КАРА ӨПКӨ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА ӨПКӨ</b> (Pleuropneumonia infectiosa caprarum) – эчкинин жугуштуу ылаңы. Ылаң­даткычы – Mycoplasma mycoides var capri микро­организми. Табигый шартта 3 жашка чейинки эчкилер ылаңдайт. Ылаңдын негизги булагы ылаңдуу ж-а ылаңдап айыккан | <b type='title'>КАРА ӨПКӨ</b> (Pleuropneumonia infectiosa caprarum) – эчкинин жугуштуу ылаңы. Ылаң­даткычы – Mycoplasma mycoides var capri микро­организми. Табигый шартта 3 жашка чейинки эчкилер ылаңдайт. Ылаңдын негизги булагы ылаңдуу ж-а ылаңдап айыккан эчки. Анын ден дем алуу органдары аркылуу жугат. Багуу ж-а тоют­тандыруу начар болгон ж-а жылдын суук мезгилинде ылаң өтө тез тарайт ж-а оор өтөт. Улак чоң эчкиге караганда туруктуу келип, көбүнчө 5–8 айлыгында ылаңдайт. Табигый ылаң тараткычтар – жапайы эчки-теке, элик ж. б. ача туяктуулар. Ылаңга чалдыккан мал­дын 90–100%и өлөт. Ылаңдын букма (жашы­руун) мезгили 5–20 күн. Ылаң катуу кармап ж-а өнөкөт өтүшү мүмкүн. Ылаң курч өткөндө малдын жал­пы абалы начарлайт, температурасы 1–2 градуска жогорулайт. Адегенде тумшугунан сары суу, кийинчерээк ириңдүү илээшкек суюктук кую­лат, жөтөлөт, 2–3 күндөн кийин жөтөлү күчөйт, кырылдайт, деми кыстыгат, чычкактайт. Бооз эчки улак салат. Ылаң өнөкөт өткөндө акырын­дык м-н малдын температурасы калыбына келет, жалпы абалы оңоло баштайт, мезгил-мезгили м-н гана жөтөлөт. Багуу жакшыртылып, уба­гында дарыласа, көпчүлүгү айыгат. Вакцина м-н ылаң чыккан чарбада алдын алуу макса­тында эчки 7 күн аралык м-н эки жолу эмде­лет. Алдын алуу үчүн башка жактан алынып келинген эчкилер 30 күндүк карантинге коюлуп, ылаңдын бар же жогу текшерилет. | ||
Ад.: <i>Раимбеков Д.</i> Эпизоотология жана айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу ылаңдары. Б., 2007. | Ад.: <i>Раимбеков Д.</i> Эпизоотология жана айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу ылаңдары. Б., 2007. | ||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
10:54, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА ӨПКӨ (Pleuropneumonia infectiosa caprarum) – эчкинин жугуштуу ылаңы. Ылаңдаткычы – Mycoplasma mycoides var capri микроорганизми. Табигый шартта 3 жашка чейинки эчкилер ылаңдайт. Ылаңдын негизги булагы ылаңдуу ж-а ылаңдап айыккан эчки. Анын ден дем алуу органдары аркылуу жугат. Багуу ж-а тоюттандыруу начар болгон ж-а жылдын суук мезгилинде ылаң өтө тез тарайт ж-а оор өтөт. Улак чоң эчкиге караганда туруктуу келип, көбүнчө 5–8 айлыгында ылаңдайт. Табигый ылаң тараткычтар – жапайы эчки-теке, элик ж. б. ача туяктуулар. Ылаңга чалдыккан малдын 90–100%и өлөт. Ылаңдын букма (жашыруун) мезгили 5–20 күн. Ылаң катуу кармап ж-а өнөкөт өтүшү мүмкүн. Ылаң курч өткөндө малдын жалпы абалы начарлайт, температурасы 1–2 градуска жогорулайт. Адегенде тумшугунан сары суу, кийинчерээк ириңдүү илээшкек суюктук куюлат, жөтөлөт, 2–3 күндөн кийин жөтөлү күчөйт, кырылдайт, деми кыстыгат, чычкактайт. Бооз эчки улак салат. Ылаң өнөкөт өткөндө акырындык м-н малдын температурасы калыбына келет, жалпы абалы оңоло баштайт, мезгил-мезгили м-н гана жөтөлөт. Багуу жакшыртылып, убагында дарыласа, көпчүлүгү айыгат. Вакцина м-н ылаң чыккан чарбада алдын алуу максатында эчки 7 күн аралык м-н эки жолу эмделет. Алдын алуу үчүн башка жактан алынып келинген эчкилер 30 күндүк карантинге коюлуп, ылаңдын бар же жогу текшерилет.
Ад.: Раимбеков Д. Эпизоотология жана айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу ылаңдары. Б., 2007.