КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР</b> Кыргызстандын түндүгүндө табылган коло кенчтер жана казыналар аймакта биздин заманга чейинки XII–IX кылымдарда металл иштетүү болгондугун далилдейт. | <b type='title'>КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР</b> Кыргызстандын түндүгүндө табылган коло кенчтер жана казыналар аймакта биздин заманга чейинки XII–IX кылымдарда металл иштетүү болгондугун далилдейт. | ||
Алар археология или­минде Жети-Суу очогу деп аталат. Жети-Суу очогунан 12 кенч табылып, анда 100дөн ашык буюм болгон. 12 кенчтин тогузу Чүй өрөөнүндөгү Садовый айылынан Ысык-Көлдүн Ак-Суу району­нун Каракол айылына чейинки аймакта табылган. | Алар археология или­минде Жети-Суу очогу деп аталат. Жети-Суу очогунан 12 кенч табылып, анда 100дөн ашык буюм болгон. 12 кенчтин тогузу Чүй өрөөнүндөгү Садовый айылынан Ысык-Көлдүн Ак-Суу району­нун Каракол айылына чейинки аймакта табылган. | ||
09:54, 18 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОЛО ДООРУНДАГЫ КЕНЧТЕР Кыргызстандын түндүгүндө табылган коло кенчтер жана казыналар аймакта биздин заманга чейинки XII–IX кылымдарда металл иштетүү болгондугун далилдейт.
Алар археология илиминде Жети-Суу очогу деп аталат. Жети-Суу очогунан 12 кенч табылып, анда 100дөн ашык буюм болгон. 12 кенчтин тогузу Чүй өрөөнүндөгү Садовый айылынан Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Каракол айылына чейинки аймакта табылган.

Металл өндүрүү жана андан буюмдарды жасоо технологиясы коло доорунун маданиятын окуп үйрөнүүдө мааниси зор. А. Д. Дегтяреванын изилдөөсү боюнча Жети-Суу очогунда коло буюмдарын даярдоодо коргошун, висмут, күмүш, мышьяк көп кошулуп, калыпка куюлгандан кийин металлдын сапатына жараша ысытып, кээде муздак да чабышкан. Жети-Суунун байыркы металл иштетүүчүлөрүнүн салттуу такшалган ыкмалары болгон, алар укумдан-тукумга өтүп турган. Профессор Е. Е. Кузьмина Орто Азиядагы коло доорунун кенчтерин эки түргө айырмалайт:

1) уютулган коло, куюлуп жасалган жана жарым-жартылай даяр буюмдар; 2) эмгек, согуш куралдары, кооздуктар жана өздүк буюмдар. Коло доорундагы кенчтер жеке менчиктин пайда болушу, өз ара согуштардын тереңдеши, мүлктүк теңсиздиктин жогорулашы, металл иштетүүчүлөрдүн өз алдынча адистеши, соода, алмашуунун өнүгүшү менен байланыштуу.