КОЛЫМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЫМА́ – Азиянын түн.-чыгышындагы да­рыя. Магадан обл. м-н Якутиянын аймагында. Уз. 2600 км, алабынын аянты 647 миң км2. Халкан кырка тоосунан башталган Кулу ж-а Аян-Юрях д-нын кошулушунан пайда болот. Жогорку бөлүгүндө босоголорду, сайроондорду пайда кылат, төмөн жагында Колыма ойдуңу (1150 км) аркылуу өтүп, Чыгыш Сибирь деңизин­деги Колыма булуңуна куярда аянты 3250 км2, уз. 130 кмге жеткен дельтаны түзөт. Негизги куймалары: Детрин, Бахапча, Буюнда, Балы­гычан, Сугой, Корколон, Берёзовка, Омолон, Анюй (оң); Сеймчан, Поповка, Ясачная, Ожо­гина, Седедема (сол). Суусунун деңгээли 14 мге чейин өзгөрөт. Орт. чыгымы 3900 м3/сек, эң көбү 25100 м3/сек (июнь), эң азы 23,5 м3/сек (апрель). Кар (47%), жамгыр (42%) ж-а булак суулары­нан (11%) куралат. Майдын ортосунан октябр­га чейин суусу кирет. Сентябрдын аягы – ок­тябрдан майдын 2-жарымы – июнга чейин муз каптайт. Кышында үйөр пайда болот. Бахапчи­нин чатынан (Усть-Среднекандан туруктуу) кеме жүрөт. Дебиндин чатынан жогорураак Кoлыма ГЭСи курулган (1984); Усть-Среднекан ГЭСи ку­рулууда (2008). Төмөнкү агымында балык кар­малат. Боюнда Среднеколымск ш. жайгашкан; негизги порттору: Усть-Среднекан, Зырянка, чатында – Черский, Зелёный Мыс, Край Лесов.
К-нын алабында алтын кендери бар.


Ад.: Давыдов Л. К. Гидрография СССР. Ч. 2. Л., 1955; Ресурсы поверхностных вод СССР. Л., 1969. Т. 19; Геоэкологическое состояние арктического побережья России и безопасность природопользования. М., 2007.