КЕРОСИН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕРОСИ́Н</b> (англ. сеrоsene) – нефтини буулан­тып айдоодо ж-а крекингдөөдө 180–320°Сге че­йин кайнап бөлүнө турган углеводород аралаш­масы. Түссүз же саргыч келген тунук суюктук. | <b type='title'>КЕРОСИ́Н</b> (англ. сеrоsene) – нефтини буулан­тып айдоодо ж-а крекингдөөдө 180–320°Сге че­йин кайнап бөлүнө турган углеводород аралаш­масы. Түссүз же саргыч келген тунук суюктук. Тыгыздыгы 0,775–0,850 <i>г/см</i><sup>3</sup>. Тутануу температурасы анын фракциялык курамына жараша болот, башкача айтканда керосиндин курамында жогорку температурада кай­ноочу фракциясы канчалык көп болсо, ошон­чолук жогорку температурада тутанат. Керосиндин кура­мындагы углеводороддор керосин өндүрүлгөн неф­тинин курамына ж-а аны өндүрүү технология­сына жараша болот. Авиацияда колдонулуучу керосинде ароматтык углеводороддор 20–23%, чексиз углеводороддор 2,4%тен жогору болбоо керек. Трактор моторун иштетүүчү керосин – нефтини ж-а анын аралашмасын буулантып айдоодон алын­ган 110–300°Сге чейин кайноочу фракциясы. Жарык берүү үчүн колдонулуучу керосин метан угле­водороддоруна бай нефтини буулантуудан алы­нат. Керосин реактивдик, трактор моторлорун иш­тетүүчү, турмуш-тиричиликте жарык ж-а жы­луулук берүүчү суюк отун ж. б. катары кеңири колдонулат. | ||
анын фракциялык курамына жараша болот, | |||
углеводороддор 2,4%тен жогору болбоо керек. Трактор моторун иштетүүчү | |||
анын аралашмасын буулантып айдоодон алын­ган 110–300°Сге чейин кайноочу фракциясы. | |||
Жарык берүү үчүн колдонулуучу | |||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
04:57, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕРОСИ́Н (англ. сеrоsene) – нефтини буулантып айдоодо ж-а крекингдөөдө 180–320°Сге чейин кайнап бөлүнө турган углеводород аралашмасы. Түссүз же саргыч келген тунук суюктук. Тыгыздыгы 0,775–0,850 г/см3. Тутануу температурасы анын фракциялык курамына жараша болот, башкача айтканда керосиндин курамында жогорку температурада кайноочу фракциясы канчалык көп болсо, ошончолук жогорку температурада тутанат. Керосиндин курамындагы углеводороддор керосин өндүрүлгөн нефтинин курамына ж-а аны өндүрүү технологиясына жараша болот. Авиацияда колдонулуучу керосинде ароматтык углеводороддор 20–23%, чексиз углеводороддор 2,4%тен жогору болбоо керек. Трактор моторун иштетүүчү керосин – нефтини ж-а анын аралашмасын буулантып айдоодон алынган 110–300°Сге чейин кайноочу фракциясы. Жарык берүү үчүн колдонулуучу керосин метан углеводороддоруна бай нефтини буулантуудан алынат. Керосин реактивдик, трактор моторлорун иштетүүчү, турмуш-тиричиликте жарык ж-а жылуулук берүүчү суюк отун ж. б. катары кеңири колдонулат.