КОЖОГОР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОЖОГОР (Ходжа-Гор) – жогорку палеолит дооруна таандык (б. з. ч. 15–11-к.) археол. эстелик. Кырг-н м-н Тажикстандын чек арасындагы Исфара суусунун өрөөнүндө Ходжа-Гор кышна жакын жерден 1954-ж. А. П. Окладников тапкан. Жогорку сапаттагы тунук, кара, жашыл түстөгү оттук таштан жасалган түрдүү көлөмдөгү ж-а түзүлүштөгү нуклеустар, жалпак тегерек кыргычтар, башы учтуу куралдар, көзөгүчтөр, эки кыры тегизделген жалпак таштар, жараңкалар табылган. Таш куралдары Каспий деңизи тарабында жогорку палеолит мезгилинде даярдалган куралдарга жакындыгы бар. Мындай куралдар Крым, Иран, Алдыңкы Азия, Египетте да табылган.