КЕН СЫНОО: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕН СЫНОО</b> – казылып алынуучу кендердин | <b type='title'>КЕН СЫНОО</b> – казылып алынуучу кендердин касиеттери м-н сапатын аныктоо ыкмалары. Кендин химиялык ж-а минералогияык курамын, физикалык- механикалык касиеттерин, казылып алынышын, технологиялык жактан иштетүү, ылгоо өзгөчөлүктөрүн, өлчөмү м-н запасын аныктоо жолдору. Геофизикалык, мине­ралдык, химиялык, технологиялык ыкмалар колдонулат. Г е о­ ф и з и к а л ы к ы к м а м-н кендин сапаты, кээде өлчөмү аныкталат. М и н е р а л о г и я ­л ы к ыкмада кендин ар кайсы жеринен сына­мык алып, курамы, касиеттери, сапаты лабораториялык жол м-н изилденет. Катуу тектерден сынамык борозд, штуф, кырма, чукума, бургулоо ж-а дүң алынат. Кенташтагы баалуу кендин бардык өзгөчөлүктөрү текшерилет. Борозд түрүндө сы­намык алуу кеңири колдонулат. Борозддун эни 5–20 <i>см</i>, тереңдиги 3–5 <i>с</i>мге жетип, кенташтын туурасы боюнча жүргүзүлөт. Чегилип алынган ма­териал сынамык болуп эсептелет. Борозддун узундугу кенташтын туурасына жараша 1 <i>м</i>ге жеткен бир нече сынамыктан турат. Салмагы бир нече <i>г</i>дан (штуф) ондогон т га (технологиялык сынамык) жетет. Сынамыкты таш талкалоочу тегирменде упадай майдалайт. Анан атайын түзүлгөн схема боюнча бир нече жүздөгөн <i>г</i> үлгү алат. Аны изилдөө үчүн лабораторияга жөнөтөт. Кен сыноо кенди издеп чалгындоо­до, экономикалык жактан баалоодо негизги ыкма болуп саналат. | ||
касиеттери м-н сапатын аныктоо ыкмалары. Кендин | |||
өзгөчөлүктөрү текшерилет. Борозд түрүндө сы­намык алуу кеңири колдонулат. Борозддун эни | |||
5–20 <i>см</i>, тереңдиги 3–5 <i>с</i>мге жетип, кенташтын | |||
туурасы | |||
(штуф) ондогон т га ( | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
07:53, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕН СЫНОО – казылып алынуучу кендердин касиеттери м-н сапатын аныктоо ыкмалары. Кендин химиялык ж-а минералогияык курамын, физикалык- механикалык касиеттерин, казылып алынышын, технологиялык жактан иштетүү, ылгоо өзгөчөлүктөрүн, өлчөмү м-н запасын аныктоо жолдору. Геофизикалык, минералдык, химиялык, технологиялык ыкмалар колдонулат. Г е о ф и з и к а л ы к ы к м а м-н кендин сапаты, кээде өлчөмү аныкталат. М и н е р а л о г и я л ы к ыкмада кендин ар кайсы жеринен сынамык алып, курамы, касиеттери, сапаты лабораториялык жол м-н изилденет. Катуу тектерден сынамык борозд, штуф, кырма, чукума, бургулоо ж-а дүң алынат. Кенташтагы баалуу кендин бардык өзгөчөлүктөрү текшерилет. Борозд түрүндө сынамык алуу кеңири колдонулат. Борозддун эни 5–20 см, тереңдиги 3–5 смге жетип, кенташтын туурасы боюнча жүргүзүлөт. Чегилип алынган материал сынамык болуп эсептелет. Борозддун узундугу кенташтын туурасына жараша 1 мге жеткен бир нече сынамыктан турат. Салмагы бир нече гдан (штуф) ондогон т га (технологиялык сынамык) жетет. Сынамыкты таш талкалоочу тегирменде упадай майдалайт. Анан атайын түзүлгөн схема боюнча бир нече жүздөгөн г үлгү алат. Аны изилдөө үчүн лабораторияга жөнөтөт. Кен сыноо кенди издеп чалгындоодо, экономикалык жактан баалоодо негизги ыкма болуп саналат.