КЕН КАЗУУ СИСТЕМАЛАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕН КАЗУУ СИСТЕМАЛАРЫ</b> – кен байлыктар­ды жер кыртышынан казып алууда колдонулуу­чу системалар; кен казуу, өткөөлдөө тартиби. | <b type='title'>КЕН КАЗУУ СИСТЕМАЛАРЫ</b> – кен байлыктар­ды жер кыртышынан казып алууда колдонулуу­чу системалар; кен казуу, өткөөлдөө тартиби. Эгерде система так, туура, технологияга ыла­йык колдонулса, коопсуздук камсыздалып, кыр­сыктар болбойт. Экономикалык талаптар так аткары­лып, кендер ысырапка учурабайт. Система кен­дин орун алган турпатына, чоңдугуна, өлчөмүнө, жайгашуу тартибине байланыштуу келет. Кен турпатына, формасына жараша катмарларга, тарамдарга, чачыранды түрлөргө бөлүнөт. Ка­лыңдыгы бир нече <i>мм</i>ден жүздөгөн <i>м</i>ге жетет. Жайгашуу тартиби жантаюу бурчу м-н аныкта­лат. Системаны тандоодо пайдалуу кендер м-н жанаша жаткан тектердин физикалык-механикалык касиеттери, жер астындагы суулар, газдар, чаңдар, газдар м-н чаңдардын жарылуусу эске алынат. Өндүрүш процессинин механикалаштырылышы чоң роль ойнойт. Пайдалуу кендерди казып алгандан ки­йин жер астында боштуктар, көңдөйлөр пайда болот. Мындай боштуктардын тийгизген таа­сирине жараша кен казуу системалары төмөнкүдөй үч түргө бөлүнөт. 1) казылып алынган боштуктардын арасында иштөө; 2) казылып алынган боштук­тарды толтуруп иштөө; 3) казылып алынган боштуктардын үстүндөгү тектерди уратып иштөө. К а т м а р л у у кендерди иштетүүдө кендин калыңдыгы м-н жантаюу бурчу эске алынат. Тегиз жаткан жука катмарлар узата­сынан созулуп жаткан мамыча система жолу м-н казылат. Калың катмарларда кабаттарга бөлүү же бөлбөй эле казып алуу системасы кол­донулат. Ч а ч ы р а н д ы кендер жер бетинен орун алгандыктан, ачык жол менен казылып алынат. Эгерде жер кыртышынын терең бөлүгүнөн орун алса, мамы системасы колдону­луп, казылып алынган боштуктардын үстү ура­тылат. Өтө калың кенташтарды казып алып жатканда тоо тектерден тирөөч калтырылат, бекитүү, толтуруу, уратуу, кенташты мага­зиндөө, комбинациялоо иштери жүргүзүлөт. | ||
Эгерде система так, туура, технологияга ыла­йык колдонулса, коопсуздук камсыздалып, кыр­сыктар болбойт. | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
07:36, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕН КАЗУУ СИСТЕМАЛАРЫ – кен байлыктарды жер кыртышынан казып алууда колдонулуучу системалар; кен казуу, өткөөлдөө тартиби. Эгерде система так, туура, технологияга ылайык колдонулса, коопсуздук камсыздалып, кырсыктар болбойт. Экономикалык талаптар так аткарылып, кендер ысырапка учурабайт. Система кендин орун алган турпатына, чоңдугуна, өлчөмүнө, жайгашуу тартибине байланыштуу келет. Кен турпатына, формасына жараша катмарларга, тарамдарга, чачыранды түрлөргө бөлүнөт. Калыңдыгы бир нече ммден жүздөгөн мге жетет. Жайгашуу тартиби жантаюу бурчу м-н аныкталат. Системаны тандоодо пайдалуу кендер м-н жанаша жаткан тектердин физикалык-механикалык касиеттери, жер астындагы суулар, газдар, чаңдар, газдар м-н чаңдардын жарылуусу эске алынат. Өндүрүш процессинин механикалаштырылышы чоң роль ойнойт. Пайдалуу кендерди казып алгандан кийин жер астында боштуктар, көңдөйлөр пайда болот. Мындай боштуктардын тийгизген таасирине жараша кен казуу системалары төмөнкүдөй үч түргө бөлүнөт. 1) казылып алынган боштуктардын арасында иштөө; 2) казылып алынган боштуктарды толтуруп иштөө; 3) казылып алынган боштуктардын үстүндөгү тектерди уратып иштөө. К а т м а р л у у кендерди иштетүүдө кендин калыңдыгы м-н жантаюу бурчу эске алынат. Тегиз жаткан жука катмарлар узатасынан созулуп жаткан мамыча система жолу м-н казылат. Калың катмарларда кабаттарга бөлүү же бөлбөй эле казып алуу системасы колдонулат. Ч а ч ы р а н д ы кендер жер бетинен орун алгандыктан, ачык жол менен казылып алынат. Эгерде жер кыртышынын терең бөлүгүнөн орун алса, мамы системасы колдонулуп, казылып алынган боштуктардын үстү уратылат. Өтө калың кенташтарды казып алып жатканда тоо тектерден тирөөч калтырылат, бекитүү, толтуруу, уратуу, кенташты магазиндөө, комбинациялоо иштери жүргүзүлөт.