КУЮШКАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КУЮШКАН – ат жабдыктарынын бири; ээрди алдыга жылдырбоо үчүн туюк жагы унаанын куйрук астына илинип, эки бөлөк жагы кайчыланып, учу ээрдин арткы актасындагы чагарактарына же куткунуна бекитилүүчү каттай кайылган же өрүлгөн кош кайыш. Унаанын куймулчагын

жоорутпас үчүн кайыш сыртына кийиз капталат. К-дын эки жак жүздөмөлөрүн (учу илмекей, сүйрүрөөк келген томпокчо) бириктирген чагарагы (быдыр жолчолору бар шакекче) жана аттын соорусунан түшүп турган кайышка чабылган кош солоңдору болот. К-дык кайыш кошунду аркылуу биригет. К-дын үстү жагы темир, жез, күмүш сүзмөлөр, купалар менен асемделет.