КОЛЛЕКТИВДҮҮ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЛЛЕКТИВДҮҮ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК</b> – бир нече | <b type='title'>КОЛЛЕКТИВДҮҮ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК</b> – бир нече автордун биригип, бир чыгарма жазууга каты­шуусу. Көркөм адабиятта эки түрдө кезигет: 1) эл­дик оозеки чыгармалар (эпос, ыр, анекдот, жо­мок, кошок, арман, макал-лакаптар ж. б.) түпкүлүгүндө бир киши тарабынан жаратылган болсо да, улам кийинки урпактар алымча-ко­шумча киргизип отуруп, ал коллективдик жал­пы белгилерди камтып калган. Мисалы, уламыш­та Манас каза болгондо чоросу Ырчы уулдун анын баатырдык иштерин кошуп ырдаганы «Манас» эпосунун уюткусун түзгөн делет. Мын­дай чыгармалардын жеке авторун табуу мүмкүн эмес, ошондуктан булар коллективдүү чыгармачылык м-н жа­ралган элдик мурастар; 2) кээде жазма адабиятта да бир топ автор биригип, бир чыгарманы иш­теши мүмкүн. Мисалы, «Семетей» эпосунун моти­винде акындар Ж. <i>Турусбеков,</i> Ж. <i>Бөкөнбаев,</i> К. <i>Маликов</i> «Айчүрөк» операсынын либретто­сун жазышкан. | ||
автордун биригип, бир чыгарма жазууга каты­шуусу. Көркөм | |||
«Манас» эпосунун уюткусун түзгөн делет. Мын­дай чыгармалардын жеке авторун табуу мүмкүн эмес, ошондуктан булар | |||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
07:39, 18 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОЛЛЕКТИВДҮҮ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК – бир нече автордун биригип, бир чыгарма жазууга катышуусу. Көркөм адабиятта эки түрдө кезигет: 1) элдик оозеки чыгармалар (эпос, ыр, анекдот, жомок, кошок, арман, макал-лакаптар ж. б.) түпкүлүгүндө бир киши тарабынан жаратылган болсо да, улам кийинки урпактар алымча-кошумча киргизип отуруп, ал коллективдик жалпы белгилерди камтып калган. Мисалы, уламышта Манас каза болгондо чоросу Ырчы уулдун анын баатырдык иштерин кошуп ырдаганы «Манас» эпосунун уюткусун түзгөн делет. Мындай чыгармалардын жеке авторун табуу мүмкүн эмес, ошондуктан булар коллективдүү чыгармачылык м-н жаралган элдик мурастар; 2) кээде жазма адабиятта да бир топ автор биригип, бир чыгарманы иштеши мүмкүн. Мисалы, «Семетей» эпосунун мотивинде акындар Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов «Айчүрөк» операсынын либреттосун жазышкан.