КИНЕМАТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНЕМА́ТИКА (гр. kinematos – кыймыл) – ме­ханиканын бөлүмү; мында нерсенин кыймылы­нын геом. касиеттери нерсенин массасын ж-а ага аракеттенүүчү күчтү эсепке албай эле изилде­нет. К-да ар кандай объектилердин кыймылы башка нерсеге (эсептөө системасынын) башта­лышына салыштырылып изилденет. К. нерсе м-н эсептөө системасын баштоону [х, у, z окто­рун] байланыштырып, ар кандай убакытта кый­мылдаган нерсенин касиеттерине жараша: 1) че­киттин ж-а катуу заттын К-сы; 2) деформация­лануучу бөлүкчөнүн ж-а үзгүлтүксүз чөйрөнүн (катуу заттын, суюктуктун, газдын) К-сы бо­луп бөлүнөт. К. берилген эсептөө системасын баштоодо салыштырмалуу чекиттин же нерсе­нин кыймылын матем. теңдемелердин, график­тердин жардамы м-н туюнтуп, кыймылдын тра­екториясын, ылдамдыгын, ылдамдануусун ж. б. физ. чоңдуктарын аныктайт; чекиттин ж-а нер­сенин кыймылынын теңдемеси же графиги, таб­лицасы белгилүү болсо, анын кыймыл закону белгилүү болот. Алга жылуу кыймылынын за­кону S= f(t) теңдемеси м-н берилет, мында S – аралык, t – убакыт. Кыймылдагы нерсенин не­гизги К-лык чоңдуктары ылдамдык ж-а ылдам­дануу. Айлануу кыймылында нерсенин абалы айлануу бурчу \jJ м-н аныкталып, кыймыл за­кону – <p(t) теңдеме түрүндө берилет. Бирөө шарт б-ча кыймылсыз, экинчиси биринчиге карата белгилүү кыймылда болгон эки же андан көп эсептөө системасынын баштоосу аркылуу анык­талуучу кыймыл чекиттин же нерсенин та­таал кыймылы деп аталат. Татаал кыймылдын К-сы нерсенин абс. ж-а салыштырма кыймыл­дарынын мүнөздөмөлөрү м-н эсептөө системасын баштоо кыймыл мүнөздөмөлөрүнүн ортосунда­гы көз карандылыктарды аныктайт.


Ад.: Бухгольц Н. Н. Основной курс теоретической механики, ч. 1–2. М., 1972.