КЫЗЫЛ ВОЛЧАНКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЫЗЫЛ ВОЛЧА́НКА</b> <i>– коллаген ооруларынын</i> бири. Анын оорулуунун жалпы абалына анча таасир тийгизбей, терини жабыркатуучу өнөкөт (тегерек тактар пайда болот) ж-а жалпы (систе­малык) түрү кездешет. Өнөкөт | <b type='title'>КЫЗЫЛ ВОЛЧА́НКА</b> <i>– коллаген ооруларынын</i> бири. Анын оорулуунун жалпы абалына анча таасир тийгизбей, терини жабыркатуучу өнөкөт (тегерек тактар пайда болот) ж-а жалпы (систе­малык) түрү кездешет. Өнөкөт кызыл волчанкада теринин кээ бир жери кызарып, агыш-бозомук түрпүчөлөр м-н капталып, акырындык м-н чоңоюп, кийинчерээк алардын ортосундагы тери жука­рып, тырык пайда болот. Көбүнчө бет териси, чачтын арасы, кулак жабыркайт. Бул оору көп жыл бою созулуп, жаз, жай айларында күчөйт. Жалпы кызыл волчанка көпчүлүк орган ж-а системалардын жабыркашы м-н мүнөздөлөт. Ал кан тамыр ж-а туташтырма тканды системалуу түрдө бузат. Ооруга күнгө күйүү, үшүк алуу, дарылар (антибиотиктер ж. б.), кош бойлуулук ж. б. түрткү берет. Оорулуунун муундары жабыркап, кез-кезде же дайыма ооруп, шишип, кызарат. Ал муун, тарамыштарга да тарайт. Териге түрдүү кызыл чыгып, көпчүлүк оорулуунун чачы түшүп, териси кургап, тырмактары сынат. Ошондой эле жүрөк, өпкө, бөйрөк, көздү ж-а нерв система­сын жабыркатат. Кээде ичеги, карын, лимфа сис­темасынын иши бузулат. Дарылоодо безгекке каршы дарылардын ичинен сезгенүүгө каршы таасир берүүчү синтез жолу м-н алынган дары-­дармектер, <i>гормондор, витаминдер,</i> май дарылары ж. б. колдонулат. | ||
[[Категория:4-том, 657-736 бб]] | [[Категория:4-том, 657-736 бб]] | ||
08:15, 12 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КЫЗЫЛ ВОЛЧА́НКА – коллаген ооруларынын бири. Анын оорулуунун жалпы абалына анча таасир тийгизбей, терини жабыркатуучу өнөкөт (тегерек тактар пайда болот) ж-а жалпы (системалык) түрү кездешет. Өнөкөт кызыл волчанкада теринин кээ бир жери кызарып, агыш-бозомук түрпүчөлөр м-н капталып, акырындык м-н чоңоюп, кийинчерээк алардын ортосундагы тери жукарып, тырык пайда болот. Көбүнчө бет териси, чачтын арасы, кулак жабыркайт. Бул оору көп жыл бою созулуп, жаз, жай айларында күчөйт. Жалпы кызыл волчанка көпчүлүк орган ж-а системалардын жабыркашы м-н мүнөздөлөт. Ал кан тамыр ж-а туташтырма тканды системалуу түрдө бузат. Ооруга күнгө күйүү, үшүк алуу, дарылар (антибиотиктер ж. б.), кош бойлуулук ж. б. түрткү берет. Оорулуунун муундары жабыркап, кез-кезде же дайыма ооруп, шишип, кызарат. Ал муун, тарамыштарга да тарайт. Териге түрдүү кызыл чыгып, көпчүлүк оорулуунун чачы түшүп, териси кургап, тырмактары сынат. Ошондой эле жүрөк, өпкө, бөйрөк, көздү ж-а нерв системасын жабыркатат. Кээде ичеги, карын, лимфа системасынын иши бузулат. Дарылоодо безгекке каршы дарылардын ичинен сезгенүүгө каршы таасир берүүчү синтез жолу м-н алынган дары-дармектер, гормондор, витаминдер, май дарылары ж. б. колдонулат.