КЫЗЫЛ-БУЛАК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЫЗЫЛ-БУЛАК – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыштак. Т. Кулатов атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1340 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 48 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 14 км. Калкы 1380 (2009); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто ж-а негизги мектеп, китепкана, бала бакча, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тегирмен, мончо иштейт. Кыштакта мамл. кызматкер Т. Кулатов туулган.