КЫЗЫЛ-БУЛАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-БУЛАК – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыштак. Т. Кулатов атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1340 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 48 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 14 км. Калкы 1380 (2009); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто ж-а негизги мектеп, китепкана, бала бакча, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тегирмен, мончо иштейт. Кыштакта мамл. кызматкер Т. Кулатов туулган.