КОЖОГОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОГОР (Ходжа-Гор) – жогорку палеолит дооруна таандык (б. з. ч. 15–11-к.) археол. эсте­лик. Кырг-н м-н Тажикстандын чек арасында­гы Исфара суусунун өрөөнүндө Ходжа-Гор кыш­на жакын жерден 1954-ж. А. П. Окладников тап­кан. Жогорку сапаттагы тунук, кара, жашыл түстөгү оттук таштан жасалган түрдүү көлөмдөгү ж-а түзүлүштөгү нуклеустар, жалпак тегерек кыргычтар, башы учтуу куралдар, көзөгүчтөр, эки кыры тегизделген жалпак таштар, жараң­калар табылган. Таш куралдары Каспий деңи­зи тарабында жогорку палеолит мезгилинде да­ярдалган куралдарга жакындыгы бар. Мындай куралдар Крым, Иран, Алдыңкы Азия, Египет­те да табылган.