КЕМИН-ЧЕЛЕК ТОО ТООМУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КЕМИН-ЧЕЛЕК ТОО ТООМУ</b> Иле Ала-Тоосу | <b type='title'>КЕМИН-ЧЕЛЕК ТОО ТООМУ</b> Иле Ала-Тоосу м-н Күнгөй Ала-Тоонун ашташкан жеринде. Кыргызстан м-н Казакстандын чегинде. Дээрлик кең­дик багытында созулуп жаткан кырка тоолор­ду Талгар тоо массивинин батышынан түштүк-чыгышты көздөй кеткен кыска (13 <i>км</i>ге жакын) ж-а бийик (Конституция чокусу, 4580 <i>м</i>) тоо ту­таштырып турат. Кемин-Челек тоо тоому – Түндүк Теңир-Тоо­нун эң бийик (Талгар чокусу, 4973 <i>м</i>) жери ж-а ири мөңгүлүү аймагы. Негизинен протерозой м-н палеозойдун кристаллдык тектеринен түзүл­гөн. Неоген-антропогенде өтө күчтүү тектоникалык кө­төрүлүүнүн натыйжасында калыптанган. Кө­төрүлүү процесси азыр да уланууда. Бийик тоо­луу альп рельефи мүнөздүү. Түрдүү формадагы бийик тоо чокуларынан, капталдары тик кыр­лардан, байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон тепши сымал өрөөндөрдөн, туюк төрлөрдөн ж. б. турат. Капталдарында үбөлөнүү ж-а гравитациялык процесстер өтө катуу бол­гон. Эң ири муз каптоо мезгилинде Чоң Кемин ж-а Челек өрөөндөрүнүн башында зор мөңгүлөр (узундугу 30 <i>км</i>ге жеткен) жаткан. Азыркы ири мөңгүлөрү: Корженевский (узундугу 12 <i>км</i>), Богатырь (8 <i>км</i>), Жаңырык (7,8 <i>км</i>, Челек тарабында), Ак- Суу (6 <i>км</i>), Талгар (3,5 <i>км</i>, Чоң Кемин тарабын­да). Субальп, альп шалбаасы ж-а гляциалдык­нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жай­кы жайыт. | ||
м-н Күнгөй Ала-Тоонун ашташкан жеринде. | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
09:31, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КЕМИН-ЧЕЛЕК ТОО ТООМУ Иле Ала-Тоосу м-н Күнгөй Ала-Тоонун ашташкан жеринде. Кыргызстан м-н Казакстандын чегинде. Дээрлик кеңдик багытында созулуп жаткан кырка тоолорду Талгар тоо массивинин батышынан түштүк-чыгышты көздөй кеткен кыска (13 кмге жакын) ж-а бийик (Конституция чокусу, 4580 м) тоо туташтырып турат. Кемин-Челек тоо тоому – Түндүк Теңир-Тоонун эң бийик (Талгар чокусу, 4973 м) жери ж-а ири мөңгүлүү аймагы. Негизинен протерозой м-н палеозойдун кристаллдык тектеринен түзүлгөн. Неоген-антропогенде өтө күчтүү тектоникалык көтөрүлүүнүн натыйжасында калыптанган. Көтөрүлүү процесси азыр да уланууда. Бийик тоолуу альп рельефи мүнөздүү. Түрдүү формадагы бийик тоо чокуларынан, капталдары тик кырлардан, байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон тепши сымал өрөөндөрдөн, туюк төрлөрдөн ж. б. турат. Капталдарында үбөлөнүү ж-а гравитациялык процесстер өтө катуу болгон. Эң ири муз каптоо мезгилинде Чоң Кемин ж-а Челек өрөөндөрүнүн башында зор мөңгүлөр (узундугу 30 кмге жеткен) жаткан. Азыркы ири мөңгүлөрү: Корженевский (узундугу 12 км), Богатырь (8 км), Жаңырык (7,8 км, Челек тарабында), Ак- Суу (6 км), Талгар (3,5 км, Чоң Кемин тарабында). Субальп, альп шалбаасы ж-а гляциалдыкнивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.