КВЕБЕК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КВЕБЕ́К – </b>Канаданын чыгыш бөлүгүндөгү шаар. | <b type='title'>КВЕБЕ́К – </b>Канаданын чыгыш бөлүгүндөгү шаар. Квебек провинциясынын административдик борбору. Ыйык Лаврентий дарыясынын чатында жайгашкан порт (2006-жылы 23 млн т жүк ташылган). Калкы 677,9 миң (2018; шаар айланасы м-н 695,8 миң); кал­кынын саны боюнча өлкөдөгү 7-шаар. Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1535-жылы фран­цуз деңиз сүзүүчүсү Ж. Картье чоң кыштак бар экенин байкаган. 1663–1759-жылдарда Франция ээли­гинин борбору, 1674-жылдан епископтуктун ре­зиденциясы болгон. 1867-жылдан ушундай ата­лыштагы провинциянын административдик борбору. Архитектура эстеликтери: цитадель (1820–31), Отель-Дьё (1644; Түндүк Америкадагы алгачкы оорукана), се­минария (1663; учурда музей), классицизм сти­линдеги базилика – Жаңы Франциянын баш­кы католик собору (1647), Ыйык Троица англи­кан собору (1800–04), Шевалье чарбагы (17–18-кылымдар) ж. б. Эстеликтер тургузулган. Жеңил, та­мак-аш, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, кеме куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Лаваль университети, китепканалар, улуттук музей, театр бар. Жыл сайын кино ж-а театр фестивалдары, кар­навалдар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн (жы­лына 6 млн турист келет). | ||
Квебек провинциясынын | |||
экенин байкаган. 1663–1759- | |||
эстеликтери: цитадель (1820–31), Отель-Дьё | |||
(1644; | |||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
05:03, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КВЕБЕ́К – Канаданын чыгыш бөлүгүндөгү шаар. Квебек провинциясынын административдик борбору. Ыйык Лаврентий дарыясынын чатында жайгашкан порт (2006-жылы 23 млн т жүк ташылган). Калкы 677,9 миң (2018; шаар айланасы м-н 695,8 миң); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 7-шаар. Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1535-жылы француз деңиз сүзүүчүсү Ж. Картье чоң кыштак бар экенин байкаган. 1663–1759-жылдарда Франция ээлигинин борбору, 1674-жылдан епископтуктун резиденциясы болгон. 1867-жылдан ушундай аталыштагы провинциянын административдик борбору. Архитектура эстеликтери: цитадель (1820–31), Отель-Дьё (1644; Түндүк Америкадагы алгачкы оорукана), семинария (1663; учурда музей), классицизм стилиндеги базилика – Жаңы Франциянын башкы католик собору (1647), Ыйык Троица англикан собору (1800–04), Шевалье чарбагы (17–18-кылымдар) ж. б. Эстеликтер тургузулган. Жеңил, тамак-аш, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, кеме куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Лаваль университети, китепканалар, улуттук музей, театр бар. Жыл сайын кино ж-а театр фестивалдары, карнавалдар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн (жылына 6 млн турист келет).