КОЛЛОИД СИСТЕМАЛАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЛЛО́ИД СИСТЕМАЛАРЫ</b> – ири дисперсия­лык системалар м-н чыныгы эритмелердин ор­тосундагы дисперсиялык системалар. Алар дис­персиялык фазасынын өлчөмү 10<sup>–</sup><sup>6</sup>–10<sup>–</sup><sup>7 </sup><i>см</i>, ал | <b type='title'>КОЛЛО́ИД СИСТЕМАЛАРЫ</b> – ири дисперсия­лык системалар м-н чыныгы эритмелердин ор­тосундагы дисперсиялык системалар. Алар дис­персиялык фазасынын өлчөмү 10<sup>–</sup><sup>6</sup>–10<sup>–</sup><sup>7 </sup><i>см</i>, ал эми дисперсиялык чөйрөсү 10<sup>–</sup><sup>7</sup>–10<sup>–</sup><sup>8 </sup><i>см</i> турган гетерогендүү системалар. Газда ж-а суюктукта алар тынымсыз эркин кыймылда болуп, диспер­сиялык чөйрөгө текши таралат. Мындай эркин дисперсиялуу коллоид системалары (түтүн, золдор) туруктуу ке­лишет да, седиментацияланбайт, башкача айтканда чөкмө пай­да кылбайт. Коллоид системаларындагы дисперсиялык фазанын бөлүкчөлөрү дисперсиялык чөйрөнүн молекула­лары м-н жакшы аракеттенсе, лиофилдүү кол­лоиддер пайда болот. Алардын фазалар аралык беттик тартылуу кубаты өтө аз. Лиофилдүү кол­лоиддер катуу заттын ири бөлүкчөлөрүнүн же суюктуктун тамчысы эң майда коллоиддик бө­лүкчөлөргө же мицеллаларга майдаланышынан пайда болот. Коллоид системаларынын бөлүкчөлөрү дисперсия­лык чөйрө м-н өз ара начар аракеттенсе, лио­фобдуу коллоиддер пайда болот. Буларда фаза­лар аралык тартылуу күчү көп. Ошондуктан кол­лоиддик бөлүкчөлөр ириленип, эркин беттик кубатты азайтат. Ал лиофобдуу коллоиддердин бузулушуна алып келет. Лиофобдуу коллоид­дердин туруктуулугун сактоо үчүн стабилизатор (бөлүкчөлөрдүн биригип жабышуусун токтотуу­чу заттар) колдонулат. Коллоид системаларына силикат жели­мине окшош заттар, <i>суспензиялар,</i> чаң, түтүн, көбүктөр, эмульсиялар, туман, металлдардын гидро­ ж-а органозолдору ж. б. кирет. | ||
эми дисперсиялык чөйрөсү 10<sup>–</sup><sup>7</sup>–10<sup>–</sup><sup>8 </sup><i>см</i> турган | |||
гетерогендүү системалар. Газда ж-а суюктукта алар тынымсыз эркин кыймылда болуп, диспер­сиялык чөйрөгө текши таралат. Мындай эркин дисперсиялуу | |||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
09:31, 18 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОЛЛО́ИД СИСТЕМАЛАРЫ – ири дисперсиялык системалар м-н чыныгы эритмелердин ортосундагы дисперсиялык системалар. Алар дисперсиялык фазасынын өлчөмү 10–6–10–7 см, ал эми дисперсиялык чөйрөсү 10–7–10–8 см турган гетерогендүү системалар. Газда ж-а суюктукта алар тынымсыз эркин кыймылда болуп, дисперсиялык чөйрөгө текши таралат. Мындай эркин дисперсиялуу коллоид системалары (түтүн, золдор) туруктуу келишет да, седиментацияланбайт, башкача айтканда чөкмө пайда кылбайт. Коллоид системаларындагы дисперсиялык фазанын бөлүкчөлөрү дисперсиялык чөйрөнүн молекулалары м-н жакшы аракеттенсе, лиофилдүү коллоиддер пайда болот. Алардын фазалар аралык беттик тартылуу кубаты өтө аз. Лиофилдүү коллоиддер катуу заттын ири бөлүкчөлөрүнүн же суюктуктун тамчысы эң майда коллоиддик бөлүкчөлөргө же мицеллаларга майдаланышынан пайда болот. Коллоид системаларынын бөлүкчөлөрү дисперсиялык чөйрө м-н өз ара начар аракеттенсе, лиофобдуу коллоиддер пайда болот. Буларда фазалар аралык тартылуу күчү көп. Ошондуктан коллоиддик бөлүкчөлөр ириленип, эркин беттик кубатты азайтат. Ал лиофобдуу коллоиддердин бузулушуна алып келет. Лиофобдуу коллоиддердин туруктуулугун сактоо үчүн стабилизатор (бөлүкчөлөрдүн биригип жабышуусун токтотуучу заттар) колдонулат. Коллоид системаларына силикат желимине окшош заттар, суспензиялар, чаң, түтүн, көбүктөр, эмульсиялар, туман, металлдардын гидро ж-а органозолдору ж. б. кирет.