи басаңдоодо. Төрөлүү 1000 адамга 14,6 бала, өлүм-житим 7,3 адам туура келет. Фертилдүүлүк: 1 аялга 2 бала. Сырткы миграция дээрлик жокко эсе. 1990-жылдардын 2-жарымынан көмүскө эмиграция (негизинен Кытай м-н Корей Респ-на качуу) күчөгөн. 15 жашка чейинки өспүрүмдөр өлкөнүн калкынын 22,9%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар (15– 64 жаштагылар) 68,2%ин, 65 ж-а андан улгай­гандар 8,8%ин түзөт (2008). Орто эсеп м-н 100 аялга 95 эркек туура келет. Өмүрдүн күтүлгөн орт. узактыгы 72,2 жыл (эркектердики 69,5, аялдардыкы 75,1 жыл; 2008). Калкынын орт. жыштыгы салыштырмалуу жогору: 1 км2 жер-

Пхеньяндын борбордук бөлүгү.

ге 194,7 адам (2009). Эң жыш отрукташкан жер­лери – Түш. Пхёнан (339,2 адам), Түш. Хванхэ (299,7 адам); эң сейрек отурукташкан жерлери – өлкөнүн түндүгү. Шаар калкы 60% (2007). Ири шаарлары: Пхеньян (калкы 3198,9 миң; 2009), Хамхын (580,9 миң), Нампхо (467,0 миң), Хын­нам (359,6 миң), Кэсон (351,5 миң), Вонсан (340,2 миң), Чхонжин (329,4 миң), Синыйжу (285,9 миң), Хэжу (227,2 миң), Кангэ (207,8 миң) ж. б. Иштеген калктын 63%тейи ө. ж. м-н тейлөө чөйрөсүндө, 37%тейи а. ч., токой ж-а балык чарбаларында эмгектенет.

Тарыхы

. КЭДР 1948-ж. 9-сентябрда түзүлгөн. Министрлер кабинетинин төрагалыгына Ким Ир Сен дайындалган. Конституциясы КЭДР жарыя­ланган күндөн күчүнө кирген. КЭДР 1948-ж. СССР, 1949-ж. КЭР м-н дипл. мамилелерди түзгөн. Корей согушу (1950–53) бүткөн соң, КЭДР өкмөтү бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүү ж-а андан ары өнүктүрүүнүн, соц. кайра түзүү­лөрдү жүзөгө ашыруунун 3 жылдык планын (1954–56) бекиткен. Эл чарбасын өнүктүрүү пла­нында ө. ж. ж-а а. ч. өндүрүшүн калыбына кел­тирүү, аны согушка чейинки деңгээлине жет­кирүү гана эмес, эл чарбасын андан ары бир кыйла даражада жаңыдан куруу да каралган. 1954-ж. ноябрда К. эмгек партиясынын БКнын пленумунда коллективдештирүү (1954–59), 1956-ж. апрелде индустриялаштыруу (1956–61) ж-дө чечим кабыл алынып, эл чарбасын өнүктү­рүүнүн 5 жылдык планы иштелип чыккан. Бул пландын ийгиликтүү ишке ашышына көмөк көрсөткөн өнөктөрү – СССР ж-а Кытай болгон. 1959-жылдары КЭДР алар м-н достук, өз ара жардамдашуу ж-а кызматташуу ж-дө келишим­дерди (1961-ж. 6-июлда СССР, 1961-ж. 11-июл­да КЭР м-н) түзгөн. Өлкөнүн саясий ж-а экон. курулушунун башында К. эмгек партиясы (КЭП) турган. 1950–60-жылдары КЭП жетекчилиги үчүн саясий күрөштө бийликке кайрадан Ким Ир Сен келген. Ал КПССтин саясий курсун сын­дап, СССР м-н экон. ж-а аскер байланыштарын чектеген. 1972-ж. 4-июлда КЭДР м-н Корей Респ­нын өкүлдөрү эки өлкөнү бириктирүүнүн шарт­тарын аныктаган Биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан. Бул маселе тышкы күчтөрдүн кий­лигишүүсүз, улуттук консолидациянын негизинде ж-а тынчтык жол м-н ишке ашырылууга тийиш болгон. 1972-ж. КЭДР жаңы Конституция кабыл алып, өлкөгө президент кызматын киргизген (алгачкы президенти Ким Ир Сен болгон). ЖЭЧ Президиуму ж-а Министрлер кабинети жоюлуп, Борб. элдик к-т (БЭК) ж-а премьер-министр жетектеген адм. кеңеш түзүлгөн. 1974-ж. БЭК бардык салыктарды жоюу ж-дө мыйзам кабыл алган. 1970-жылдары КЭДРдин расмий идеоло­гиясы – чучхе доктринасы жарыяланган. КЭДР- де ядролук изилдөөлөр активдештирилип, 1974-ж. Атом энергиясы б-ча эл аралык агент­тикке кирип, ядролук программаларды ишке ашыруу үчүн КЭРден жардам сураган. 1980- жылдары өлкөдөгү экон. кризис, о. эле АКШ м-н болгон мамиленин курчушу КЭДРдин СССР, КЭР, Чыгыш Европа өлкөлөрү ж-а Корея Респ. м-н байланышын кеңейтүүгө шарт түзгөн. 1984-ж. Ким Ир Сен СССР, Германия Демокр. Респ., Венгрия, Польша, Румыния, Болгария ж-а Югославия өлкөлөрүнө барып, кызмат­ташууну өнүктүрүү ж-дө келишимдерге кол койгон. 1994-ж. июлда Ким Ир Сен өлгөндөн кийин өлкөнү анын уулу – Ким Чен Ир (1997-жылдан КЭП БКнын генералдык секретары) жетектеген. 1998-ж. Конституцияга оңдоолор киргизилип, КЭДР Президентинин кызматы, БЭК ж-а Адм.

кеңеш жоюлуп, Мамл. коргоо к-тинин укукта­ры кеңейтилип, ЖЭЧ Президиуму ж-а Ми­нистрлер кабинети калыбына келтирилген. Ким Ир Сен КЭДРдин «түбөлүк президенти» деп жарыяланган. 1990-жылдары өлкөнүн экономи­касы төмөндөп, элдин социалдык абалы начар­лаган. Бирок КЭДР өкмөтү аскер ишине өз­гөчө көңүл буруп, финансы жактан каржылап, 1998-ж. үч баскычтуу баллистикалык ракета­ны сыноодон өткөргөн. 2000-ж. июнда КЭДР м-н Корей Респ-нын мамлекет башчылары – Ким Чен Ир ж-а Ким Дэ Чжун жолугушуп, эки мамлекетти бириктирүү ж-дө декларацияга кол коюлган. 2002-ж. КЭДР жетекчилиги экономи­ка чөйрөсүнө өзгөртүүлөрдү киргизген. Өлкөдө мамл. зайымдардын облигациялары чыгары­лып, вонанын рынок курсу киргизилип, ө. ж. ишканаларына ж-а а. ч. кооперативдерине пландан ашык чыгарылган продукцияларын өз алдынча колдонууга мүмкүнчүлүк берилген. 2002-ж. 13-декабрда КЭДР өкмөтү ядролук программаларды жаңыртууга ж-а ядролук реак­торду курууну улантууга ниеттенгенин бил­дирген. 2006-ж. 9-октябрда ядролук куралдар­ды сыноону жарыялагандан кийин, 14-октябр­да БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечими м-н КЭДРге каршы эл аралык санкциялар кирги­зилген. 2007-ж. октябрда Пхеньянда өткөн корейлер аралык саммитте эки мам­лекеттин ортосунда экон. ж-а гуманитардык кызмат­ташууларды кеңейтүү б-ча тынчтык келишими түзүл­гөн. 2008-ж. эки мамлекет­тин ортосундагы кызматта­шуунун өнүгүшүн ядролук куралсызданууга байла­ныштырган жогорку деңгэ­элдеги жолугушуулар Ко­рей Респ-нда бийликке Ли Мён Бак жетектеген жаңы администрациянын кели­ши м-н токтогон. 2009-ж. КЭДРдин ядролук курал­дарды өнүктүрүү б-ча жаса­ган иш-аракеттери БУУнун Коопсуздук Кеңеши тара­бынан айыпталган.

Чарбасы

. КЭДРдин эко­номикасында «өз күчүнө таянуу» курсу жүргүзүлүүдө (анда оор ө. ж-н өнүктүрүүгө арт ыкчылык берил ет). 2002-жылдан ИДПнин өнү­гүүсү байкалат (2002-ж. 1,2%; 2005-ж. 2,9%). Ошол эле учурда электр энергия­сы, сырьё, түрдүү материал­дар, ө. ж. жабдуулары, азык-түлүк жетишпейт; өндүрүш каражаттарынын көбү эскирген. 2000- жылдардын ортосунан баштап банк сектору, кеме куруу, фармацевтика продукцияларын ж-а керектөө товарларын чыгаруу б-ча көптөгөн (айрыкча Кытай, Корей Респ-нын компанияла­ры м-н) биргелешкен ишканалар уюшулган. 1960-жылдардан расмий статистикалык маалы­маттар жарыяланбайт, бардык маалыматтар баа берүү мүнөзүндө (эл аралык уюмдардын, түш. корей маалыматтары). ИДПнин көлөмү 40 млрд доллар (2008), аны киши башына бөлүштүргөндө 1800 доллардан тура келет. ИДПнин структура­сында ө. ж-нын үлүшү 43,1%, тейлөө чөйрөсүнүкү 33,6%, а. ч-ныкы 23,3% (2002). ИДПнин 2008- жылдагы өнүгүүсү терс мааниде (–1,1%) бол­гон.
Ө. ж-нын башкы тармактары – минералдык сырьёлорду өндүрүү, электр-энергетика, метал­лургия, машина куруу, химия, цемент, токой ж-а жыгач иштетүү. Аскердик багыттагы про­дукцияларды чыгаруунун мааниси зор. Таш кө­мүр казып алуу кыскарууда (1990-ж. 50 млн т, 2002-ж. 15 млн т); жылына 25–30 млн т күрөң көмүр казылып алынат. 2007-ж. 21,72 млрд кВт.с (1990-ж. 55,5 млрд) электр энергиясы өндүрүлгөн. Электр энергиясынын негизин ГЭС ж-а көмүр м-н иштеген ЖЭС түзөт. ГЭС каскад­дары Тэрёнган д-нда (жалпы кубаттуулугу 750 миң кВт) ж-а Туманган д-нын куймаларында (482 миң кВт) курулган. Ири шаарларда жы­луулук электр борборлору иштейт. КЭДРде электр энергиясы өтө таңкыс; тиричиликти энер­гия м-н камсыз кылууда үзгүлтүктүүлүк мүнөздүү (Пхеньян ш-нан башкасында). Электр м-н кам­сыз кылуу системасы ж-а тармагы өтө эскир­ген. Жаңы Кэсон – Мунсан электр өткөргүчү Корей Респ-нын энергия системасы м-н туташ­тырылган. Деңиз порттору ж-а нефть куурлары аркылуу Ж. Чыгыш өлкөлөрүнөн, Кытайдан ж-а Корей Респ-нан нефть продуктулары импорт­толот. Кара металлургиянын сырьёлук базасын 2 ири – Мусан ж-а Ыллюль темир кендери түзөт.
Мусанда кен ачык жол м-н казып алынып, 2 ф-када ылганып, андан темир кенташтуу кон­центрат конвейер кууру (уз. 98 км) аркылуу Чхонжин металлургиялык з-дуна жеткирилет да, андан ары Кытайга жөнөтүлөт. Ыллюль ке­нинин кенташы Сонимдеги металлургия з-дуна ж-а Кансо ш-ндагы болот куюучу з-дго жетки­рилет. Кара металлургиянын ири ишканалары Чхонжин, Кимчхэк, Сонним, Нампхо, феррокуй­ма з-ду Пурён ш-нда жайгашкан. КЭДРде түстүү металл кенташтары (цинк, коргошун, жез, ни­кель, вольфрам, молибден) казылып алынат. Түстүү металлургиянын негизги борборлору: Нампхо, Мунчхон, Хэжу, Мунпхён, Танчхон. Машина куруу ө. ж. негизинен куралдарды, ас­кердик техниканы ж-а ок-дары чыгарууга ба­гытталган. Түрдүү артиллерия куралдарын (ар­тиллерия ж-а зенит куралдары, миномёт, пуле­мёт, автомат ж. б.), о. эле танк, орто ж-а жа­кын аралыктагы ракета, аскер кемелерин, суу асты м-н жүрүүчү кайык, аскер автомобилдерин ж. б. чыгарат. О. эле тоо-кен жабдууларын, электроника буюмдарын, станок, жол куруу техникасын (экскаватор, кран, гидравлика жаб­дууларын), а. ч. техникасын (трактор, бульдо­зер, трактор тетиктерин), жыгач даярдоочу тех­ника, тектиль жабдууларын чыгаруучу иш­каналары бар. Трансп. машина куруу ө. ж-на электровоз, локомотив, т. ж. вагондорун, кеме, автомобиль (жүк ташуучу автомобиль, автомо­биль кураштыруучу – жеңил, пикап, жүк та­шуучу чакан машина з-ддору), троллейбус, ав­тобус, велосипед чыгаруучу ишканалар кирет. Химия ө. ж. синтездик була, минералдык жер семирткич (калий, азот фосфор), синтездик ча­йыр, каустикалык сода, боёк, этилен, полиэти­лен, камыштан була, резина-тех. продукцияла­ры, автомобиль шинасы, фармацевтика буюм­дары ж. б. продукцияларды чыгарат. Цемент (2002-ж. 4 млн т өндүрүлгөн), кыш, айнек, фар­фор, карапа буюмдарын чыгаруучу ишканалар иштейт. Өлкөнүн түн. бөлүгүнүн тоолуу аймак­тарында жылына 600 миң м3 жыгач даярдалат.

Пхеньяндагы кийим тигүү фабрикасы.

Целлюлоза-кагаз ө. ж. иштейт. Текстиль ө. ж. жүн кездеме, тигүү ж-а трикотаж буюмдарын чы­гарат. Бут кийим, азем белек даядоочу ишкана­лары бар. Тамак-аш ө. ж-нда күрүч актоо, ун, кант, балык, балык-консерва, шарап, пиво, та­меки даярдоо ишканалары иштейт.

21-к-дын башталышынан өлкөнүн аймагынын 14% аянты иштетилет (1990-жылдары 20%). Пайдаланылуучу жердин негизги массивдери батыш ж-а чыгыш жээктериндеги түздүктөрдү ээлейт. Шор баскан ж-а кургакчыл жерлеринде ирригациялык иштер жүргүзүлгөн. 2000-жыл­дардын башталышында айдоо жердин 70%ке жакыны сугарылган. 1960–90-жылдары мамл. ж-а кооперациялык ири чарбалар басымдуулук кылган. Минералдык жер семирткичтер көп ча­чылгандыктан (шалы палдарынын 97% аянты­на жер семирткич пайдаланылган), топурак дег­радацияга дуушарланып, агын суу, көлдөр бул­ганган. 1990-жылдардын ортосунан а. ч. тех­никасын пайдалануу ж-а жер семирткич чачуу кескин кыскарган; 21-к-дын башында а. ч. иш­тери дээрлик кол м-н жүргүзүлгөн. 2002-жыл­кы реформада коллективдүү чарбанын ордуна үй-бүлөлүк ж-а жеке чарбалар түзүлө баштаган. 1990-жылдардын ортосу – 2000-жылдардын баш­талышындагы табигый кырсыктар (кургакчы­лык, суу каптоо) азык-түлүктүн таңкыстыгына алып келди. КЭДРге Батыш Европа өлкөлөрү, АКШ, Корей Респ., Япония, Кытай азык­түлүктөн жардам бере баштады.
Өсүмдүк айрыкча дан эгиндерин өстүрүү өнүк­көн. Негизгинен күрүч (шалы талаасынын аян­ты 840 миң га; 2007), жүгөрү эгилет. Дыйканчы­лык негизги аймагы – батыштагы түздүктөрдө, анда шалы, жүгөрү, буудай, арпа, дан буурчак, соя, өлкөнүн түн. бөлүгүндө сулу, кара буудай, таруу, ак жүгөрү, гаолян өстүрүлөт. Чыгыш жээктеринде тех. өсүмдүктөр: пахта, кант кы­зылчасы, тамеки, күн карама, кунжут, рапс, түн­дүгүндө картөшкө, түштүгүндө батат өстүрүлөт. Капуста, помидор, бадыраң, сарымсак, ашка­бак, түрп жылына 2–3 жолу түшүм берет. Ба-

Өлкөнүн батышындагы шалы талаасы.

тыштагы түздүктөрдө ж-а тоо этектеринде алма, алмурут, өрүк, шабдаалы, кайналы, алча өс­түрүлөт. Жибекчилик бардык жерде өнүккөн; женьшень, дары чөптөр чогултулат.

2007-ж. 3,2 млн чочко, 2,7 млн эчки, 0,57 млн бодо мал, 0,17 млн кой, 21 млн үй кушу асы­ралган. Бодо малы негизинен а. ч-да күч унаа катары пайдаланылат. Токой аянты 4,3 млн га, анын 3,7 млн гасы жетүүгө татаал жерлерде болгондуктан, жыгач даярдалбайт. Япон ж-а Сары деңиздерден балык (2007-ж. 268,7 миң т; минтай, иваси, сайда, сардина, сельд, тунец, макрель) кармалат. Сары деңизден креветка, кальмар, осьминог, устрица, краб, трепанга кармалат, деңиз балыры чогултулат. Көлмө­лөрдө карп, канада форели өстүрүлөт.

Тейлөө сектору

. КЭДРдин улуттук банкы – Кореянын «Чосон» Борб. банкы (1946) акча ка­ражаттары м-н камсыз кылат, мамл. бюжетти түзөт; бардык провинцияларда, шаарларда ж-а уезддерде жерг. өкүлчүлүктөрү (227) иштейт. Соода банкы (1959) сырткы соода операцияла­рын тейлейт. Атайын банктар, соода-экон. («Ра­сон») атайын экон. зона түзүлгөн. Туризм анча өнүккөн эмес; чет элдик туристтердин КЭДРге келишине чек коюлган. 2002-ж. 400 миңдей ту­рист келген (негизинен Корей Респ., Кытай, Россия, Япониядан келгендер); туризмден түшкөн киреше 150 млн доллар чамасында. Ички туризмин негизинен «кызыл туризм» (Ким Ир Сендин ж-а Ким Чен Ирдин рев-ялык иштерине байланыштуу жерлерди кыдыруу) ж-а дарылоо­ден соолук чыңдоо объектилери түзөт.

Транспорту

. Жүктүн ж-а жүргүнчүнүн негизги бөлүгү т. ж. аркылуу ташылат. Т. ж-нун уз. 5,24 миң км (2006), анын 3,5 миң кми электр­лештирилген (2000). Т. ж. батышындагы түздүк­төрдө жыш, түндүгүндө ж-а түш.-чыгыш чет-жа­касында салыштырмалуу сейрек. Ири т. ж. тү­йүндөрү: Пхеньян, Чхонжин; о. эле Хамхын, Вонсан, Саривон, Нампхо, Синыйжу. Автомо­биль жолунун уз. 75,5 миң км. 1970–2000-жыл­дары ылдам жүрүү автомагистралдары (уз. 653 км) курулган. Велосипед транспорту (а. и. 3 дөң­гөлөктүү жүк велосипеди) өнүккөн. Деңиз транс­порту сырткы соода жүктөрүнүн көбүн ташыйт. Ири порттору: Нампхо, Чхонжин, Хыннам, Нажин. Дарыя жолунун жалпы уз. 2253 км. 77 аэропорту бар; башкы эл аралык аэропорту – Сунан. Пхеньянда метрополитен иштейт.

Сырткы соодасы

. Экспортунун наркы 1466 млн, импортунуку 2979 млн доллар (2006). Экс­портко антрацит, темир кенташ концентраты, болот, түстүү металлдар, алтын, цемент, жибек ж-а жибек буюмдары, деңиз продуктуларын чыгарып, сырттан нефть ж-а нефть продукту­ларын, коксталуучу көмүр, жыгач, азык-түлүк (негизинен күрүч), машина куруу продуктула­рын (а. и. электрондук буюмдар), минералдык жер семирткич алат. Ири соода шериктери: Кытай, Корей Респ., Россия.

Билим берүүсү

. 1975-жылдан жалпыга мил­деттүү 11 жылдык акысыз билим берүү кирги­зилип, ал бир жылдык мектепке чейинки, 10 жылдык мектепте (4 жылдык башталгыч, 6 жылдык орто) билим берүүнү камтыган. Кесип­тик-тех. билим берүү орто билим берүү м-н ай­калыштыра жүргүзүлөт. 15 жашка чейинки кал­ктын сабаттуулугу 99%ти түзөт (2008). 1991- жылдан жогорку билим берүүнү реформалоо жүзөгө ашырылууда. 1995-ж. жогорку билимди реформалоонун долбоору ишке кирген. КЭДРде ун-ттер, мугалимдер ж-а тех. ин-ттары, адис­тештирилген коллеждер иштейт. Башкы ил. ме­кемелери, ЖОЖдору, китепканалары ж-а му­зейлери, а. и. ИА (1952), Ким Ир Сен атн. ун-т (1946) Пхеньян ш-нда жайгашкан.

Массалык-маалымат каражаттары

. Күн сайын жалпы тиражы 5 млнго жакын 11 наамдагы гезит чыгат (2008): «Минчжу Чосон» (1946), «Нодом синмун» (1945), «Чосон инмингун» (1948), «Нодон чхоннен» (1948) ж. б., «Кыллод­жа», «Чхоллима», «Чосон есуль», чет тилдерде чыгуучу «Корея», «Кorea Гуdaу» ж. б. журнал­дары бар. Радиоуктурууну (1945-жылдан) КЭДР Борб. ж-а Пхеньян радиостанциялары ишке ашырат. Телекөрсөтүүнү 1967-жылдан Борб. ж-а 1971-жылдан Кэсон телекөрсөтүүсү жүргүзөт.
Мамл. маалымат агенттиги – Корея телеграф агенттиги негизделген.

Адабияты

. К. 1948-ж. КЭДР түзүлүп, ад-ты со­циализм, жаңы мамлекетти куруу идеяларын пропагандалаган (Сон Ён, Пак Се Ён). 1946-ж. Пхеньянда Түн. К. ад-т ж-а иск-во ишмерлери­нин союзу негизделет. Анын негизги ишмерле­ри Түштүктөн Түндүккө саясий көз карашына байланыштуу өткөн адабиятчылар (Ли Ги Ён, Хан Со Ря ж. б.) болушкан. Алгачкы жылдары сов. жоокерлердин эрдигине арналган поэтика­лык чыгармалар пайда болгон (Пак Пхар Ян, Чо Ки Чхон). Чо Ки Чхондун япондорго кар­шы партизандык кыймыл ж-дөгү (1930-жылдар) «Пэктусан тоолору» (1947) эпикалык поэмасы

КЭДРдин акчасы – вона.

ж-а көп ырлары интернационалдык духта жа­зылган. Корея согушу (1950–53) ж-а согуштан кийинки мезгилдеги ад-т согуштун кесепетте­рин көрсөтүүгө, чарбаны калыбына келтирүүгө арналган. Совет ад-тынын салтын жолдоп, КЭДР жазуучулары публицистикага ж-а очерк­ке кайрылышкан. Көбүнчө карапайым адамдар­дын фр онт т огу ж-а т ыл дагы эр ди гин сүрөттөшкөн (Пён Хи Гын, Ли Тон Жун); рев­ялык күрөштүн жетекчиси катары Ким Ир Сен­ди даңктаган чыгармалар жаралган (Ли Хи Чхан ж. б.). Поэзия да публ. маанайда кеңири өнүккөн (Пак А Жи, Ли Чон Гу, Ли Чон Суль). 20-к-дын 2-жарымында партияны үгүттөө ка­ражаты каралган ад-тта чучхе идеясы өнүккөн (Ли Пён Су, Ли Тон Жун, Пён Хи Гын). Корей Респ-ндагы капитализм сынга алынган (Ом Хын Соп). Авторлор коллективи жараткан ж-а япон баскынчыларына каршы рев-ялык күрөштө жу­мушчу табынын ролун баяндаган «Гүл сатуучу аял», «Кандуу деңиз» романдары кеңири белгилүү.

Архитектурасы жана көркөм сүрөт искусствосу

1950–1953-жылдардагы Корея согушу бүткөндөн кийин архитектуранын өнүгүшү жапа чеккен шаар­лар менен кыштактарды калыбына келтирүүгө багытталган. Согуш жылдарында көркөм иск­усстводо агитациялык формадагы сатиралык пла­каттар жана баракчалар чыгарылган. Согуштан кийин кайрадан корей салтындагы тушь жана суу боёк живописи: пейзаж ,«гүл-чымчык» (сүрөтчүлөр Чха Де До, Ли Сок Хо), тарыхый жана турмуштук жанрлар (Ким Ён Чжун, Ли Пхан Чхан) жандана баштаган. Турмуштук жанрда­гы чыгармалар, Май живописи техникасында иштеген сүрөтчүлөрдүн, ошондой эле графика, айкел жаатындагы чыгармалар социалисттик реализмге жакындашкан. Жасалма-колдонмо өнөрүндө карапа жана фарфор буюм жасоодо, жыгачка жана сөөккө оюу салууда, бамбук, буласынан буюм согууда байыртадан сакталган ыкмалар жаңы техникалык деңгээл менен айкалыштырылган.

Музыкасы

. Мамлекет түзүлүшүнүн алгачкы жылдарында музыка маданият элдик жана массалык ыр­лардан турган. Музыкалык театрда негизги жанр – чхангык (классикалык музыкалык драма) жана кагык (улуттук салт менен орус жана европалык театрдын таж­рыйбасынын негизинде жаралган заманбап опе­ра; композиторлор Ли Мён Сан, Хван Хак Хын). 1945-жыл Пхеньянда Чоң симфониялык оркестр (азыр мамлекеттик симфониялык оркестр) түзүлгөн. 1948-жылы Мамлекеттик көркөм театр ачылып, биринчи жолу Ли Мён Сандын «Чхунхян кыз жөнүндө баян» операсы коюлган. 1949-жылы Пхеньянда консерватория ачылган, 1953-жылы Корея Элдик Демократия Республикасы композиторлор союзу түзүлгөн. 1950–1953-жылдары Корея согушу убагында Моран­бон тоосундагы жер астындагы залда Ю. С. Мей­тустун «Жаш гвардия» (1952), Ли Гон Унун «Менин бийиктигим», Пак Тон Силдин «Флот­чу» опералары коюлган. 1955-жылы Мамлекеттик көркөм театрдын жаңы имараты ачылып, Корея Элдик Демократия Республикасынын башкы музыкалык борбору болуп калды. Анда жаңы опералар, чхангык драмалары жана орус класси­калык опералары коюлган. 1955-жылы Мамлекеттик фи­лармония уюшулган, өлкөнүн музыкалык турмушун­да Корей элдик армиясынын ыр-бий, Пхеньян «Мансуде» ыр-бий, Корея эл аспаптар ансамбл­дери зор роль ойногон. Пхеньянда салттык иск­вонун Апрель фестивалы өтүп турат. 1980-жыл­дарда батыш музыкасынын элементтери кире баштаган. 2008-жылы Корея Элдик Демократия Республикасынын тарыхында бирин­чи жолу Америка Кошмо Штаттарынын симфониялык коллективи Нью-Йорк филармониялык оркестринин концерти болгон.

Театры жана бий өнөрү

Спорттук майрамдын ачылышы.

1947-жылы Пхеньянда Мамлекеттик ыкчам (кийинчерээк Мамлекеттик драма театр) жана анын алдында окуу жайы, 1948-жылы Пхеньян шаардык театры, Мамлекеттик куурчак театры, 1949-жылы Жаштар театры, Жумушчу театры жана башкалар түзүлгөн.

Театр коллективдери башка провин­цияларда да пайда боло баштаган. 1950–1953-жылдары Корея согушунун убагында аскер бөлүктөрү­нө бригадалар оюн көрсөтүшкөн

Согуштан ки­йин Пхеньянда «Моранбон» театры курулган, 1960-жылы Чоң театр ачылган. 1946-жылы Пхеньянда бий студиясы, 1952-жылы Цой Сын Хинин жетек­чилиги менен Мамл. балет студиясы түзүлгөн. 1949-жылы тарыхый темадагы Чхве Ок Саманын «Паняволь чебинин баяны» балети жаралган. 1948-жылы Пхеньянда Мамлекеттик көркөм театр уюшу­луп, анда корей композиторлорунун балеттери коюлган (Хван Хак Кын, Ким Ён Гю, Им Гын Мён). Провинцияларда улуттук жана европалык салт­тарды бириктирген туруктуу музыкалык-хореографиялык кол­лективдер түзүлгөн. Пхеньянда музыка жана драма театрлары иштейт: «Мансудэ» көркөм театры, Чыгыш-пхеньян Чоң театры, «Чхолима» мамлекеттик драма театры, «Понхва» мамлекеттик көркөм театры жана башкалар. Театр жана бий искусствосуна Ким Ван У, Ю Ын Ген, Ван Сен Хва, Цой Ен Ай, Тен Дек Вон, Ким Дях Ын, У Голь Сон жана башкалар зор салым ко­шушкан.

Театрлаштырылган «Ариран» майрамы­нан көрүнүш.

Киносу

1947-жылы Пхеньянда киностудия түзүл­гөн (1948-жылы мамлекеттик; 1958-жылы Көркөм жана даректүү тасмалардын корей киностудиясы). Корея Элдик Демократия Республикасында тар­тылган биринчи толук метраждуу тасма «Ме­нин Мекеним» (1949). 1950–1960-жылдарда кино искусствонун негизги жанры тарыхый-революция­лык тасмалар болгон. 1959-жылы Корея Элдик Демократия Республикасында бирин­чи экрандаштыруу жүзөгө ашырылган («Чхун­хян жөнүндө баян», режиссёру Юн Ён Гю). 1970–1980-жылдары Ким Ир Сендин чыгармалары экран­даштырылган («Гүл салгыч», режиссёру Чхве Ик Кю жана Пак Хак), дидактикалык комедиялар, көп сериялуу кино эпопеялар («Белгисиз баатырлар», режиссёру Ю Хо Сон жана Чхве Нам Сон) бөлүнүп кал­ган үй-бүлөлөрдүн азаптарын көрсөткөн тасмалар тартылган. 1980-жылдарда аскердик өнөрдүн

«Чхунхян жөнүндө баян» тасмасынан кадр. Юн Ён Г ю. 1959.

элементтери колдонулган («Хон Гиль Дон», режиссёру Ким Гиль Ын, 1986), спорт жөнүндөгү тасмалар чы­гарылган. Түндүк кореялык кинематографиянын

өнүгүшүнө түштүк кореялык режиссёр Син Сан Ок зор салым кошкон. («О, менин сүйүүм», 1985; «Туз», 1985, Москва Эл аралык кино фестивалынын (ЭКФ) сыйлыгы); Корея Элдик Демократия Республикасында биринчи фантастикалык жомок («Пульгасар» тасмасы, 1985). 1990-жылдары 56 сериялуу «Улут жана тагдыр» кино эпопеясын тартуу жүзөгө ашырыл­ган. 1990–2000-жылдары «Стадиондун жашыл талаасында» (2001, режиссёру Рим Чхан Бом), «Мектеп окуучусунун күндөлүгү», (2006, режиссёру Чан Ин Хак) анимациялык «Император айым Чун» (2005) жана башка тасмалары чыккан.


Ад.: Ким Жен Хи. Архитектура корейского народа // Советская архитектура. 1952. Сб. 2; Прокофьев О. С. Современное искусство социалистических стран Востока. М., 1961; Страны и народы Зарубежной Азии. Восточная и Центральная Азия. М., 1982; Большов И. Г., Толорая Г. Д. Корейская Народно- Демократическая Республика. М., 1987; Корейская Народно-Демократическая Республика. Справочник. М., 1988; Бажанова Н. Е. Внешнеэкономические связи КНДР. В поисках выхода из тупика. М., 1993; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Корея: Карманная энциклопедия. М., 2000; Корейская литература с древнейших времен до начала XX в.: Краткий очерк. М., 2000; История Кореи (Новое прочтение). М., 2003; Пак Чжон Чжу. Влияние русской литературы и театра на развитие театра Северной и Южной Кореи // Театр. Живопись. Кино. Музыка. М., 2005. Вып. 2; Жебин А. З. Эволюция политической системы КНДР в условиях глобальных перемен. М., 2006; Большая Российская энциклопе­дия. Т. 15. М., 2010.