КОЛЫМА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЛЫМА́ – Азиянын түн.-чыгышындагы дарыя. Магадан обл. м-н Якутиянын аймагында. Уз. 2600 км, алабынын аянты 647 миң км2. Халкан кырка тоосунан башталган Кулу ж-а Аян-Юрях д-нын кошулушунан пайда болот. Жогорку бөлүгүндө босоголорду, сайроондорду пайда кылат, төмөн жагында Колыма ойдуңу (1150 км) аркылуу өтүп, Чыгыш Сибирь деңизиндеги Колыма булуңуна куярда аянты 3250 км2, уз. 130 кмге жеткен дельтаны түзөт. Негизги куймалары: Детрин, Бахапча, Буюнда, Балыгычан, Сугой, Корколон, Берёзовка, Омолон, Анюй (оң); Сеймчан, Поповка, Ясачная, Ожогина, Седедема (сол). Суусунун деңгээли 14 мге
чейин өзгөрөт. Орт. чыгымы 3900 м3/сек, эң көбү
25100 м3/сек (июнь), эң азы 23,5 м3/сек (апрель). Кар (47%), жамгыр (42%) ж-а булак сууларынан (11%) куралат. Майдын ортосунан октябрга чейин суусу кирет. Сентябрдын аягы – октябрдан майдын 2-жарымы – июнга чейин муз
каптайт. Кышында үйөр пайда болот. Бахапчинин чатынан (Усть-Среднекандан туруктуу) кеме жүрөт. Дебиндин чатынан жогорураак Кoлыма ГЭСи курулган (1984); Усть-Среднекан ГЭСи курулууда (2008). Төмөнкү агымында балык кармалат. Боюнда Среднеколымск ш. жайгашкан; негизги порттору: Усть-Среднекан, Зырянка,
чатында – Черский, Зелёный Мыс, Край Лесов.
К-нын алабында алтын кендери бар.
Ад.: Давыдов Л. К. Гидрография СССР. Ч. 2. Л., 1955; Ресурсы поверхностных вод СССР. Л., 1969. Т. 19; Геоэкологическое состояние арктического побережья России и безопасность природопользования. М., 2007.