КЫЗЫЛЧА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КЫЗЫЛЧА</b> (Beta L.) – шакардуулар тукумундагы эки жылдык өсүмдүк уруусу. Жапайы К-нын 15тей түрү Батыш Европа, Батыш Азия, Жер Ортолук деңиз боюнда, Индияда кездешет. Эгилме К. кадимки галофит К-сынан таралган.<br>
<b type='title'>КЫЗЫЛЧА</b> (Beta L.) – шакардуулар тукумундагы эки жылдык өсүмдүк уруусу. Жапайы   кызылчанын 15тей түрү Батыш Европа, Батыш Азия, Жер Ортолук деңиз боюнда, Индияда кездешет. Эгилме кызылча  кадимки галофит кызылчасынан таралган.<br>Ал б. з. ч. 1,5–2 миң жыл мурда Ассирия, Вавилония, Иран, Арменияда жашылча, дары-&shy;дармек өсүмдүгү катары өстүрүлгөн. Кадимки кызылчанын 1-жылы азык-тамыры ж-а топтошкон жөнөкөй ири жалбырактары чыгат. 2-жылы гүлдөп, урук байлайт. Гүлү эки жыныстуу, жа&shy;шыл же агыш. Курт-кумурска ж-а шамал ар&shy;кылуу кайчылаш чаңдашат. Бүчүр сымал мөмөсү 2–6дан биригип өсүп, ичинде уруктары болот. Эгилме кызылчанын түрчөлөрү: жалбырагы жашылча катары пайдаланылуучу жалбырактуу кызылчв. же мангольд кызыласы ж-а кадимки азык тамырлу  кызылча (<i>аш кызылчасы, кант кызылчасы,</i> тоют кызылчасы). Кызылчанын үрөндук уругун өстүрүүнүн 2 жолу бар; 1) кайра отургузуу жолу. Кызылчанын биринчи жылкы майда азык тамырын күзүндө казып алып, талаанын четиндеги аңга көөмп сактайт. Жазында иргеп, талаага отургузулат да, уругу алынат; 2) «түз», башкача  айтканда,  кайра отургузбастан   эле түшүм алуу жолу. Мында жайында, күзүндө талаага кызылчанын уругу себилет. Кызылча  өсүп чыгып, 5–8 жуп жалбырак байлап, кыш келгенде өсүшүн ток&shy;тотот. Кийинки жылы талаадагы өсүмдүк кайра жанданып, гүлдөй турган сабагы өсүп чыгып, урук берет. Мында продукциянын өз наркы төмөн болуп, айыл чарба  жумуштарын механикалаштырууга ыңгайлуу келет. Бул ыкма кышы жумшак зонада (Кыргызстандын Чүй өрөөнү) колдонууга ылайыктуу.
Ал б. з. ч. 1,5–2 миң жыл мурда Ассирия, Вавилония, Иран, Арменияда жашылча, дары&shy;дармек өсүмдүгү катары өстүрүлгөн. Кадимки К-нын 1-жылы азык-тамыры ж-а топтошкон жөнөкөй ири жалбырактары чыгат. 2-жылы гүлдөп, урук байлайт. Гүлү эки жыныстуу, жа&shy;шыл же агыш. Курт-кумурска ж-а шамал ар&shy;кылуу кайчылаш чаңдашат. Бүчүр сымал мөмөсү
2–6дан биригип өсүп, ичинде уруктары болот.<br>
Эгилме К-нын түрчөлөрү: жалбырагы жашылча катары пайдаланылуучу жалбырак К. же мангольд К-сы ж-а кадимки азык тамыр К. (<i>аш кызылчасы, кант кызылчасы,</i> тоют кызылчасы). К-нын үрөндук уругун өстүрүүнүн 2 жолу бар; 1) кайра отургузуу жолу. К-нын биринчи жылкы майда азык тамырын күзүндө казып алып, талаанын четиндеги аңга көөмп сактайт. Жазында иргеп, талаага отургузулат да, уругу алынат; 2) «түз», б. а. кайра отургузбастан түшүм алуу жолу. Мында жайында, күзүндө талаага К-нын уругу себилет. К. өсүп чыгып, 5–8 жуп жалбырак байлап, кыш келгенде өсүшүн ток&shy;тотот. Кийинки жылы талаадагы өсүмдүк кайра жанданып, гүлдөй турган сабагы өсүп чыгып, урук берет. Мында продукциянын өз наркы төмөн болуп, а. ч. жумуштарын механикалаштырууга ыңгайлуу келет. Бул ыкма кышы жумшак зонада (Кырг-ндын Чүй өрөөнү) колдонууга ылайыктуу.
[[Категория:4-том, 657-736 бб]]
[[Категория:4-том, 657-736 бб]]

09:01, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КЫЗЫЛЧА (Beta L.) – шакардуулар тукумундагы эки жылдык өсүмдүк уруусу. Жапайы кызылчанын 15тей түрү Батыш Европа, Батыш Азия, Жер Ортолук деңиз боюнда, Индияда кездешет. Эгилме кызылча кадимки галофит кызылчасынан таралган.
Ал б. з. ч. 1,5–2 миң жыл мурда Ассирия, Вавилония, Иран, Арменияда жашылча, дары-­дармек өсүмдүгү катары өстүрүлгөн. Кадимки кызылчанын 1-жылы азык-тамыры ж-а топтошкон жөнөкөй ири жалбырактары чыгат. 2-жылы гүлдөп, урук байлайт. Гүлү эки жыныстуу, жа­шыл же агыш. Курт-кумурска ж-а шамал ар­кылуу кайчылаш чаңдашат. Бүчүр сымал мөмөсү 2–6дан биригип өсүп, ичинде уруктары болот. Эгилме кызылчанын түрчөлөрү: жалбырагы жашылча катары пайдаланылуучу жалбырактуу кызылчв. же мангольд кызыласы ж-а кадимки азык тамырлу кызылча (аш кызылчасы, кант кызылчасы, тоют кызылчасы). Кызылчанын үрөндук уругун өстүрүүнүн 2 жолу бар; 1) кайра отургузуу жолу. Кызылчанын биринчи жылкы майда азык тамырын күзүндө казып алып, талаанын четиндеги аңга көөмп сактайт. Жазында иргеп, талаага отургузулат да, уругу алынат; 2) «түз», башкача айтканда, кайра отургузбастан эле түшүм алуу жолу. Мында жайында, күзүндө талаага кызылчанын уругу себилет. Кызылча өсүп чыгып, 5–8 жуп жалбырак байлап, кыш келгенде өсүшүн ток­тотот. Кийинки жылы талаадагы өсүмдүк кайра жанданып, гүлдөй турган сабагы өсүп чыгып, урук берет. Мында продукциянын өз наркы төмөн болуп, айыл чарба жумуштарын механикалаштырууга ыңгайлуу келет. Бул ыкма кышы жумшак зонада (Кыргызстандын Чүй өрөөнү) колдонууга ылайыктуу.