КЕН КАЗУУ СИСТЕМАЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН КАЗУУ СИСТЕМАЛАРЫ – кен байлыктар­ды жер кыртышынан казып алууда колдонулуу­чу системалар; кен казуу, өткөөлдөө тартиби. Эгерде система так, туура, технологияга ыла­йык колдонулса, коопсуздук камсыздалып, кыр­сыктар болбойт. Экономикалык талаптар так аткары­лып, кендер ысырапка учурабайт. Система кен­дин орун алган турпатына, чоңдугуна, өлчөмүнө, жайгашуу тартибине байланыштуу келет. Кен турпатына, формасына жараша катмарларга, тарамдарга, чачыранды түрлөргө бөлүнөт. Ка­лыңдыгы бир нече ммден жүздөгөн мге жетет. Жайгашуу тартиби жантаюу бурчу м-н аныкта­лат. Системаны тандоодо пайдалуу кендер м-н жанаша жаткан тектердин физикалык-механикалык касиеттери, жер астындагы суулар, газдар, чаңдар, газдар м-н чаңдардын жарылуусу эске алынат. Өндүрүш процессинин механикалаштырылышы чоң роль ойнойт. Пайдалуу кендерди казып алгандан ки­йин жер астында боштуктар, көңдөйлөр пайда болот. Мындай боштуктардын тийгизген таа­сирине жараша кен казуу системалары төмөнкүдөй үч түргө бөлүнөт. 1) казылып алынган боштуктардын арасында иштөө; 2) казылып алынган боштук­тарды толтуруп иштөө; 3) казылып алынган боштуктардын үстүндөгү тектерди уратып иштөө. К а т м а р л у у кендерди иштетүүдө кендин калыңдыгы м-н жантаюу бурчу эске алынат. Тегиз жаткан жука катмарлар узата­сынан созулуп жаткан мамыча система жолу м-н казылат. Калың катмарларда кабаттарга бөлүү же бөлбөй эле казып алуу системасы кол­донулат. Ч а ч ы р а н д ы кендер жер бетинен орун алгандыктан, ачык жол менен казылып алынат. Эгерде жер кыртышынын терең бөлүгүнөн орун алса, мамы системасы колдону­луп, казылып алынган боштуктардын үстү ура­тылат. Өтө калың кенташтарды казып алып жатканда тоо тектерден тирөөч калтырылат, бекитүү, толтуруу, уратуу, кенташты мага­зиндөө, комбинациялоо иштери жүргүзүлөт.