КОВАЛЕНТТИК БАЙЛАНЫШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОВАЛЕНТТИК БАЙЛАНЫШ</b> , а т о м д у к
<b type='title'>КОВАЛЕНТТИК БАЙЛАНЫШ</b> , а т о м д у к   б а й л а н ы ш – эки атомго тең таандык жуп электрондорду пайда кылуу м-н болгон химиялык  байланыш. Коваленттик  байланыш м-н бирдей атомдордон турган молекулалар (H<sub>2</sub>, Cl<sub>2</sub>, N<sub>2</sub>, O<sub>2 </sub>ж. б.) ж-а түрдүү атомдордон пайда болгон бирикмелер (H<sub>2</sub>O, CH<sub>4</sub>, SiC ж. б.) байланышат. Органикалык бирикмелердин молекулалары негизинен коваленттик  байланыш м-н байланыш&shy;кан (мисалы, С – С, С – Н, С – N ж. б.). Валенттүүлүк теориянын чегинде пайда болгон химиялык байла&shy;ныш теориясындагы негизги түшүнүк. Коваленттик  байланышты валенттик орбиталдарында жупташпаган элек&shy;трондору бар атомдор же атомдордун топтору пайда кылат. Электрондордун жалпыланышы биригишкен атомдордун экөөнө тең таандык электрондук жуптун пайда болуусуна алып ке&shy;лет. Алардын санына жараша жөнөкөй (жал&shy;пы электрондук бир жуп), кош (эки электрон&shy;дук жуп), үч (үч жалпы электрондук жуп) бай&shy;ланыш болот. Коваленттик  байланыш бирдей атомдордун ортосун&shy;да пайда болгондо, жалпы электрондук жуп пай&shy;да кылган электрондук булуттун тыгыздыгы мейкиндикте эки атомдун ядросуна бирдей сим&shy;метриялуу бөлүнүп, уюлсуз коваленттик  байланыш  пайда болот. Эгерде коваленттик байланыш  терс электрлүүлүгү ар башка атом&shy;дордун ортосунда пайда болсо, байланыштын электрондук булуту терс электрлүүлүгү чоң атом&shy;ду көздөй жылышып, уюлдуу коваленттик байланыш  пайда бо&shy;лот. Кээ бир карбиддер, силициддер, нитриддер&shy;дин абдан катуу, бышык болуп, кыйындык м-н эриши алардагы атомдор ж-а молекулалар коваленттик байланыш  аркылуу бириккендиги м-н түшүндүрүлөт, к. <i type='ref'>Химиялык байланыш.</i>
б а й л а н ы ш – эки атомго тең таандык жуп
электрондорду пайда кылуу м-н болгон хим. байланыш. К. б. м-н бирдей атомдордон турган молекулалар (H<sub>2</sub>, Cl<sub>2</sub>, N<sub>2</sub>, O<sub>2 </sub>ж. б.) ж-а түрдүү
атомдордон пайда болгон бирикмелер (H<sub>2</sub>O, CH<sub>4</sub>,
SiC ж. б.) байланышат. Орг. бирикмелердин
молекулалары негизинен К. б. м-н байланыш&shy;кан (мис., С – С, С – Н, С – N ж. б.). Валенттүүлүк
теориянын чегинде пайда болгон хим. байла&shy;ныш теориясындагы негизги түшүнүк. К. б-ты валенттик орбиталдарында жупташпаган элек&shy;трондору бар атомдор же атомдордун топтору пайда кылат. Электрондордун жалпыланышы биригишкен атомдордун экөөнө тең таандык электрондук жуптун пайда болуусуна алып ке&shy;лет. Алардын санына жараша жөнөкөй (жал&shy;пы электрондук бир жуп), кош (эки электрон&shy;дук жуп), үч (үч жалпы электрондук жуп) бай&shy;ланыш болот. К. б. бирдей атомдордун ортосун&shy;да пайда болгондо, жалпы электрондук жуп пай&shy;да кылган электрондук булуттун тыгыздыгы мейкиндикте эки атомдун ядросуна бирдей сим&shy;метриялуу бөлүнүп, уюлсуз К. б. пайда болот. Эгерде К. б. терс электрлүүлүгү ар башка атом&shy;дордун ортосунда пайда болсо, байланыштын электрондук булуту терс электрлүүлүгү чоң атом&shy;ду көздөй жылышып, уюлдуу К. б. пайда бо&shy;лот. Кээ бир карбиддер, силициддер, нитриддер&shy;дин абдан катуу, бышык болуп, кыйындык м-н эриши алардагы атомдор ж-а молекулалар К. б. аркылуу бириккендиги м-н түшүндүрүлөт, к. <i type='ref'>Химиялык байланыш.</i>
[[Категория:4-том, 307-352 бб]]
[[Категория:4-том, 307-352 бб]]

09:40, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОВАЛЕНТТИК БАЙЛАНЫШ , а т о м д у к б а й л а н ы ш – эки атомго тең таандык жуп электрондорду пайда кылуу м-н болгон химиялык байланыш. Коваленттик байланыш м-н бирдей атомдордон турган молекулалар (H2, Cl2, N2, O2 ж. б.) ж-а түрдүү атомдордон пайда болгон бирикмелер (H2O, CH4, SiC ж. б.) байланышат. Органикалык бирикмелердин молекулалары негизинен коваленттик байланыш м-н байланыш­кан (мисалы, С – С, С – Н, С – N ж. б.). Валенттүүлүк теориянын чегинде пайда болгон химиялык байла­ныш теориясындагы негизги түшүнүк. Коваленттик байланышты валенттик орбиталдарында жупташпаган элек­трондору бар атомдор же атомдордун топтору пайда кылат. Электрондордун жалпыланышы биригишкен атомдордун экөөнө тең таандык электрондук жуптун пайда болуусуна алып ке­лет. Алардын санына жараша жөнөкөй (жал­пы электрондук бир жуп), кош (эки электрон­дук жуп), үч (үч жалпы электрондук жуп) бай­ланыш болот. Коваленттик байланыш бирдей атомдордун ортосун­да пайда болгондо, жалпы электрондук жуп пай­да кылган электрондук булуттун тыгыздыгы мейкиндикте эки атомдун ядросуна бирдей сим­метриялуу бөлүнүп, уюлсуз коваленттик байланыш пайда болот. Эгерде коваленттик байланыш терс электрлүүлүгү ар башка атом­дордун ортосунда пайда болсо, байланыштын электрондук булуту терс электрлүүлүгү чоң атом­ду көздөй жылышып, уюлдуу коваленттик байланыш пайда бо­лот. Кээ бир карбиддер, силициддер, нитриддер­дин абдан катуу, бышык болуп, кыйындык м-н эриши алардагы атомдор ж-а молекулалар коваленттик байланыш аркылуу бириккендиги м-н түшүндүрүлөт, к. Химиялык байланыш.