КИМАКТАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИМАКТАР</b> , | <b type='title'>КИМАКТАР</b>, кимектер – орто кылымдагы [[түрк уруулары]]нын бири. Кимактар [[этноним]]и алгачкы жолу 8-кылымда эскерилген. Перс тарыхчысы [[Гардизи|Гар­дизи]]нин эмгегиндеги (кара: [[Зайн ал-ахбар]]) имек (имак), кытай хро­никаларында яньмо, «[[Худуд ал-алам]]да» киме­кия (кимакия), М. [[Кашгари]]де йемектер бир эт­нос катары берилген жана теги жагынан [[кыпчак]]<i>,</i> [[куман]]дар менен байланышы бар болуп эсептелет. Кээ бир маалыматтарда отуз-татар, огуз-татар, огуз урууларынын бири катары берилген. VII к­ылымда Түндүк [[Алтай]]да, [[Иртыш]] дарыясынын ортоңку агым­дарында, 9–11-кылымдарда Чыгыш жана Борбордук [[Казакстан|Казак­стан]]дын аймактарында жашап, түштүгүнөн [[Кыргыздар|кыр­гыздар]] менен чектешип турганы айтылат. Б. Э. [[Кумеков]]дун пикиринде кимактар (байыркы кытай тарыхында «янмо») 7-кылымдын башында Кобдо ойдуңунда (азыркы [[Моңголия]]) жашап, көп өтпөй (7-кылымдын орто чени) Алтай тоолорунун түндүгү, Иртыш аймактарын карай жылган жана 766–840-жылдары Батыш Алтай, Тарбагатай жана Алакөлдүн айланасын ээлеп турушкан. Ал эми Ж. М. Сабитовдун көз карашы боюнча кимактар Иртышта 10-кылымдын аягы – 11-кылымдын башы ченде пайда болгон. Кимактардын этностук курамын эймур, имак, татар, байан­дур, кыпчак (кыбчак), ланиказ, ажмад уруула­ры түзгөн. 740–840-жылдарда [[Уйгур кагандыгы]]на ка­рап, ал кулагандан кийин өз алдынча каган­дык болуп калган. | ||
түрк | |||
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Т. 1. Б., 2000; <i>Кумеков Б. Е.</i> Государство кима­ков IX–XI вв. по арабским источникам. А.-А., 1972; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Т. Д. Джуманалиев. Т. 1. Б., 2007; Сабитов Ж. М. К вопросу о происхождении кимаков. //Молодой ученый. 2015. № 10 (90). | |||
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Т. 1. Б., 2000; <i>Кумеков Б. Е.</i> Государство кима­ков IX–XI вв. по арабским источникам. А.-А., 1972; | |||
Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Т. Д. Джуманалиев. Т. 1. Б., 2007. | |||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
04:24, 4 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КИМАКТАР, кимектер – орто кылымдагы түрк урууларынын бири. Кимактар этноними алгачкы жолу 8-кылымда эскерилген. Перс тарыхчысы Гардизинин эмгегиндеги (кара: Зайн ал-ахбар) имек (имак), кытай хроникаларында яньмо, «Худуд ал-аламда» кимекия (кимакия), М. Кашгариде йемектер бир этнос катары берилген жана теги жагынан кыпчак, кумандар менен байланышы бар болуп эсептелет. Кээ бир маалыматтарда отуз-татар, огуз-татар, огуз урууларынын бири катары берилген. VII кылымда Түндүк Алтайда, Иртыш дарыясынын ортоңку агымдарында, 9–11-кылымдарда Чыгыш жана Борбордук Казакстандын аймактарында жашап, түштүгүнөн кыргыздар менен чектешип турганы айтылат. Б. Э. Кумековдун пикиринде кимактар (байыркы кытай тарыхында «янмо») 7-кылымдын башында Кобдо ойдуңунда (азыркы Моңголия) жашап, көп өтпөй (7-кылымдын орто чени) Алтай тоолорунун түндүгү, Иртыш аймактарын карай жылган жана 766–840-жылдары Батыш Алтай, Тарбагатай жана Алакөлдүн айланасын ээлеп турушкан. Ал эми Ж. М. Сабитовдун көз карашы боюнча кимактар Иртышта 10-кылымдын аягы – 11-кылымдын башы ченде пайда болгон. Кимактардын этностук курамын эймур, имак, татар, байандур, кыпчак (кыбчак), ланиказ, ажмад уруулары түзгөн. 740–840-жылдарда Уйгур кагандыгына карап, ал кулагандан кийин өз алдынча кагандык болуп калган.
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2000; Кумеков Б. Е. Государство кимаков IX–XI вв. по арабским источникам. А.-А., 1972; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Т. Д. Джуманалиев. Т. 1. Б., 2007; Сабитов Ж. М. К вопросу о происхождении кимаков. //Молодой ученый. 2015. № 10 (90).