КУЮШКАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЮШКАН – ат жабдыктарынын бири; ээрди алдыга жылдырбоо үчүн туюк жагы унаанын куйрук астына илинип, эки бөлөк жагы кайчыланып, учу ээрдин арткы актасында­гы чагарактарына же куткунуна бекитилүүчү каттай кайылган же өрүл­гөн кош кайыш. Унаанын куймулчагын

жоорутпас үчүн кайыш сыртына кийиз капталат. К-дын эки жак жүздөмөлөрүн (учу илмекей, сүйрүрөөк келген томпокчо) бириктирген чагарагы (быдыр жолчолору бар ша­кекче) жана аттын соорусунан түшүп турган ка­йышка чабылган кош солоңдору болот. К-дык кайыш кошунду аркылуу биригет. К-дын үстү жагы темир, жез, күмүш сүзмөлөр, купалар менен асемделет.