КАРАШЕВ Аалы: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРАШЕВ 1 to КАРАШЕВ Аалы) |
(Айырма жок)
| |
08:07, 27 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРАШЕВ Аалы Азимович (30. 10. 1968-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Ак-Жар айылы) – мамлекеттик ишмер. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Айыл чарба илимдеринин кандидаты. 1991-жылы

К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1995-жылы аспирантурасын бүтүргөн. 1995–96-жылдарда
ошол эле окуу жайында окутуучу, 1996–98-жылдарда КРдин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу ассоциациясынын башкы адиси, 1998–2007-жылдарда КР Президентинин Администрациясында бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы, 2007–09-жылдарда Ош облустук мамлекеттик администрация башчысы-губернатору, 2009– 10-жылдарда КРдин вице-премьер министри-Өкмөттүн аппарат жетекчиси, 2011-жылы КР Президентинин аппаратында бөлүм башчы, Премьер-министрдин кеңешчиси, КРдин 1-вице-премьер-министри. 30дан ашуун илимий эмгектин автору.