КАРА-СУУ (Кочкор районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРА-СУУ to КАРА-СУУ (Кочкор районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
| |
08:50, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА-СУУ (Үч-Булак, Алкым, Кара-Ой) – Нарын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Ак-Кыя айыл округуна караштуу. Бишкек – Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1855 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 7 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 65 км. Кыштак 1938-жылы негизделген. Калкы 3171 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, ФАП бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.