КАСТАЛАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАСТАЛАР</b> (португалча casta – уруу, укум-ту­кум, тек) – 1) кишилердин өз алдынча обочоло­нуп жашаган топтору. | <b type='title'>КАСТАЛАР</b> (португалча casta – уруу, укум-ту­кум, тек) – 1) кишилердин өз алдынча обочоло­нуп жашаган топтору. Касталардын кесиби, укугу, коомдогу орду укумдан тукумга өзгөрбөй өтүп турат. Касталар арасында бир кастадан экинчисине өтүү, кыз алышып беришүү сыяктуу иштер бол­бойт. Ар бир каста өзүнүн салт-адатын, мыйзам­дарын, мурасталган укуктарын ж-а кесипчили­гин бек кармоого тырышат. Касталар эмгектин коом­дук бөлүнүшүнөн улам чыккан. Алар байыркы ж-а орто кылымдагы эле бир катар мамлекеттер­де болуп, асыресе Индияда катуу өөрчүгөн ж-а узакка сакталган. Орто кылымдагы Индияда касталар коомдун мурдагы варндарга бөлүнүшүн алмаш­тырып, феодалдык коомдун иерархиялык түзүлүшүнүн негизине айланган. Алардын коом­догу укугу феодалдык-иерархиялык шатыдагы өзүлөрүнүн алган ордуна жараша аныкталган. Касталар башында брахмандар ж-а кшатрийлер (рад­жпуттар) касталары, алардан соң сүткор касталары, булар­дан кийин дыйкандар ж-а кол өнөрчүлөр касталары, эң акырында жарым кул ж-а жарым крепост­нойлор касталарынан турган. Кийинкилер көп санда­ган «ыйыктар» касталарына кирген. Ар бир кастаны экономика ж-а коомдук иштер боюнча кеңешме­лер башкарып турган. Индиядагы мындай кас­талык түзүлүш алгачкы орто кылымда эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кайчы келип, ка­питалисттик мамилелердин өнүгүшүнөн улам кол өнөрчүлүктү уюштуруу формасы катары касталар өз маанисин жогото баштаган. Анткен м-н К. 20-кылымга чейин сакталып кала берген. Англиялык колониячылар Индиядагы касталык түзүлүштү «бөл да, деген саясатын жүзөгө ашыруу үчүн пайда­ланган. Индиядагы улуттук-боштондук кыймы­лын жетектеген М. К. Ганди касталык дискрими­нацияга каршы чыгып, касталардын биригүүсүн та­лап кылган. Индия Республикасынын 1950-жылы күчүнө кирген конституциясы боюнча касталардын тең укуктуу­лугу ж-а «ыйыктардын» толук укуктуулугу та­анылган. Касталар Индияда саясий күрөштөрдө кол­донулат. | ||
өтүү, кыз алышып беришүү сыяктуу иштер бол­бойт. Ар бир каста өзүнүн салт-адатын, мыйзам­дарын, мурасталган укуктарын ж-а кесипчили­гин бек кармоого тырышат. | |||
өзүлөрүнүн алган ордуна жараша аныкталган. | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
09:49, 8 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАСТАЛАР (португалча casta – уруу, укум-тукум, тек) – 1) кишилердин өз алдынча обочолонуп жашаган топтору. Касталардын кесиби, укугу, коомдогу орду укумдан тукумга өзгөрбөй өтүп турат. Касталар арасында бир кастадан экинчисине өтүү, кыз алышып беришүү сыяктуу иштер болбойт. Ар бир каста өзүнүн салт-адатын, мыйзамдарын, мурасталган укуктарын ж-а кесипчилигин бек кармоого тырышат. Касталар эмгектин коомдук бөлүнүшүнөн улам чыккан. Алар байыркы ж-а орто кылымдагы эле бир катар мамлекеттерде болуп, асыресе Индияда катуу өөрчүгөн ж-а узакка сакталган. Орто кылымдагы Индияда касталар коомдун мурдагы варндарга бөлүнүшүн алмаштырып, феодалдык коомдун иерархиялык түзүлүшүнүн негизине айланган. Алардын коомдогу укугу феодалдык-иерархиялык шатыдагы өзүлөрүнүн алган ордуна жараша аныкталган. Касталар башында брахмандар ж-а кшатрийлер (раджпуттар) касталары, алардан соң сүткор касталары, булардан кийин дыйкандар ж-а кол өнөрчүлөр касталары, эң акырында жарым кул ж-а жарым крепостнойлор касталарынан турган. Кийинкилер көп сандаган «ыйыктар» касталарына кирген. Ар бир кастаны экономика ж-а коомдук иштер боюнча кеңешмелер башкарып турган. Индиядагы мындай касталык түзүлүш алгачкы орто кылымда эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кайчы келип, капиталисттик мамилелердин өнүгүшүнөн улам кол өнөрчүлүктү уюштуруу формасы катары касталар өз маанисин жогото баштаган. Анткен м-н К. 20-кылымга чейин сакталып кала берген. Англиялык колониячылар Индиядагы касталык түзүлүштү «бөл да, деген саясатын жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланган. Индиядагы улуттук-боштондук кыймылын жетектеген М. К. Ганди касталык дискриминацияга каршы чыгып, касталардын биригүүсүн талап кылган. Индия Республикасынын 1950-жылы күчүнө кирген конституциясы боюнча касталардын тең укуктуулугу ж-а «ыйыктардын» толук укуктуулугу таанылган. Касталар Индияда саясий күрөштөрдө колдонулат.