КОНЧАЛОВСКИЙ Пётр Петрович: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОНЧАЛО&#769;ВСКИЙ</b> Пётр Петрович [9 (25). 2. 1876, Славянск Харьков губ. – 2. 2. 1956, Москва] – орус совет живописчи, РСФСР эл сүрөтчүсү (1946), СССР сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1947). СССР мамл. сыйл. (1943) лауреаты. К. – “Момундун валети» деген бирикмени негиздегендердин бири.
<b type='title'>КОНЧАЛО&#769;ВСКИЙ</b> Пётр Петрович [9 (25). 2. 1876, Славянск Харьков губерниясы – 2. 2. 1956, Москва] – орус совет живописчи, РСФСР эл сүрөтчүсү (1946), СССР сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1947). СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1943) лауреаты. П.&nbsp;Кончаловский «Момундун валети» деген бирикмени негиздегендердин бири.


[[File:КОНЧАЛОВСКИЙ23.png | thumb | Композитор С. С. Про&shy;кофьевдин портрети. 1934.
[[File:КОНЧАЛОВСКИЙ23.png | thumb | Композитор С. С. Про&shy;кофьевдин портрети. 1934.
]]Алгач примитивизм м-н кубизмдин таасиринде жүргөн. Октябрь рев-ясынан кийин реалисттик жолго түшкөн. Ал ар түрдүү жанрда (портрет, сюжеттүү-тематикалык сүрөт, натюрморт, пейзаж) иштеген. Мыкты полотнолору: В. Э. Мейерхольддун портрети (1938), «А. Н. Толстой сүрөтчүнүн мейманы» (1941), «Ав&shy;топортрет» (1953). К-дин «Сирень» (1933), «Каракурлар» (1939) өңдүү натюрморттору, «Түштө» (1947), «Чөп чабыктан» (1948) сыяктуу жанр&shy;дык чыгармалары кайталангыс өзүнчөлүгү, ажардуулугу м-н айырмаланат. Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.
]]Алгач примитивизм менен кубизмдин таасиринде жүргөн. Октябрь революциясынан кийин реалисттик жолго түшкөн. Ал ар түрдүү жанрда (портрет, сюжеттүү-тематикалык сүрөт, натюрморт, пейзаж) иштеген. Мыкты полотнолору: В. Э. Мейерхольддун портрети (1938), «А. Н. Толстой сүрөтчүнүн мейманы» (1941), «Ав&shy;топортрет» (1953). Кончаловскийдин «Сирень» (1933), «Каракурлар» (1939) өңдүү натюрморттору, «Түштө» (1947), «Чөп чабыктан» (1948) сыяктуу жанр&shy;дык чыгармалары кайталангыс өзүнчөлүгү, ажардуулугу менен айырмаланат. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
[[Категория:4-том,_403-452_бб]]
[[Категория:4-том, 403-452 бб]]
 

05:21, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОНЧАЛО́ВСКИЙ Пётр Петрович [9 (25). 2. 1876, Славянск Харьков губерниясы – 2. 2. 1956, Москва] – орус совет живописчи, РСФСР эл сүрөтчүсү (1946), СССР сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1947). СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1943) лауреаты. П. Кончаловский – «Момундун валети» деген бирикмени негиздегендердин бири.

Композитор С. С. Про­кофьевдин портрети. 1934.

Алгач примитивизм менен кубизмдин таасиринде жүргөн. Октябрь революциясынан кийин реалисттик жолго түшкөн. Ал ар түрдүү жанрда (портрет, сюжеттүү-тематикалык сүрөт, натюрморт, пейзаж) иштеген. Мыкты полотнолору: В. Э. Мейерхольддун портрети (1938), «А. Н. Толстой сүрөтчүнүн мейманы» (1941), «Ав­топортрет» (1953). Кончаловскийдин «Сирень» (1933), «Каракурлар» (1939) өңдүү натюрморттору, «Түштө» (1947), «Чөп чабыктан» (1948) сыяктуу жанр­дык чыгармалары кайталангыс өзүнчөлүгү, ажардуулугу менен айырмаланат. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.