КОВАЛЕНТТИК БАЙЛАНЫШ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОВАЛЕНТТИК БАЙЛАНЫШ</b> , а т о м д у к | <b type='title'>КОВАЛЕНТТИК БАЙЛАНЫШ</b> , а т о м д у к б а й л а н ы ш – эки атомго тең таандык жуп электрондорду пайда кылуу м-н болгон химиялык байланыш. Коваленттик байланыш м-н бирдей атомдордон турган молекулалар (H<sub>2</sub>, Cl<sub>2</sub>, N<sub>2</sub>, O<sub>2 </sub>ж. б.) ж-а түрдүү атомдордон пайда болгон бирикмелер (H<sub>2</sub>O, CH<sub>4</sub>, SiC ж. б.) байланышат. Органикалык бирикмелердин молекулалары негизинен коваленттик байланыш м-н байланыш­кан (мисалы, С – С, С – Н, С – N ж. б.). Валенттүүлүк теориянын чегинде пайда болгон химиялык байла­ныш теориясындагы негизги түшүнүк. Коваленттик байланышты валенттик орбиталдарында жупташпаган элек­трондору бар атомдор же атомдордун топтору пайда кылат. Электрондордун жалпыланышы биригишкен атомдордун экөөнө тең таандык электрондук жуптун пайда болуусуна алып ке­лет. Алардын санына жараша жөнөкөй (жал­пы электрондук бир жуп), кош (эки электрон­дук жуп), үч (үч жалпы электрондук жуп) бай­ланыш болот. Коваленттик байланыш бирдей атомдордун ортосун­да пайда болгондо, жалпы электрондук жуп пай­да кылган электрондук булуттун тыгыздыгы мейкиндикте эки атомдун ядросуна бирдей сим­метриялуу бөлүнүп, уюлсуз коваленттик байланыш пайда болот. Эгерде коваленттик байланыш терс электрлүүлүгү ар башка атом­дордун ортосунда пайда болсо, байланыштын электрондук булуту терс электрлүүлүгү чоң атом­ду көздөй жылышып, уюлдуу коваленттик байланыш пайда бо­лот. Кээ бир карбиддер, силициддер, нитриддер­дин абдан катуу, бышык болуп, кыйындык м-н эриши алардагы атомдор ж-а молекулалар коваленттик байланыш аркылуу бириккендиги м-н түшүндүрүлөт, к. <i type='ref'>Химиялык байланыш.</i> | ||
б а й л а н ы ш – эки атомго тең таандык жуп | |||
электрондорду пайда кылуу м-н болгон | |||
атомдордон пайда болгон бирикмелер (H<sub>2</sub>O, CH<sub>4</sub>, | |||
SiC ж. б.) байланышат. | |||
молекулалары негизинен | |||
теориянын чегинде пайда болгон | |||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
09:40, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОВАЛЕНТТИК БАЙЛАНЫШ , а т о м д у к б а й л а н ы ш – эки атомго тең таандык жуп электрондорду пайда кылуу м-н болгон химиялык байланыш. Коваленттик байланыш м-н бирдей атомдордон турган молекулалар (H2, Cl2, N2, O2 ж. б.) ж-а түрдүү атомдордон пайда болгон бирикмелер (H2O, CH4, SiC ж. б.) байланышат. Органикалык бирикмелердин молекулалары негизинен коваленттик байланыш м-н байланышкан (мисалы, С – С, С – Н, С – N ж. б.). Валенттүүлүк теориянын чегинде пайда болгон химиялык байланыш теориясындагы негизги түшүнүк. Коваленттик байланышты валенттик орбиталдарында жупташпаган электрондору бар атомдор же атомдордун топтору пайда кылат. Электрондордун жалпыланышы биригишкен атомдордун экөөнө тең таандык электрондук жуптун пайда болуусуна алып келет. Алардын санына жараша жөнөкөй (жалпы электрондук бир жуп), кош (эки электрондук жуп), үч (үч жалпы электрондук жуп) байланыш болот. Коваленттик байланыш бирдей атомдордун ортосунда пайда болгондо, жалпы электрондук жуп пайда кылган электрондук булуттун тыгыздыгы мейкиндикте эки атомдун ядросуна бирдей симметриялуу бөлүнүп, уюлсуз коваленттик байланыш пайда болот. Эгерде коваленттик байланыш терс электрлүүлүгү ар башка атомдордун ортосунда пайда болсо, байланыштын электрондук булуту терс электрлүүлүгү чоң атомду көздөй жылышып, уюлдуу коваленттик байланыш пайда болот. Кээ бир карбиддер, силициддер, нитриддердин абдан катуу, бышык болуп, кыйындык м-н эриши алардагы атомдор ж-а молекулалар коваленттик байланыш аркылуу бириккендиги м-н түшүндүрүлөт, к. Химиялык байланыш.