КЕҢЕШ (Өзгөн районундагы кыштак)
(КЕҢЕШ 4 барагынан багытталды)
КЕҢЕШ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Баш-Дөбө айыл округуна караштуу. Жазы суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 950 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 6 км түндүк тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 60 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1611 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп бар.