КЕҢЕШ (Өзгөн районундагы кыш­так): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

09:48, 23 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЕҢЕШ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыш­так. Баш-Дөбө айыл округуна караштуу. Жазы суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 950 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаары­нан 6 км түндүк тарапта. Кара-Суу темир жол бекети­нен 60 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Кал­кы 1611 (2022); негизинен дыйкан чарбаларын­да эмгектенет. Орто мектеп бар.