КЛИМАКС: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЛИ́МАКС</b> (гр. klimax – шаты) – адамдын жы­ныс органдарынын функциясы акырындап ба­саңдоочу | <b type='title'>КЛИ́МАКС</b> (гр. klimax – шаты) – адамдын жы­ныс органдарынын функциясы акырындап ба­саңдоочу физиологиялык мезгил. Ал организмдин кар­тайышына байланыштуу. Эркекте 50–60 жаш­та башталып, узакка созулат, көпчүлүгүнүн жыныс безинин функциясынын басаңдашы баш­ка оорулар м-н коштолбойт. Жыныс гормондо­рун иштеп чыгаруучу клеткалардын саны аза­йып, жыныс гормондорунун төмөндөшүнө алып келет. Жүрөктүн тушу ооруп, кагышы тездейт, артерия басымы көтөрүлүп, башы айланат, кө­ңүлү чөгөт, санааркайт, уйкусу качат, унутчаак болуп, ишке жөндөмү төмөндөйт. Айрым учур­да жыныстык жөндөмдүүлүгү басаңдайт. Аял­да 45–50 жашта башталат. Кээде эрте (35–36 жа­шында) башталып, ага көбүнчө <i>ангина, грипп,</i> өнөкөт тонзиллит, <i>гайморит</i> ж. б. себеп болот. Климакс убагында <i>гипофиздин</i> ж-а жыныс система­сынын ишин жөнгө салуучу нейрогормондорду бөлүп чыгаруу начарлайт. Аялда 3–5 жылча (этек кир таптакыр токтогуча) созулат. Анын алгачкы белгиси – этек кирдин келбей калы­шы. Кээ бир аялдарда 3–4 айда бир келсе, ай­рымдарда тез-тез келет. Көпчүлүк аялдын орга­низминде анча өзгөрүү болбойт. Климакс учурунда ги­поталамус тканында өзгөрүүлөр болуп, жыныс системасына таасир этүүчү гормон бөлүп чыга­руу бузулат. Натыйжада энелик бездер, энелик клеткалар өөрчүбөй, жатындын былжыр чели жукарат, андан энелик безге ж-а гипоталамус­ка кеткен нерв импульстары начарлайт. Организмдеги мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын ж­а нервдин бузулушуна алып келет. Бул учурда климактерий синдрому деп аталган ар кандай белгилер пайда болот (күнүнө бир нече жолу өң кубарып, көл-шал тердөө, себепсиз тынчы кетүү, коркуу, туталануу). Айрым учурда артерия ба­сымы көтөрүлөт, жүрөктүн кагуусу тездейт же жайлайт, мезгили м-н жүрөк, көкүрөк ж-а жү­рөк тушу ооруйт, жүрөк-кан тамырдын иштөөсү бузулат. Башы айланып, кулагы дүңгүрөйт, де­неси чымырайт, уйкусу бузулат. Климакста болгон организмдеги өзгөрүүлөр, адатта, өзүнөн-өзү жо­голот, себеби организм акырындап жаңы фи­зиологиялык шартка ыңгайланат. | ||
болуп, ишке жөндөмү төмөндөйт. Айрым учур­да жыныстык жөндөмдүүлүгү басаңдайт. Аял­да 45–50 жашта башталат. Кээде эрте (35–36 жа­шында) башталып, ага көбүнчө <i>ангина, грипп,</i> | |||
өнөкөт тонзиллит, <i>гайморит</i> ж. б. себеп болот. | |||
бөлүп чыгаруу начарлайт. Аялда 3–5 жылча | |||
(этек кир таптакыр токтогуча) созулат. Анын алгачкы белгиси – этек кирдин келбей калы­шы. Кээ бир аялдарда 3–4 айда бир келсе, ай­рымдарда тез-тез келет. Көпчүлүк аялдын орга­низминде анча өзгөрүү болбойт. | |||
Ад.: <i>Смежных. В. П.</i> Медицина климактерия. М.,2006. | |||
Ад.: <i>Смежных. В. П.</i> Медицина климактерия. М., | |||
2006. | |||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
08:48, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЛИ́МАКС (гр. klimax – шаты) – адамдын жыныс органдарынын функциясы акырындап басаңдоочу физиологиялык мезгил. Ал организмдин картайышына байланыштуу. Эркекте 50–60 жашта башталып, узакка созулат, көпчүлүгүнүн жыныс безинин функциясынын басаңдашы башка оорулар м-н коштолбойт. Жыныс гормондорун иштеп чыгаруучу клеткалардын саны азайып, жыныс гормондорунун төмөндөшүнө алып келет. Жүрөктүн тушу ооруп, кагышы тездейт, артерия басымы көтөрүлүп, башы айланат, көңүлү чөгөт, санааркайт, уйкусу качат, унутчаак болуп, ишке жөндөмү төмөндөйт. Айрым учурда жыныстык жөндөмдүүлүгү басаңдайт. Аялда 45–50 жашта башталат. Кээде эрте (35–36 жашында) башталып, ага көбүнчө ангина, грипп, өнөкөт тонзиллит, гайморит ж. б. себеп болот. Климакс убагында гипофиздин ж-а жыныс системасынын ишин жөнгө салуучу нейрогормондорду бөлүп чыгаруу начарлайт. Аялда 3–5 жылча (этек кир таптакыр токтогуча) созулат. Анын алгачкы белгиси – этек кирдин келбей калышы. Кээ бир аялдарда 3–4 айда бир келсе, айрымдарда тез-тез келет. Көпчүлүк аялдын организминде анча өзгөрүү болбойт. Климакс учурунда гипоталамус тканында өзгөрүүлөр болуп, жыныс системасына таасир этүүчү гормон бөлүп чыгаруу бузулат. Натыйжада энелик бездер, энелик клеткалар өөрчүбөй, жатындын былжыр чели жукарат, андан энелик безге ж-а гипоталамуска кеткен нерв импульстары начарлайт. Организмдеги мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын жа нервдин бузулушуна алып келет. Бул учурда климактерий синдрому деп аталган ар кандай белгилер пайда болот (күнүнө бир нече жолу өң кубарып, көл-шал тердөө, себепсиз тынчы кетүү, коркуу, туталануу). Айрым учурда артерия басымы көтөрүлөт, жүрөктүн кагуусу тездейт же жайлайт, мезгили м-н жүрөк, көкүрөк ж-а жүрөк тушу ооруйт, жүрөк-кан тамырдын иштөөсү бузулат. Башы айланып, кулагы дүңгүрөйт, денеси чымырайт, уйкусу бузулат. Климакста болгон организмдеги өзгөрүүлөр, адатта, өзүнөн-өзү жоголот, себеби организм акырындап жаңы физиологиялык шартка ыңгайланат.
Ад.: Смежных. В. П. Медицина климактерия. М.,2006.