КЕМЕР (белге курчалуучу кур): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КЕМЕР to КЕМЕР (белге курчалуучу кур)) |
(Айырма жок)
| |
07:35, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕМЕР – сырт кийимдин тышынан белге курчалуучу кур. Ал жогорку сапаттагы кайыштан жазылыгы алакандай жасалат. Кемер кыргыздардын салттуу турмушунда адамдын бир курактан экинчи куракка өткөнүн билгизет. Аны жигит курагына киргенден баштап курчанышат.

Кемер – жигиттик намыстын, жоопкерчиликтин, тайманбастыктын белгиси. Жасалышына карай жөнөкөй кемер, күмүш кемер деп бөлүнгөн. Тогоосу темирден жазы жасалып, кайыштын сырткы бетине көркөмдөлүп, күмүш чаптырылат.