КАРАШЕВ Аалы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАРАШЕВ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАШЕВ Аалы Азимович (30. 10. 1968-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Ак-Жар айылы) – мамлекеттик ишмер. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Айыл чарба илимдеринин кандидаты. 1991-жылы

К. И. Скрябин атындагы айыл чарба ин­ститутун, 1995-жылы аспирантура­сын бүтүргөн. 1995–96-жылдарда

ошол эле окуу жайында оку­туучу, 1996–98-жылдарда КРдин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу ас­социациясынын башкы ади­си, 1998–2007-жылдарда КР Прези­дентинин Администрация­сында бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы, 2007–09-жылдарда Ош облустук мамлекеттик администрация башчысы-губернатору, 2009– 10-жылдарда КРдин вице-премьер министри-Өкмөттүн аппарат жетекчиси, 2011-жылы КР Президентинин аппаратында бөлүм башчы, Премьер-министр­дин кеңешчиси, КРдин 1-вице-премьер-мини­стри. 30дан ашуун илимий эмгектин автору.