КИНЕМАТИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИНЕМА́ТИКА</b> (гр. kinematos – кыймыл) – <i>ме­ханиканын</i> бөлүмү; мында нерсенин кыймылы­нын | <b type='title'>КИНЕМА́ТИКА</b> (гр. kinematos – кыймыл) – <i>ме­ханиканын</i> бөлүмү; мында нерсенин кыймылы­нын геометриялык касиеттери нерсенин массасын ж-а ага аракеттенүүчү күчтү эсепке албай эле изилде­нет. Кинематикада ар кандай объектилердин кыймылы башка нерсеге (эсептөө системасынын) башта­лышына салыштырылып изилденет. Кинематика нерсе м-н эсептөө системасын баштоону [х, у, z окто­рун] байланыштырып, ар кандай убакытта кый­мылдаган нерсенин касиеттерине жараша: 1) че­киттин ж-а катуу заттын кинематикасы; 2) деформация­лануучу бөлүкчөнүн ж-а үзгүлтүксүз чөйрөнүн (катуу заттын, суюктуктун, газдын) кинематикасы бо­луп бөлүнөт. Кинематика берилген эсептөө системасын баштоодо салыштырмалуу чекиттин же нерсе­нин кыймылын математикалык теңдемелердин, график­тердин жардамы м-н туюнтуп, кыймылдын тра­екториясын, ылдамдыгын, ылдамдануусун ж. б. физикалык чоңдуктарын аныктайт; чекиттин ж-а нер­сенин кыймылынын теңдемеси же графиги, таб­лицасы белгилүү болсо, анын кыймыл закону белгилүү болот. Алга жылуу кыймылынын за­кону <i>S= f(t</i>) теңдемеси м-н берилет, мында <i>S</i> – аралык, <i>t</i> – убакыт. Кыймылдагы нерсенин не­гизги кинематикалык чоңдуктары ылдамдык ж-а ылдам­дануу. Айлануу кыймылында нерсенин абалы айлануу бурчу \jJ м-н аныкталып, кыймыл за­кону – <p(<i>t</i>) теңдеме түрүндө берилет. Бирөө шарт боюнча кыймылсыз, экинчиси биринчиге карата белгилүү кыймылда болгон эки же андан көп эсептөө системасынын баштоосу аркылуу анык­талуучу кыймыл чекиттин же нерсенин та­таал кыймылы деп аталат. Татаал кыймылдын кинематикасы нерсенин абсолюттук ж-а салыштырма кыймыл­дарынын мүнөздөмөлөрү м-н эсептөө системасын баштоо кыймыл мүнөздөмөлөрүнүн ортосунда­гы көз карандылыктарды аныктайт. | ||
аралык, <i>t</i> – убакыт. Кыймылдагы нерсенин не­гизги | |||
Ад.: <i>Бухгольц Н. Н.</i> Основной курс теоретической механики, ч. 1–2. М., 1972. | Ад.: <i>Бухгольц Н. Н.</i> Основной курс теоретической механики, ч. 1–2. М., 1972. | ||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
07:27, 2 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КИНЕМА́ТИКА (гр. kinematos – кыймыл) – механиканын бөлүмү; мында нерсенин кыймылынын геометриялык касиеттери нерсенин массасын ж-а ага аракеттенүүчү күчтү эсепке албай эле изилденет. Кинематикада ар кандай объектилердин кыймылы башка нерсеге (эсептөө системасынын) башталышына салыштырылып изилденет. Кинематика нерсе м-н эсептөө системасын баштоону [х, у, z окторун] байланыштырып, ар кандай убакытта кыймылдаган нерсенин касиеттерине жараша: 1) чекиттин ж-а катуу заттын кинематикасы; 2) деформациялануучу бөлүкчөнүн ж-а үзгүлтүксүз чөйрөнүн (катуу заттын, суюктуктун, газдын) кинематикасы болуп бөлүнөт. Кинематика берилген эсептөө системасын баштоодо салыштырмалуу чекиттин же нерсенин кыймылын математикалык теңдемелердин, графиктердин жардамы м-н туюнтуп, кыймылдын траекториясын, ылдамдыгын, ылдамдануусун ж. б. физикалык чоңдуктарын аныктайт; чекиттин ж-а нерсенин кыймылынын теңдемеси же графиги, таблицасы белгилүү болсо, анын кыймыл закону белгилүү болот. Алга жылуу кыймылынын закону S= f(t) теңдемеси м-н берилет, мында S – аралык, t – убакыт. Кыймылдагы нерсенин негизги кинематикалык чоңдуктары ылдамдык ж-а ылдамдануу. Айлануу кыймылында нерсенин абалы айлануу бурчу \jJ м-н аныкталып, кыймыл закону – <p(t) теңдеме түрүндө берилет. Бирөө шарт боюнча кыймылсыз, экинчиси биринчиге карата белгилүү кыймылда болгон эки же андан көп эсептөө системасынын баштоосу аркылуу аныкталуучу кыймыл чекиттин же нерсенин татаал кыймылы деп аталат. Татаал кыймылдын кинематикасы нерсенин абсолюттук ж-а салыштырма кыймылдарынын мүнөздөмөлөрү м-н эсептөө системасын баштоо кыймыл мүнөздөмөлөрүнүн ортосундагы көз карандылыктарды аныктайт.
Ад.: Бухгольц Н. Н. Основной курс теоретической механики, ч. 1–2. М., 1972.