КОРЕЯ КЭДР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРЕ́Я КЭДР , К о р е й Э л д и к Д е м о к р а т и я Р е с п у б л и к а с ы, КЭДР (Чосон Минжу­жуый инмин конгхвагук) – Чыгыш Азиядагы мамлекет, Корей ж. а-нын түн. бөлүгүн ж-а ма­териктин бир аз чет-жакасын ээлейт. Батышы­нан Сары деңиз, чыгышынан Япон деңизи м-н чулганат (жээк сызыгынын жалпы уз. 2495 км). Түндүгүнөн Кытай, Россия (Туманган д. аркы

луу), түштүгүнөн Корей Респ. м-н чектешет. Аянты 122,8 миң км2. Калкы 23,9 млн (2009).
Борбору – Пхеньян. Расмий тили – корей тили. Акча бирдиги – вона. КЭДР адм.-айм. жактан 9 провинциядан, 1 шаардан, 1 борборго баш ий­ген райондон турат (к. таблицаны). Кэсон (Түш. Хванхэ провинциясы) ж-а Кымган (Канвондо провинциясы) атайын экон. зоналары, о. эле өзгөчө баш ийүүдөгү – Нампхо ш. (Түш. Пхёнан провинциясы) өзүнчө адм. статуска ээ. КЭДР – БУУнун (1991), Бейтарап уюмдары­нын (1975) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. КЭДР – унитардык мамлекет. Конституциясы 1972-ж. 27-декабрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – соц. рес­публика. Мамл. бийликтин жогорку органы – бир палаталуу Жогорку элдик чогулуш (ЖЭЧ), 5 жылга шайланат. ЖЭЧ Коргоо к-тинин төра­гасын ж-а анын орун басарларын дайындайт же кызматтан алат; мамл. бюджетти ж-а эл чар­басын өнүктүрүүнүн мамл. планын бекитет; эл аралык келишимдерди ратификациялайт ж-а денонсациялайт ; мыйзамдарды кабыл алат; конституциянын аткарылышын көзөмөлдөйт

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009)

ж. б. ЖЭЧти анын президиуму жетектейт. Пре­зидиумдун төрагасы ички ж-а тышкы саясатта мамлекеттин кызыкчылыгын коргойт; дипл.

өкүлдөр м-н элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алат ж-а тапшырат ж. б.; КЭДРдин Мамл. коргоо к-ти мамл. бийликтин жогорку аскер жетекчиси ж-а мамл. коргоо башкармалыгынын органы болуп эсептелип, аны төрага жетектейт. Мамл. бийликтин жогорку адм.-аткаруучу орга­ны – өкмөт. Кабинет төрага, төраганын орун басарлары, министрлерден турат. ЖЭЧке жооп­туу. Негизги партиясы: К. эмгек партиясы (КЭП).

Табияты

. Япон деңизинин жээги тоолуу, не­гизинен абразия-аккумуляциялык ж-а абразия­бухта тибинде, Сары деңиздин жээги түн.-ба­тышында – түзөң, кумдуу, Нампхо ш-нан түш­түктү карай – риас тибинде. Өлкөнүн аймагы- нын 4/ бөлүгүн тоолор ээлейт. Түндүгүндө кок- ту-колот, терең капчыгайлуу орто бийиктикте­ги Түндүк Корей тоолору байыркы тайпаң жон­дорду түзгөн бөксө тоолор м-н кезектешип жа­тат. Түн.-чыгышында Кытай м-н чек арага жа­кын базальттуу Чанбайшань бөксө тоосу жа­тат, анда өлкөнүн эң бийик чокусу – Пэктусан жанартоосу (2750 м) жайгашкан. Корей ж. а­нын чыгышында Чыгыш Корей тоолору созу­луп жатат. Жапыз дөбө-дөңсөөлөр м-н токол тоолордун айрым бөлүктөрү Сары деңиздин жээктерине чейин жетет. Ири түздүктөрү (Пхе­ньян, Хамхын ж. б.) негизинен деңиз жээктей жайгашкан. Өлкөнүн басымдуу бөлүгү байыр­кы Кытай-Корей платформасынын түн.-чыгыш чет-жакасында жайгашкан. КЭДРдин маанилүү кен байлыктары: жез (өлкөнүн түндүгүндө), ал­тын (Түн. Хванхэ, Түш. Пхёнан, Түш. Хамгён провинцияларында), коргошун, цинк (өлкөнүн түн., түн.-чыгыш, борб. бөлүктөрүндө), вольф­рам (Маннён), молибден (Пусон), темир (ириле­ри өлкөнүн түн.-чыгышында ж-а батышында), көмүр, магнезит, графит, пирит, флюорит ж. б. Мелүүн муссондук климат мүнөздүү. Түн. бө­лүгүндө континенттик климат даана байкалат: кышында түн. ж-а түн.-батыштан азия анти­циклонунун абасы (континенттик муссон) ки­рип, муздак, ачык ж-а кургак аба ырайын пай­да кылат. Чыгыш жээги батышына караганда жылуураак, анткени Чыгыш Корей тоолору аны муздак континенттик муссондон тосуп турат.
Январдын орт. темп-расы түндүгүндө –21°Сден тоолордо –40°Сге чейин төмөндөшү ыктымал), түштүгүндө –7°Сге чейин. Түн. Корей тоолорунда кышында туруктуу кар катмары пайда болот. Эң жылуу айынын (август, айрым жерлеринде июль же июнь) орт. темп-расы түндүгүндө 22°С, түштүгүндө 24°С. Жайкы деңиздик муссон июн­дан октябрга чейин жаан-чачынды мол алып келет. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү түздүктөрдө түндүктөн түштүктү (600–1400 мм), тоолордо бийиктеген сайын (900–1000 мм) өсөт.
Жайдын аягында ж-а күзүндө аймактын кый­ла бөлүгү тайфундун таасиринде болот.
Дарыя тармактары жыш. Аймагынын басым­дуу бөлүгү Сары деңиздин алабына кирет. Негиз­ги дарыялары: Амнокан (Ялунцзян; уз. 790 км), Тэдонган (400 км). Япон деңизине негизинен тоолордон башталган кыска дарыялар, о. эле өлкөдөгү эң ири дарыялардын бири – Туманган куюп, КЭДРдин түн.-чыгыш чек арасы аркы­луу агат (уз. 520 кмден ашык). Ири дарыя­ларынын кыйла бөлүгү кеме каттоого ыңгай­луу. Дарыяларынын көбү жамгыр же кар-жам­гыр сууларынан куралат; түндүгүндө көп дарыя­лары тоңуп калат. Дарыялары кышында тар­тылып, жайында ташкындайт. Аймак гидро­энергия ресурстарына бай. Дарыя агымын жөнгө салуу, ирригациялык, суу м-н камсыз кылуу максатында гидротех. курулмалар арбын салын­ган. Эң ири суу сактагычы – Супхунхо (толук көлөмү 12 км3) Амноккан д-нда курулган. Ай­доо жеринин 73%и сугарылат. Жыл сайын ка­лыбына келип туруучу суу ресурстары 77 км3ди түзөт. Өлкөнүн ар бир тургунуна жылына 3,4 миң м3 суу туура келет.
Флорасы татаал өсүмдүктөрдүн 3 миңге жа­кын түрүнөн турат; анын 10%и – эндемиктер.
Мурда аймагынын басымдуу бөлүгүн каптаган токой 20-к-да толугу м-н кыйылып жок бол­гон. Азыркы токойлуулук 68%ти түзөт (көчөт отургузуунун эсебинен); жерг. токой негизинен тоолуу аймактарда гана сакталган. Калк жыш отурукташкан ж-а жери ургаалдуу пайдаланыл­ган түздүктөрдө маданий өсүмдүктөр басымдуу. Токойду кыюудан эрозия ж-а суу ташкыны күчө­гөн. Түн. Корей тоолорунун этек бөлүгүндө (500–

Тоонун ийне жалбырактуу токою.

800 м бийиктикте) жазы жалбырактуу, негизи­нен эмен токою таралган. Анын астында коңур (бурозём) топурак өөрчүгөн. Андан жогору кы­зыл карагай, корей кедри аралаш ийне-жазы жалбырактуу токой үстөмдүк кылат; ийне жал­бырактуу токойдун (карагай, көк карагай, кара карагай) ири массивдери кездешет; бул тилке­нин астында тоонун иллювий-темирлүү күл топурактары өөрчүгөн. Кэма бөксө тоосунда баа­луу кызыл карагай, корей кедри ж-а көк кара­гай өскөн кедр-көк карагайлуу токой массивде­ри бар. Токой 2000 м бийиктикке чейин өсөт. Эң бийик кырка тоолордун капталдарын ээле­ген ийри-буйру өскөн таш кайың, жапалак кедр­дин бадалдарынан, рододендрондон турган то­кой 2500 мден жогору мамык чөп-эңилчектүү тундрага ж-а альп шалбаасына өтөт. Чыгыш Корей тоолорунун жазы жалбырактуу токою түргө өтө байлыгы м-н өзгөчөлөнөт; анда эмен, жөкө дарак, ак чечек ж. б. породалардын бир

нече түрү бар. 1500–2000 м бийиктиктен жогору карагай-көк карагайлуу токой үстөмдүк кылат. Ири сүт эмүүчүлөрдөн (100дөн ашык түрү бар, анын 12си жоголуу алдында турат) жетүүгө та­таал токойлуу аймактарда ТКЭСтин Кызыл китебине кирген амур жолборсу, кабылан, ак төш аюу, туяктуулардан – уссури чаар бугусу, горал, кабарга кездешет. Түлкү, карышкыр, кундуз ж. б. кеңири таралган. Уялоочу куш­тардын 138 түрү бар, алардын 25и жоголуу ал­дында турат. Жээк зонасы орнитофаунага (кы­тан, даур турнасы, куназ, каз, өрдөк, ак чар­дак, кара каз, баклан ж. б.) өтө бай. Сойлоочу­лардын 20, жерде-сууда жашоочулардын 17 түрү бар. Жээк суусу биол. ресурстарга (балык, краб, креветка, деңиз кирписи, моллюска ж. б.) бай.
Өлкөнүн жалпы аянтынын 2,6%ин 30дан ашык корголуучу табигый аймак ээлейт. Эки коруктун аймагы (Пэктусан ж-а Кувольсан тоо­лору) ЮНЕСКОнун биосфералык резерватына киргизилген. Түн. кеңдиктин 38°ун бойлой кет­кен демилитаризация зонасында жазылыгы 4 км болгон тилкеде жапайы жандыктардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн.

Калкы

. Өлкөнүн калкынын басымдуу бөлүгү (99,7 %и) – корейлер; о. эле кытайлар (0,2%и), филиппиндер, моңгол, орус, вьетнам ж. б. улут­тар да бар. Төрөлүүнүн төмөндөөсүнөн калктын санынын өсүү темпи басаңдоодо. Төрөлүү 1000 адамга 14,6 бала, өлүм-житим 7,3 адам туура келет. Фертилдүүлүк: 1 аялга 2 бала. Сырткы миграция дээрлик жокко эсе. 1990-жылдардын 2-жарымынан көмүскө эмиграция (негизинен Кытай м-н Корей Респ-на качуу) күчөгөн. 15 жашка чейинки өспүрүмдөр өлкөнүн калкынын 22,9%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар (15– 64 жаштагылар) 68,2%ин, 65 ж-а андан улгай­гандар 8,8%ин түзөт (2008). Орто эсеп м-н 100 аялга 95 эркек туура келет. Өмүрдүн күтүлгөн орт. узактыгы 72,2 жыл (эркектердики 69,5, аялдардыкы 75,1 жыл; 2008). Калкынын орт. жыштыгы салыштырмалуу жогору: 1 км2 жер-

Пхеньяндын борбордук бөлүгү.

ге 194,7 адам (2009). Эң жыш отрукташкан жер­лери – Түш. Пхёнан (339,2 адам), Түш. Хванхэ (299,7 адам); эң сейрек отурукташкан жерлери – өлкөнүн түндүгү. Шаар калкы 60% (2007). Ири шаарлары: Пхеньян (калкы 3198,9 миң; 2009), Хамхын (580,9 миң), Нампхо (467,0 миң), Хын­нам (359,6 миң), Кэсон (351,5 миң), Вонсан (340,2 миң), Чхонжин (329,4 миң), Синыйжу (285,9 миң), Хэжу (227,2 миң), Кангэ (207,8 миң) ж. б. Иштеген калктын 63%тейи ө. ж. м-н тейлөө чөйрөсүндө, 37%тейи а. ч., токой ж-а балык чарбаларында эмгектенет.

Тарыхы

. КЭДР 1948-ж. 9-сентябрда түзүлгөн. Министрлер кабинетинин төрагалыгына Ким Ир Сен дайындалган. Конституциясы КЭДР жарыя­ланган күндөн күчүнө кирген. КЭДР 1948-ж. СССР, 1949-ж. КЭР м-н дипл. мамилелерди түзгөн. Корей согушу (1950–53) бүткөн соң, КЭДР өкмөтү бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүү ж-а андан ары өнүктүрүүнүн, соц. кайра түзүү­лөрдү жүзөгө ашыруунун 3 жылдык планын (1954–56) бекиткен. Эл чарбасын өнүктүрүү пла­нында ө. ж. ж-а а. ч. өндүрүшүн калыбына кел­тирүү, аны согушка чейинки деңгээлине жет­кирүү гана эмес, эл чарбасын андан ары бир кыйла даражада жаңыдан куруу да каралган. 1954-ж. ноябрда К. эмгек партиясынын БКнын пленумунда коллективдештирүү (1954–59), 1956-ж. апрелде индустриялаштыруу (1956–61) ж-дө чечим кабыл алынып, эл чарбасын өнүктү­рүүнүн 5 жылдык планы иштелип чыккан. Бул пландын ийгиликтүү ишке ашышына көмөк көрсөткөн өнөктөрү – СССР ж-а Кытай болгон. 1959-жылдары КЭДР алар м-н достук, өз ара жардамдашуу ж-а кызматташуу ж-дө келишим­дерди (1961-ж. 6-июлда СССР, 1961-ж. 11-июл­да КЭР м-н) түзгөн. Өлкөнүн саясий ж-а экон. курулушунун башында К. эмгек партиясы (КЭП) турган. 1950–60-жылдары КЭП жетекчилиги үчүн саясий күрөштө бийликке кайрадан Ким Ир Сен келген. Ал КПССтин саясий курсун сын­дап, СССР м-н экон. ж-а аскер байланыштарын чектеген. 1972-ж. 4-июлда КЭДР м-н Корей Респ­нын өкүлдөрү эки өлкөнү бириктирүүнүн шарт­тарын аныктаган Биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан. Бул маселе тышкы күчтөрдүн кий­лигишүүсүз, улуттук консолидациянын негизинде ж-а тынчтык жол м-н ишке ашырылууга тийиш болгон. 1972-ж. КЭДР жаңы Конституция кабыл алып, өлкөгө президент кызматын киргизген (алгачкы президенти Ким Ир Сен болгон). ЖЭЧ Президиуму ж-а Министрлер кабинети жоюлуп, Борб. элдик к-т (БЭК) ж-а премьер-министр жетектеген адм. кеңеш түзүлгөн. 1974-ж. БЭК бардык салыктарды жоюу ж-дө мыйзам кабыл алган. 1970-жылдары КЭДРдин расмий идеоло­гиясы – чучхе доктринасы жарыяланган. КЭДР- де ядролук изилдөөлөр активдештирилип, 1974-ж. Атом энергиясы б-ча эл аралык агент­тикке кирип, ядролук программаларды ишке ашыруу үчүн КЭРден жардам сураган. 1980- жылдары өлкөдөгү экон. кризис, о. эле АКШ м-н болгон мамиленин курчушу КЭДРдин СССР, КЭР, Чыгыш Европа өлкөлөрү ж-а Корея Респ. м-н байланышын кеңейтүүгө шарт түзгөн. 1984-ж. Ким Ир Сен СССР, Германия Демокр. Респ., Венгрия, Польша, Румыния, Болгария ж-а Югославия өлкөлөрүнө барып, кызмат­ташууну өнүктүрүү ж-дө келишимдерге кол койгон. 1994-ж. июлда Ким Ир Сен өлгөндөн кийин өлкөнү анын уулу – Ким Чен Ир (1997-жылдан КЭП БКнын генералдык секретары) жетектеген. 1998-ж. Конституцияга оңдоолор киргизилип, КЭДР Президентинин кызматы, БЭК ж-а Адм.

кеңеш жоюлуп, Мамл. коргоо к-тинин укукта­ры кеңейтилип, ЖЭЧ Президиуму ж-а Ми­нистрлер кабинети калыбына келтирилген. Ким Ир Сен КЭДРдин «түбөлүк президенти» деп жарыяланган. 1990-жылдары өлкөнүн экономи­касы төмөндөп, элдин социалдык абалы начар­лаган. Бирок КЭДР өкмөтү аскер ишине өз­гөчө көңүл буруп, финансы жактан каржылап, 1998-ж. үч баскычтуу баллистикалык ракета­ны сыноодон өткөргөн. 2000-ж. июнда КЭДР м-н Корей Респ-нын мамлекет башчылары – Ким Чен Ир ж-а Ким Дэ Чжун жолугушуп, эки мамлекетти бириктирүү ж-дө декларацияга кол коюлган. 2002-ж. КЭДР жетекчилиги экономи­ка чөйрөсүнө өзгөртүүлөрдү киргизген. Өлкөдө мамл. зайымдардын облигациялары чыгары­лып, вонанын рынок курсу киргизилип, ө. ж. ишканаларына ж-а а. ч. кооперативдерине пландан ашык чыгарылган продукцияларын өз алдынча колдонууга мүмкүнчүлүк берилген. 2002-ж. 13-декабрда КЭДР өкмөтү ядролук программаларды жаңыртууга ж-а ядролук реак­торду курууну улантууга ниеттенгенин бил­дирген. 2006-ж. 9-октябрда ядролук куралдар­ды сыноону жарыялагандан кийин, 14-октябр­да БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечими м-н КЭДРге каршы эл аралык санкциялар кирги­зилген. 2007-ж. октябрда Пхеньянда өткөн корейлер аралык саммитте эки мам­лекеттин ортосунда экон. ж-а гуманитардык кызмат­ташууларды кеңейтүү б-ча тынчтык келишими түзүл­гөн. 2008-ж. эки мамлекет­тин ортосундагы кызматта­шуунун өнүгүшүн ядролук куралсызданууга байла­ныштырган жогорку деңгэ­элдеги жолугушуулар Ко­рей Респ-нда бийликке Ли Мён Бак жетектеген жаңы администрациянын кели­ши м-н токтогон. 2009-ж. КЭДРдин ядролук курал­дарды өнүктүрүү б-ча жаса­ган иш-аракеттери БУУнун Коопсуздук Кеңеши тара­бынан айыпталган.

Чарбасы

. КЭДРдин эко­номикасында «өз күчүнө таянуу» курсу жүргүзүлүүдө (анда оор ө. ж-н өнүктүрүүгө арт ыкчылык берил ет). 2002-жылдан ИДПнин өнү­гүүсү байкалат (2002-ж. 1,2%; 2005-ж. 2,9%). Ошол эле учурда электр энергия­сы, сырьё, түрдүү материал­дар, ө. ж. жабдуулары, азык-түлүк жетишпейт; өндүрүш каражаттарынын көбү эскирген. 2000- жылдардын ортосунан баштап банк сектору, кеме куруу, фармацевтика продукцияларын ж-а керектөө товарларын чыгаруу б-ча көптөгөн (айрыкча Кытай, Корей Респ-нын компанияла­ры м-н) биргелешкен ишканалар уюшулган. 1960-жылдардан расмий статистикалык маалы­маттар жарыяланбайт, бардык маалыматтар баа берүү мүнөзүндө (эл аралык уюмдардын, түш. корей маалыматтары). ИДПнин көлөмү 40 млрд доллар (2008), аны киши башына бөлүштүргөндө 1800 доллардан тура келет. ИДПнин структура­сында ө. ж-нын үлүшү 43,1%, тейлөө чөйрөсүнүкү 33,6%, а. ч-ныкы 23,3% (2002). ИДПнин 2008- жылдагы өнүгүүсү терс мааниде (–1,1%) бол­гон.
Ө. ж-нын башкы тармактары – минералдык сырьёлорду өндүрүү, электр-энергетика, метал­лургия, машина куруу, химия, цемент, токой ж-а жыгач иштетүү. Аскердик багыттагы про­дукцияларды чыгаруунун мааниси зор. Таш кө­мүр казып алуу кыскарууда (1990-ж. 50 млн т, 2002-ж. 15 млн т); жылына 25–30 млн т күрөң көмүр казылып алынат. 2007-ж. 21,72 млрд кВт.с (1990-ж. 55,5 млрд) электр энергиясы өндүрүлгөн. Электр энергиясынын негизин ГЭС ж-а көмүр м-н иштеген ЖЭС түзөт. ГЭС каскад­дары Тэрёнган д-нда (жалпы кубаттуулугу 750 миң кВт) ж-а Туманган д-нын куймаларында (482 миң кВт) курулган. Ири шаарларда жы­луулук электр борборлору иштейт. КЭДРде электр энергиясы өтө таңкыс; тиричиликти энер­гия м-н камсыз кылууда үзгүлтүктүүлүк мүнөздүү (Пхеньян ш-нан башкасында). Электр м-н кам­сыз кылуу системасы ж-а тармагы өтө эскир­ген. Жаңы Кэсон – Мунсан электр өткөргүчү Корей Респ-нын энергия системасы м-н туташ­тырылган. Деңиз порттору ж-а нефть куурлары аркылуу Ж. Чыгыш өлкөлөрүнөн, Кытайдан ж-а Корей Респ-нан нефть продуктулары импорт­толот. Кара металлургиянын сырьёлук базасын 2 ири – Мусан ж-а Ыллюль темир кендери түзөт.
Мусанда кен ачык жол м-н казып алынып, 2 ф-када ылганып, андан темир кенташтуу кон­центрат конвейер кууру (уз. 98 км) аркылуу Чхонжин металлургиялык з-дуна жеткирилет да, андан ары Кытайга жөнөтүлөт. Ыллюль ке­нинин кенташы Сонимдеги металлургия з-дуна ж-а Кансо ш-ндагы болот куюучу з-дго жетки­рилет. Кара металлургиянын ири ишканалары Чхонжин, Кимчхэк, Сонним, Нампхо, феррокуй­ма з-ду Пурён ш-нда жайгашкан. КЭДРде түстүү металл кенташтары (цинк, коргошун, жез, ни­кель, вольфрам, молибден) казылып алынат. Түстүү металлургиянын негизги борборлору: Нампхо, Мунчхон, Хэжу, Мунпхён, Танчхон. Машина куруу ө. ж. негизинен куралдарды, ас­кердик техниканы ж-а ок-дары чыгарууга ба­гытталган. Түрдүү артиллерия куралдарын (ар­тиллерия ж-а зенит куралдары, миномёт, пуле­мёт, автомат ж. б.), о. эле танк, орто ж-а жа­кын аралыктагы ракета, аскер кемелерин, суу асты м-н жүрүүчү кайык, аскер автомобилдерин ж. б. чыгарат. О. эле тоо-кен жабдууларын, электроника буюмдарын, станок, жол куруу техникасын (экскаватор, кран, гидравлика жаб­дууларын), а. ч. техникасын (трактор, бульдо­зер, трактор тетиктерин), жыгач даярдоочу тех­ника, тектиль жабдууларын чыгаруучу иш­каналары бар. Трансп. машина куруу ө. ж-на электровоз, локомотив, т. ж. вагондорун, кеме, автомобиль (жүк ташуучу автомобиль, автомо­биль кураштыруучу – жеңил, пикап, жүк та­шуучу чакан машина з-ддору), троллейбус, ав­тобус, велосипед чыгаруучу ишканалар кирет. Химия ө. ж. синтездик була, минералдык жер семирткич (калий, азот фосфор), синтездик ча­йыр, каустикалык сода, боёк, этилен, полиэти­лен, камыштан була, резина-тех. продукцияла­ры, автомобиль шинасы, фармацевтика буюм­дары ж. б. продукцияларды чыгарат. Цемент (2002-ж. 4 млн т өндүрүлгөн), кыш, айнек, фар­фор, карапа буюмдарын чыгаруучу ишканалар иштейт. Өлкөнүн түн. бөлүгүнүн тоолуу аймак­тарында жылына 600 миң м3 жыгач даярдалат.

Пхеньяндагы кийим тигүү фабрикасы.

Целлюлоза-кагаз ө. ж. иштейт. Текстиль ө. ж. жүн кездеме, тигүү ж-а трикотаж буюмдарын чы­гарат. Бут кийим, азем белек даядоочу ишкана­лары бар. Тамак-аш ө. ж-нда күрүч актоо, ун, кант, балык, балык-консерва, шарап, пиво, та­меки даярдоо ишканалары иштейт.

21-к-дын башталышынан өлкөнүн аймагынын 14% аянты иштетилет (1990-жылдары 20%). Пайдаланылуучу жердин негизги массивдери батыш ж-а чыгыш жээктериндеги түздүктөрдү ээлейт. Шор баскан ж-а кургакчыл жерлеринде ирригациялык иштер жүргүзүлгөн. 2000-жыл­дардын башталышында айдоо жердин 70%ке жакыны сугарылган. 1960–90-жылдары мамл. ж-а кооперациялык ири чарбалар басымдуулук кылган. Минералдык жер семирткичтер көп ча­чылгандыктан (шалы палдарынын 97% аянты­на жер семирткич пайдаланылган), топурак дег­радацияга дуушарланып, агын суу, көлдөр бул­ганган. 1990-жылдардын ортосунан а. ч. тех­никасын пайдалануу ж-а жер семирткич чачуу кескин кыскарган; 21-к-дын башында а. ч. иш­тери дээрлик кол м-н жүргүзүлгөн. 2002-жыл­кы реформада коллективдүү чарбанын ордуна үй-бүлөлүк ж-а жеке чарбалар түзүлө баштаган. 1990-жылдардын ортосу – 2000-жылдардын баш­талышындагы табигый кырсыктар (кургакчы­лык, суу каптоо) азык-түлүктүн таңкыстыгына алып келди. КЭДРге Батыш Европа өлкөлөрү, АКШ, Корей Респ., Япония, Кытай азык­түлүктөн жардам бере баштады.
Өсүмдүк айрыкча дан эгиндерин өстүрүү өнүк­көн. Негизгинен күрүч (шалы талаасынын аян­ты 840 миң га; 2007), жүгөрү эгилет. Дыйканчы­лык негизги аймагы – батыштагы түздүктөрдө, анда шалы, жүгөрү, буудай, арпа, дан буурчак, соя, өлкөнүн түн. бөлүгүндө сулу, кара буудай, таруу, ак жүгөрү, гаолян өстүрүлөт. Чыгыш жээктеринде тех. өсүмдүктөр: пахта, кант кы­зылчасы, тамеки, күн карама, кунжут, рапс, түн­дүгүндө картөшкө, түштүгүндө батат өстүрүлөт. Капуста, помидор, бадыраң, сарымсак, ашка­бак, түрп жылына 2–3 жолу түшүм берет. Ба-

Өлкөнүн батышындагы шалы талаасы.

тыштагы түздүктөрдө ж-а тоо этектеринде алма, алмурут, өрүк, шабдаалы, кайналы, алча өс­түрүлөт. Жибекчилик бардык жерде өнүккөн; женьшень, дары чөптөр чогултулат.

2007-ж. 3,2 млн чочко, 2,7 млн эчки, 0,57 млн бодо мал, 0,17 млн кой, 21 млн үй кушу асы­ралган. Бодо малы негизинен а. ч-да күч унаа катары пайдаланылат. Токой аянты 4,3 млн га, анын 3,7 млн гасы жетүүгө татаал жерлерде болгондуктан, жыгач даярдалбайт. Япон ж-а Сары деңиздерден балык (2007-ж. 268,7 миң т; минтай, иваси, сайда, сардина, сельд, тунец, макрель) кармалат. Сары деңизден креветка, кальмар, осьминог, устрица, краб, трепанга кармалат, деңиз балыры чогултулат. Көлмө­лөрдө карп, канада форели өстүрүлөт.

Тейлөө сектору

. КЭДРдин улуттук банкы – Кореянын «Чосон» Борб. банкы (1946) акча ка­ражаттары м-н камсыз кылат, мамл. бюжетти түзөт; бардык провинцияларда, шаарларда ж-а уезддерде жерг. өкүлчүлүктөрү (227) иштейт. Соода банкы (1959) сырткы соода операцияла­рын тейлейт. Атайын банктар, соода-экон. («Ра­сон») атайын экон. зона түзүлгөн. Туризм анча өнүккөн эмес; чет элдик туристтердин КЭДРге келишине чек коюлган. 2002-ж. 400 миңдей ту­рист келген (негизинен Корей Респ., Кытай, Россия, Япониядан келгендер); туризмден түшкөн киреше 150 млн доллар чамасында. Ички туризмин негизинен «кызыл туризм» (Ким Ир Сендин ж-а Ким Чен Ирдин рев-ялык иштерине байланыштуу жерлерди кыдыруу) ж-а дарылоо­ден соолук чыңдоо объектилери түзөт.

Транспорту

. Жүктүн ж-а жүргүнчүнүн негизги бөлүгү т. ж. аркылуу ташылат. Т. ж-нун уз. 5,24 миң км (2006), анын 3,5 миң кми электр­лештирилген (2000). Т. ж. батышындагы түздүк­төрдө жыш, түндүгүндө ж-а түш.-чыгыш чет-жа­касында салыштырмалуу сейрек. Ири т. ж. тү­йүндөрү: Пхеньян, Чхонжин; о. эле Хамхын, Вонсан, Саривон, Нампхо, Синыйжу. Автомо­биль жолунун уз. 75,5 миң км. 1970–2000-жыл­дары ылдам жүрүү автомагистралдары (уз. 653 км) курулган. Велосипед транспорту (а. и. 3 дөң­гөлөктүү жүк велосипеди) өнүккөн. Деңиз транс­порту сырткы соода жүктөрүнүн көбүн ташыйт. Ири порттору: Нампхо, Чхонжин, Хыннам, Нажин. Дарыя жолунун жалпы уз. 2253 км. 77 аэропорту бар; башкы эл аралык аэропорту – Сунан. Пхеньянда метрополитен иштейт.

Сырткы соодасы

. Экспортунун наркы 1466 млн, импортунуку 2979 млн доллар (2006). Экс­портко антрацит, темир кенташ концентраты, болот, түстүү металлдар, алтын, цемент, жибек ж-а жибек буюмдары, деңиз продуктуларын чыгарып, сырттан нефть ж-а нефть продукту­ларын, коксталуучу көмүр, жыгач, азык-түлүк (негизинен күрүч), машина куруу продуктула­рын (а. и. электрондук буюмдар), минералдык жер семирткич алат. Ири соода шериктери: Кытай, Корей Респ., Россия.

Билим берүүсү

. 1975-жылдан жалпыга мил­деттүү 11 жылдык акысыз билим берүү кирги­зилип, ал бир жылдык мектепке чейинки, 10 жылдык мектепте (4 жылдык башталгыч, 6 жылдык орто) билим берүүнү камтыган. Кесип­тик-тех. билим берүү орто билим берүү м-н ай­калыштыра жүргүзүлөт. 15 жашка чейинки кал­ктын сабаттуулугу 99%ти түзөт (2008). 1991- жылдан жогорку билим берүүнү реформалоо жүзөгө ашырылууда. 1995-ж. жогорку билимди реформалоонун долбоору ишке кирген. КЭДРде ун-ттер, мугалимдер ж-а тех. ин-ттары, адис­тештирилген коллеждер иштейт. Башкы ил. ме­кемелери, ЖОЖдору, китепканалары ж-а му­зейлери, а. и. ИА (1952), Ким Ир Сен атн. ун-т (1946) Пхеньян ш-нда жайгашкан.

Массалык-маалымат каражаттары

. Күн сайын жалпы тиражы 5 млнго жакын 11 наамдагы гезит чыгат (2008): «Минчжу Чосон» (1946), «Нодом синмун» (1945), «Чосон инмингун» (1948), «Нодон чхоннен» (1948) ж. б., «Кыллод­жа», «Чхоллима», «Чосон есуль», чет тилдерде чыгуучу «Корея», «Кorea Гуdaу» ж. б. журнал­дары бар. Радиоуктурууну (1945-жылдан) КЭДР Борб. ж-а Пхеньян радиостанциялары ишке ашырат. Телекөрсөтүүнү 1967-жылдан Борб. ж-а 1971-жылдан Кэсон телекөрсөтүүсү жүргүзөт.
Мамл. маалымат агенттиги – Корея телеграф агенттиги негизделген.

Адабияты

. К. 1948-ж. КЭДР түзүлүп, ад-ты со­циализм, жаңы мамлекетти куруу идеяларын пропагандалаган (Сон Ён, Пак Се Ён). 1946-ж. Пхеньянда Түн. К. ад-т ж-а иск-во ишмерлери­нин союзу негизделет. Анын негизги ишмерле­ри Түштүктөн Түндүккө саясий көз карашына байланыштуу өткөн адабиятчылар (Ли Ги Ён, Хан Со Ря ж. б.) болушкан. Алгачкы жылдары сов. жоокерлердин эрдигине арналган поэтика­лык чыгармалар пайда болгон (Пак Пхар Ян, Чо Ки Чхон). Чо Ки Чхондун япондорго кар­шы партизандык кыймыл ж-дөгү (1930-жылдар) «Пэктусан тоолору» (1947) эпикалык поэмасы

КЭДРдин акчасы – вона.

ж-а көп ырлары интернационалдык духта жа­зылган. Корея согушу (1950–53) ж-а согуштан кийинки мезгилдеги ад-т согуштун кесепетте­рин көрсөтүүгө, чарбаны калыбына келтирүүгө арналган. Совет ад-тынын салтын жолдоп, КЭДР жазуучулары публицистикага ж-а очерк­ке кайрылышкан. Көбүнчө карапайым адамдар­дын фр онт т огу ж-а т ыл дагы эр ди гин сүрөттөшкөн (Пён Хи Гын, Ли Тон Жун); рев­ялык күрөштүн жетекчиси катары Ким Ир Сен­ди даңктаган чыгармалар жаралган (Ли Хи Чхан ж. б.). Поэзия да публ. маанайда кеңири өнүккөн (Пак А Жи, Ли Чон Гу, Ли Чон Суль). 20-к-дын 2-жарымында партияны үгүттөө ка­ражаты каралган ад-тта чучхе идеясы өнүккөн (Ли Пён Су, Ли Тон Жун, Пён Хи Гын). Корей Респ-ндагы капитализм сынга алынган (Ом Хын Соп). Авторлор коллективи жараткан ж-а япон баскынчыларына каршы рев-ялык күрөштө жу­мушчу табынын ролун баяндаган «Гүл сатуучу аял», «Кандуу деңиз» романдары кеңири белгилүү.

Архитектурасы жана көркөм сүрөт искусствосу

1950–1953-жылдардагы Корея согушу бүткөндөн кийин архитектуранын өнүгүшү жапа чеккен шаар­лар менен кыштактарды калыбына келтирүүгө багытталган. Согуш жылдарында көркөм иск­усстводо агитациялык формадагы сатиралык пла­каттар жана баракчалар чыгарылган. Согуштан кийин кайрадан корей салтындагы тушь жана суу боёк живописи: пейзаж ,«гүл-чымчык» (сүрөтчүлөр Чха Де До, Ли Сок Хо), тарыхый жана турмуштук жанрлар (Ким Ён Чжун, Ли Пхан Чхан) жандана баштаган. Турмуштук жанрда­гы чыгармалар, Май живописи техникасында иштеген сүрөтчүлөрдүн, ошондой эле графика, айкел жаатындагы чыгармалар социалисттик реализмге жакындашкан. Жасалма-колдонмо өнөрүндө карапа жана фарфор буюм жасоодо, жыгачка жана сөөккө оюу салууда, бамбук, буласынан буюм согууда байыртадан сакталган ыкмалар жаңы техникалык деңгээл менен айкалыштырылган.

Музыкасы

. Мамлекет түзүлүшүнүн алгачкы жылдарында музыка маданият элдик жана массалык ыр­лардан турган. Музыкалык театрда негизги жанр – чхангык (классикалык музыкалык драма) жана кагык (улуттук салт менен орус жана европалык театрдын таж­рыйбасынын негизинде жаралган заманбап опе­ра; композиторлор Ли Мён Сан, Хван Хак Хын). 1945-жыл Пхеньянда Чоң симфониялык оркестр (азыр мамлекеттик симфониялык оркестр) түзүлгөн. 1948-жылы Мамлекеттик көркөм театр ачылып, биринчи жолу Ли Мён Сандын «Чхунхян кыз жөнүндө баян» операсы коюлган. 1949-жылы Пхеньянда консерватория ачылган, 1953-жылы Корея Элдик Демократия Республикасы композиторлор союзу түзүлгөн. 1950–1953-жылдары Корея согушу убагында Моран­бон тоосундагы жер астындагы залда Ю. С. Мей­тустун «Жаш гвардия» (1952), Ли Гон Унун «Менин бийиктигим», Пак Тон Силдин «Флот­чу» опералары коюлган. 1955-жылы Мамлекеттик көркөм театрдын жаңы имараты ачылып, Корея Элдик Демократия Республикасынын башкы музыкалык борбору болуп калды. Анда жаңы опералар, чхангык драмалары жана орус класси­калык опералары коюлган. 1955-жылы Мамлекеттик фи­лармония уюшулган, өлкөнүн музыкалык турмушун­да Корей элдик армиясынын ыр-бий, Пхеньян «Мансуде» ыр-бий, Корея эл аспаптар ансамбл­дери зор роль ойногон. Пхеньянда салттык иск­вонун Апрель фестивалы өтүп турат. 1980-жыл­дарда батыш музыкасынын элементтери кире баштаган. 2008-жылы Корея Элдик Демократия Республикасынын тарыхында бирин­чи жолу Америка Кошмо Штаттарынын симфониялык коллективи Нью-Йорк филармониялык оркестринин концерти болгон.

Театры жана бий өнөрү

Спорттук майрамдын ачылышы.

1947-жылы Пхеньянда Мамлекеттик ыкчам (кийинчерээк Мамлекеттик драма театр) жана анын алдында окуу жайы, 1948-жылы Пхеньян шаардык театры, Мамлекеттик куурчак театры, 1949-жылы Жаштар театры, Жумушчу театры жана башкалар түзүлгөн.

Театр коллективдери башка провин­цияларда да пайда боло баштаган. 1950–1953-жылдары Корея согушунун убагында аскер бөлүктөрү­нө бригадалар оюн көрсөтүшкөн

Согуштан ки­йин Пхеньянда «Моранбон» театры курулган, 1960-жылы Чоң театр ачылган. 1946-жылы Пхеньянда бий студиясы, 1952-жылы Цой Сын Хинин жетек­чилиги менен Мамл. балет студиясы түзүлгөн. 1949-жылы тарыхый темадагы Чхве Ок Саманын «Паняволь чебинин баяны» балети жаралган. 1948-жылы Пхеньянда Мамлекеттик көркөм театр уюшу­луп, анда корей композиторлорунун балеттери коюлган (Хван Хак Кын, Ким Ён Гю, Им Гын Мён). Провинцияларда улуттук жана европалык салт­тарды бириктирген туруктуу музыкалык-хореографиялык кол­лективдер түзүлгөн. Пхеньянда музыка жана драма театрлары иштейт: «Мансудэ» көркөм театры, Чыгыш-пхеньян Чоң театры, «Чхолима» мамлекеттик драма театры, «Понхва» мамлекеттик көркөм театры жана башкалар. Театр жана бий искусствосуна Ким Ван У, Ю Ын Ген, Ван Сен Хва, Цой Ен Ай, Тен Дек Вон, Ким Дях Ын, У Голь Сон жана башкалар зор салым ко­шушкан.

Театрлаштырылган «Ариран» майрамы­нан көрүнүш.

Киносу

1947-жылы Пхеньянда киностудия түзүл­гөн (1948-жылы мамлекеттик; 1958-жылы Көркөм жана даректүү тасмалардын корей киностудиясы). Корея Элдик Демократия Республикасында тар­тылган биринчи толук метраждуу тасма «Ме­нин Мекеним» (1949). 1950–1960-жылдарда кино искусствонун негизги жанры тарыхый-революция­лык тасмалар болгон. 1959-жылы Корея Элдик Демократия Республикасында бирин­чи экрандаштыруу жүзөгө ашырылган («Чхун­хян жөнүндө баян», режиссёру Юн Ён Гю). 1970–1980-жылдары Ким Ир Сендин чыгармалары экран­даштырылган («Гүл салгыч», режиссёру Чхве Ик Кю жана Пак Хак), дидактикалык комедиялар, көп сериялуу кино эпопеялар («Белгисиз баатырлар», режиссёру Ю Хо Сон жана Чхве Нам Сон) бөлүнүп кал­ган үй-бүлөлөрдүн азаптарын көрсөткөн тасмалар тартылган. 1980-жылдарда аскердик өнөрдүн

«Чхунхян жөнүндө баян» тасмасынан кадр. Юн Ён Г ю. 1959.

элементтери колдонулган («Хон Гиль Дон», режиссёру Ким Гиль Ын, 1986), спорт жөнүндөгү тасмалар чы­гарылган. Түндүк кореялык кинематографиянын

өнүгүшүнө түштүк кореялык режиссёр Син Сан Ок зор салым кошкон. («О, менин сүйүүм», 1985; «Туз», 1985, Москва Эл аралык кино фестивалынын (ЭКФ) сыйлыгы); Корея Элдик Демократия Республикасында биринчи фантастикалык жомок («Пульгасар» тасмасы, 1985). 1990-жылдары 56 сериялуу «Улут жана тагдыр» кино эпопеясын тартуу жүзөгө ашырыл­ган. 1990–2000-жылдары «Стадиондун жашыл талаасында» (2001, режиссёру Рим Чхан Бом), «Мектеп окуучусунун күндөлүгү», (2006, режиссёру Чан Ин Хак) анимациялык «Император айым Чун» (2005) жана башка тасмалары чыккан.


Ад.: Ким Жен Хи. Архитектура корейского народа // Советская архитектура. 1952. Сб. 2; Прокофьев О. С. Современное искусство социалистических стран Востока. М., 1961; Страны и народы Зарубежной Азии. Восточная и Центральная Азия. М., 1982; Большов И. Г., Толорая Г. Д. Корейская Народно- Демократическая Республика. М., 1987; Корейская Народно-Демократическая Республика. Справочник. М., 1988; Бажанова Н. Е. Внешнеэкономические связи КНДР. В поисках выхода из тупика. М., 1993; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Корея: Карманная энциклопедия. М., 2000; Корейская литература с древнейших времен до начала XX в.: Краткий очерк. М., 2000; История Кореи (Новое прочтение). М., 2003; Пак Чжон Чжу. Влияние русской литературы и театра на развитие театра Северной и Южной Кореи // Театр. Живопись. Кино. Музыка. М., 2005. Вып. 2; Жебин А. З. Эволюция политической системы КНДР в условиях глобальных перемен. М., 2006; Большая Российская энциклопе­дия. Т. 15. М., 2010.