КОБОРГОН-ТАШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОБОРГОН-ТАШ – байыркы түрк дооруна тие­шелүү археол. эстелик. Ат-Башы өрөөнүнүн күн батыш тарабындагы Чет-Келтебек суусун бой­лой кеткен капчыгайда тикесинен тургузулган. Бул жерден чарчысынан келген таш коргончо­нун орду ж-а чопо идиш калдыктары табыл­ган. Түзүлүшү ж-а мааниси жагынан байыркы түрк (6–9-к.) доорундагы маркумга арнап орнот­кон эстеликтерге жакын, бирок чопо идиш сы­ныктары Караханиддер дооруна мүнөздүү. К.-т. эстелиги байыркы түрк доорунда курулуп, диний ырымдарды аткаруучу касиеттүү жай ка­тары пайдаланылган. 1989-ж. археолог К. Та­балдиев изилдеген.